Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Аскердеги чатак: күнөө кимде?


8-декабарда Бишкектеги аскер бөлүгүнөн качкан 15 жоокер кайра бөлүккө кайтып келишти, 9-декабрь, 2011.
8-декабарда Бишкектеги аскер бөлүгүнөн качкан 15 жоокер кайра бөлүккө кайтып келишти, 9-декабрь, 2011.

Өткөн аптада аскер бөлүгүн таштай качкан жоокерлердин ата-энелери иликтөө иштери калыс жүрбөй жатканына нааразы.

Алар жоокерлерди качууга аргасыз кылган офицерлерди кылмыш жообуна тартууну талап кылышты. Аскер прокуратурасы болсо күнөөсү далилденсе, ата-энелер доо коюп жаткан офицерлер эле эмес, качкан аскерлер да жоопко тартылышы ыктымал экенин эскертти. Коргоо министрлиги буга чейин аскерлердин качышы боюнча бир нече кылмыш иши козголуп, териштирилип жаткандыгын билдирген.


Иликтөө ишине ичи чыкпаган ата-энелер


Коргоо министрлигине караштуу №41069 аскер бөлүгүнүн офицерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып жаткан ата-энелердин бири Шайлообек Мурзалиев атайын уюштурулган маалымат жыйынында буларды билдирди.

- Жоокерлерди шылдыңдап, сабашкан. Бир жагына жаңы келгендерди, бир жагына улууларын тизип алып, мушташтырышкан. Азыркы учурда бөйрөгүнөн, белинен, башынан жаракат алып, ооруп жатышат. Биз ишенип жибергенбиз да балдарыбызды. Ушуга жеткиргенден кийин офицерлер аларга жооп бериши керек.

8-декабрда №41069 аскер бөлүгүнөн 15 жоокер качып кетип, эртеси кайра келишкен болчу. Алар аталган бөлүктүн офицерлери сабап, ыдык көрсөткөндөн улам качууга аргасыз болгонун билдиришкен. Бирок Коргоо министрлиги жоокерлер өздөрүнө кийинки, аскерге күздө чакырылган балдарды уруп-сабаган, аны жетекчилик билип калгандан кийин качууга аргасыз болгонун айткан.
Жоокерлерди шылдыңдап, сабашкан. Бир жагына жаңы келгендерди, бир жагына улууларын тизип алып, мушташтырышкан.


Ага ылайык, Аскер прокуратурасы жоокерлерге өзүнөн кийинки балдарды ургандыгы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бирок жоокерлердин биринин энеси Гүлмира Исмаилова буга макул эмес.

- Биздин балдарыбызга жалаа жаап жатат. Коргоо министринин орун басары балдарыңарды алып келгиле, эч нерсе болбойт деп убада берген. Балдар бир күндөн кийин аскер бөлүгүнө кайтып келишкен. Келгенден кийин кайра эки берене боюнча кылмыш ишин козгоп жатат. Биз ошон үчүн кайрылуу жасап жатабыз. Өкмөт биздин ишибизди чечип берсин.

Ошондой эле ата-энелер Аскер прокуратурасы жүргүзүп жаткан иликтөө иштерине ишенбөөчүлүк билдирүүдө. Алардын айтымында, балдарынын уруп-сабалганы анык болуп турса да, аскер госпиталы жоокерлердин дени-карды соо деп тыянак чыгарган. Андыктан көз карандысыз медициналык экспертиза жүргүзүү талабын айтышууда. Буга чейин адам укугун коргоо уюмдары да качкан жоокерлердин денесинде уруп-сабоонун белгилери бар экенин айткан болчу.


Баарына кылмыш иши козголду


Нааразы болгон ата-энелерге жооп иретинде кечээ түштөн кийин Коргоо министрлиги жана Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы да биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Куралдуу күчтөрдүн штаб башчысы, Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев аталган аскер бөлүгүндөгү бардык офицерлер жогорку административдик жазага кириптер болушканын маалымдады. Өмүралиевдин айтымында, аскер бөлүгүндөгү жаңжал анын жоюлуп, кайра түзүлүшүн да шарттап жатыптыр.

Бишкек гарнизондук аскер прокурору Игорь Павлючков аталган аскер бөлүгүнүн офицерлерине да, өзүнөн кийинки балдарды урду деген шек менен качып кеткен жоокерлерге да кылмыш иши козголгонун айтты.

- Биздин офицерлерге кылмыш ишин козгогонубузга үч гана күн болду. Азыр бизде иликтөө-иштери, суракка алуулар, соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Алардын жыйынтыгына карап, анан биз тыянак чыгарабыз. Азыр жоокерлердин ата-энелери “офицерлерди камакка алгыла, жоопко тарткыла” деп талап кылышууда. Бирок азыр биз анте албайбыз. Анткени, азырынча иштин жалпы жагдайы аныктала элек.

Прокурордун айтымында, офицерлердин күнөөсү далилденсе, 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошол эле кезде качып кайра келген жоокерлердин өздөрүнө кийин аскерге келген балдарды урганы аныкталса, алар да кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

XS
SM
MD
LG