Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Сим-карталар каттоого алына баштайт


Ушул айдын сегизинен тарта Кыргызстанда уюлдук телефондорго сим-карталарды паспорт менен гана сатып алуу мүмкүн болот.

Өкмөттүн жаңы кабыл алган токтомуна ылайык, оператор менен сатып алуучунун ортосунда келишим түзүлөт. Адистер муну менен коопсуздукту алдын алуу жакшырып, кылмыштуулук кыйла кыскараарына үмүт кылышууда. Айрымдары Кыргызстандагы уюлдук компаниялар бул өзгөрүүгө даяр эместигин белгилешүүдө.

Жаңы эреженин ыңгайлуу жана ыңгайсыз жактары

Өкмөттүн “Зымсыз радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому 8-марттан тартып күчүнө кирет. Ага ылайык, байланыш оператору абонент менен келишим түзүүгө милдеттүү. Бул келишимде оператордун да, абоненттин да укуктары жана милдеттери так көрсөтүлөт.

Мамлекеттик байланыш агенттиги жаңы тартипте бир катар ыңгайлуу шарттар бар экенин белгилөөдө. Мисалы, башка номерге акча жүктөп алган учурда абонент 24 сааттын ичинде аны өз номерине которуп ала алат. Сим-картаны жоготуп алган учурда тейлөө пунктуна кайрылып, келишим түзүп жатканда учурда айткан жашыруун сөздүн жардамы менен номерге бөгөт коё алат. Номерди алмаштырып берүүдө эч кандай кошумча төлөм акы алынбайт.

Уюлдук телефондорго сим-картаны паспорт менен сатып алуу демилгеси Кыргызстанда эки жылдан ашуун убактан бери көтөрүлүп келатат. Адистер муну менен коопсуздукту алдын алуу жакшырып, кылмыштуулук кыйла кыскарат деп үмүт кылышууда.

"Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук бирикмесинин жетекчиси Татту Мамбеталиева бул эреженин өзүн колдогону менен ар бир сим-картаны бир телефонго гана байлоо тартиби ыңгайсыздыкты жаратышы ыктымал дейт.

- Колдонуп жүргөн сим-картаны башка телефонго салыш үчүн кайра каттоодон өтүш керек болот. Ошонусу туура эмес болууда. Бул процессти бири-бирине кошпой турса жакшы болот эле. Мыйзам боюнча бир сим-картаны бир гана телефонго кошуп атат.

Кыргызстанда уурдоо фактыларынын көбү мобилдик телефондорго байланыштуу. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов сим-картага байланыштуу жаңы токтом кылмыштардын бетин ачууга жеңилдик берет деп эсептейт:

- Биз бул демилгени эки жыл мурда эле көтөргөнбүз. Бул бир топ кылмыштардын бетин ачууга жардам берет. Уюлдук телефондордун жоголушуна байланыштуу кылмыштар бир топ кыскарат деген ойдобуз. Азыр ал аркылуу ар кандай кылмыштар жасалып жатканына да күбө болуп жатабыз. Ошондуктан сим-карталарды персонификациялоо кылмыштарды бетин ачуу эле эмес, алдын алууга да жардамы тиет деп ишенебиз.

Кимге пайда, кимге зыян?

Анткен менен Кыргызстандагы айрым ишкерлер бул токтом уюлдук компания жана алардын кардарларына тоскоолдуктарды жаратат деген пикирде.

“Мегаком” уюлдук операторунун мурдагы жетекчилеринин бири Илим Карыпбековдун айтымында, азыр уюлдук компаниялар мындай өзгөрүшкө даяр эмес. Аларга ушул кезге чейин дүкөндөргө жана жарандарга сатылып кеткен сим-карталарды каттоо маселе жаратышы мүмкүн.

- Жаңы эреженин зыяны бир гана мобилдик компанияларга гана болушу мүмкүн. Анткени алар сим-карталарды өздөрү каалагандай, кенен сатып жатышкан. Бул сим-карталардын баасына деле көп таасирин тийгизбейт жана бир адам ушунча сим-карта ала алат деген чектөө да болбойт. Болгон чоң маселе - элдин колундагы сим-карталарды каттоо. Себеби жарандардын басымдуу бөлүгү жоопкерчиликтүү деп айтуу кыйын. Адамдар өздөрү жооптуу болуп барышы керек, көбү барбайт. Андай шартта мобилдик компаниялар байланышты өчүрүүгө барышы ыктымал. Талаш-тартыш ошондо чыгышы мүмкүн. Бирок бул деле убактылуу, бара-бара жолго салынат деп ойлойм.

Азырынча уюлдук операторлордун айрым кызматкерлери, сим-карталарды саткан дүкөндөрдүн сатуучулары жаңы тартип боюнча маалымат ала элек.

Мобилдик компаниялардын биринде иштеген Бакыт Баялиевдин айтымында, азырынча бул эреже кандай ишке ашаары тууралуу жол-жоболор да иштелип чыга элек.

- Биз өзүбүз деле маалымат булактардан окудук. Биздин мекемеде деле бул тууралуу маалымат таратылган, айтылган жок. Аны колдонуунун жол-жобосу иштелип чыга элек. Биздин жетекчибиз деле бул кандай чечилерин азырынча билбей турат. Айылдардагы дүкөндөрдө канчалаган сим-карта бар, аларды каттай турган эч бир бөлүм жок.

Сим-картаны паспорт менен сатуу тартиби бир катар мамлекеттерде бар. Кошуна өлкөлөрдөн Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанда бул эреже бир топ жылдан бери колдонулат.

XS
SM
MD
LG