Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Балбан кыз эки жылга шарттуу кесилди


Айсулуу Тыныбекова Лондон олимпиадасы алдындагы машыгууларда.
Айсулуу Тыныбекова Лондон олимпиадасы алдындагы машыгууларда.

6-декабрда Бишкектин Ленин райондук соту Лондон олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекованы 2 жылга шарттуу эркинен ажыратты

Лондон олимпиадасынын катышуучусу, эркин күрөш боюнча спорт чебери Айсулуу Тыныбекова менен кошо балбан кыз Розалия Тилегенова да соттук суракка тартылган. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошеванын айтымында, мамлекеттик айыптоочу Айсулуу Тыныбекованы соттон 4 жылга эркинен ажыратууну суранган. Ленин райондук соту Тыныбекованы 2 жылга, Тилегенованы 1 жылга шарттуу эркинен ажыраткан чечим чыгарды. Чечимге нааразы болгон тараптар шаардык сотко арыз менен кайрылса болот.

Кыргыз кыздарынан биринчи жолу эркин күрөш боюнча Лондон олимпиадасына катышкан Тыныбековага быйыл апрель айында “бейбаштык кылды” деп кылмыш иши козголгон. Балбан кыз курбусу Розалия Тилегенова менен 17 жаштагы Бишкектин тургуну Ясмин Нурдин кызын сабап, анын денесине залал келтирген деп күнөөлөнгөн.

Айсулуу Тыныбекова сот чечими бир тараптуу болуп калды деп эсептейт:

- Чак түштө көчөдөн 3 кыз, 2 бала тийишти. Ал жерден тиги кыз менен кичине эле жулмалашканбыз. Сабаган эмесмин. Алар айткандай 5-6 мүнөт сабасам, жанындагы 2 бала, 2 кыз карап турмак беле. Эгерде сабасам, анда бир мүнөттө эле мунжу кылып салмакмын. Алар сабабасам деле жок жерден жалаа жаап, сотко берди. Көп тоскоолдук жаратышты. Сот иштеринен улам канча машыгуу, канча жыйынды калтырдым. Мен соттук териштирүүлөрдүн айынан Лондон олимпиадасына жакшы даярдык көрбөй калдым. Сотто бир жактуу чечим чыгып калды.

Бирде прокурор, кээде адвокат ар кандай себептер менен сотко келбей, бул иш улам жылып отуруп, 8 айга созулду.

Лондон олимпиадасынын алдында Ленин райондук соту бул ишти Айсулуу Тынбекова олимпиадалык оюндарга катышып келгенден кийин кароо чечимин чыгарган. Бул чечимге жабыр тарткан тарап нааразылыгын билдирип, Лондон олимпиадасына жибербөөнү, ал турсун балбан кыздарды улуттук курама команданын катарынан чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.

Нурдин кызы Ясминдин апасы Нуриля Кочкорбаеванын айтымында, уруп-сабоодон кийин кызынын мурду сынып, мээси чайкалып 10 күн ооруканада дарыланып чыккан. Ошондуктан Ленин райондук соттун чечимине алар ыраазы.

Балбан кыздын устаты Нурбек Изабековдун пикиринде болсо, сот иши спортчунун машыгуусун үзгүлтүккө учуратып, чеберчилигине доо кетирди.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун пикиринде, бул окуя башка спортчулар үчүн чоң сабак болду.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтоназаров Ленин райондук сотунун чечимине нааразы экенин билдирип, муну балбан кызды моралдык жактан сындыруу катары баалады.

Ленин райондук сотунун чечимине ылайык Тыныбекова 2012-жылдын июль айынын аягынан августун ортосуна чейин Лондон Олимпиадасына катышкандыгына байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулган.

Айсулуу Тыныбекова мындан ары эл аралык мелдештерге, Азия, дүйнө чемпионаттарына, 17-Азия оюндарына катышпай калышы мүмкүн деп спорт коомчулугу да кабатыр. Себеби шарттуу соттолгон спортчуга айрым чет өлкөлөрдүн элчиликтери виза бербей коюшу да ыктымал.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG