Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Нурдинов: Базар-Коргондо төрт окуучу камакка алынды


Малик Нурдинов, Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчиси.
Малик Нурдинов, Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчиси.

Базар-Коргондун Кызыл-Үңкүр айылында мектеп окуучуларынын ортосунда чыккан мушташ бир баланын өмүрүн алды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Базар-Коргон менен Чаткалдагы окуялар тууралуу түшүндүрмө берди.

“Азаттык”: Базар-Коргондо окуучулар арасындагы жапырт мушташ чыгып, бир бала каза болгон экен. Ушул тууралуу маалымат бересизби?

Малик Нурдинов: Массалык деп жүздөй, эки жүздөй адам катышкан учурду айтса болот. Муну башкача атасак туура болот эле, анткени бул бир айылдын, бир көчөнүн, кошуналардын эле балдары.

Базар-Коргондун Кызыл-Үңкүр деген тоолуу айылы бар. Айылдагы Садыр Ташиев атындагы орто мектепте 11-класстын балдары 10-класстын балдарына "биз келатканда колуңарды көкүрөгүнөргө коюп учурашкыла”, дегендей тарбиялык иштерди жүргүзүп жүрүшкөн экен. Анан мурдагы күнү 10-класстын 12 баласын 11-класстын 12-13 баласы сайдын боюна чакырат. Булар барат. Өлгөн баланы эч ким деле чакырган эмес экен, анын уюкфону деле болгон эмес. Ал жөн эле кошулуп барган. Чоң класстын балдары “жакшына болгула, биз менен ийилип учурашкыла колуңарды берип”, - деп 11-класстын төрт баласы кичүү класстын балдарын көкүрөккө уруп чыгат. Каза болгон бала муштумду күтпөй калганбы, айтор анын кабыргасын сындыра урушат.

Алдын ала маалымат боюнча, анын ичинен кан агып, ооруканага келгенде жан берген. Биз “топтошуп алып киши өлтүрүү” деген берене менен кылмыш иш козгодук. Азыркы күндө төрт бала камакка алынды. Иш объективдүү тергелиши үчүн мен кылмыш ишти районго эмес, облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөсүнө алдырдым.

Ушуну менен эле катар райондук милицияда өспүрүмдөр менен иштеген жана башка жооптуу кызматкерлерге бул окуянын алдын алган эмес деп кызматтык иликтөө жүргүзүп жатабыз.

Бүгүн каза болгон баланы жерге беришет. Кечээ райондун акими, жергиликтүү тартип коргоо органдарынын жетекчилери барып, эл менен чогулуш өткөрдү. Азыр мындай окуяларды мындан ары болтурбоо үчүн алдын ала аракеттер көрүлүүдө. Облустук администрация да азыр өздөрүнүн кызматтык иликтөөсүн жүргүзүп жатат.

Бул окуя өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, аны тыюу боюнча жергиликтүү бийлик, мугалимдер, айылдагы кадыр-барктуу адамдар жана милиция болуп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин болуп жатат.

“Азаттык”: Мектептерде чоң класстын окуучуларынын кичүүлөргө үстөмдүк кылганы кеңири жайылган көрүнүшпү?

Малик Нурдинов: Эми мисалы биз окуп жүргөн кезде деле чоңураак класстын балдары чоңураак экенин баары бир билдирип турчу. Маселен ашканада алар биринчи кезекке туруп, спортто деле топту алар биринчи уруп, эми мындайлар бар да... Бирок мурун уруп-соккон болчу эмес. Какыс-кукус кылабыз деп атып күчтү туура эсептебей калганбы, айтор ашыра катуу уруп, кырсык болуп каза болуп калыптыр. Эми ушул окуянын күнөөкөрлөрү мыйзам чегинде жооп берет.

Чаткалга кошумча күч жөнөтүлгөн жок

“Азаттык”: Буга чейин Чаткалда жергиликтүү эл аймактагы кен иштеткен компанияларга жолду оңдоп берүү талабы менен чыгып жатканы, милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жагдайды көзөмөлдөп турганы маалымдалды эле. Бүгүнкү кырдаалды айтып бересизби? Милиция Чаткалдын Жаңы-Базар айылына кошумча күч жөнөттү деген маалымат тарап кетти:

Алтын кен компанияларына чаткалдыктар буга чейин да нааразы болуп келген. Чаткалдын Кызыл-Токой айылы, 18-октябрь, 2011.
Алтын кен компанияларына чаткалдыктар буга чейин да нааразы болуп келген. Чаткалдын Кызыл-Токой айылы, 18-октябрь, 2011.
Малик Нурдинов: Милиция кошумча күчтү окуя болгон биринчи күндөн тарта эле жөнөткөн эмес. Ал жердеги кырдаал жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн көзөмөлүндө эле турат. 9-10-сентябрь күндөрү жол тосуп кен иштеткен фирманын унааларын өткөзбөй жатат деген маалымат келбеди беле, аны сүйлөшүп чечкенбиз.

Чынын айтканда, милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл менен чогуу болуп жатат. Элдин талабы деле бир жагынан туура. Себеби ошол жерде кен иштеткен ишканалар жаңы иштей баштаганда жол куруп беребиз деп, бирок убадасын толук аткарбай 15 эле чакырым куруп беришкен экен.

Чоң жүк жүктөгөн машиналар айылды аралап өтүп үйлөр, көпүрөлөр жарака кетип, жол чөгүп, жамгыр жааса ылайланып кыйынчылыктар бар экен. Фирмалар муну түшүнүп 10-11-сентябрь күндөрү жыйын өткөрүп, жергиликтүү эл, бийлик жана беш фирманын, тарип коргоо органдарынын, прокуратуранын өкүлдөрү катышкан. Анда ар бир фирма жардам берсин, башында жолго шагыл төккөнгө чоң унаалар керек деп, элдер комбинатка чейин барып, фирманын ээлери унааларын өз ыктыяры менен эле айдоочулары менен берип атат. Бүгүнкү күндө райондун борборунда 30 жүк жүктөгөн унаа токтоп турат.

Кечээ кечинде кайра чогулуш болуп, шагыл төгүлгөндөн кийин аны ким түздөйт деген талкуу болду. Анан фирмалар “Интер Групптун” жол куруп бере турган “Чилнур” деген субподрядчиктери бар. Ошолор менен сүйлөшүп, макулдугун берип каржылап бергени жатат. Учурда беш фирма 80 чакырым жолду 15 чакырымдан кылып бөлүп алып жол куруп берүүгө макул болуп сүйлөшүп жатат.

Азыр ал жерде райондук ички иштер бөлүмүнүн эле кызматкерлери бар. Мыйзамсыз аракеттер болсо түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, дароо эле бөгөт коюп жатабыз. Ошондой эле кыраалга көзөмөл салып туруш үчүн мен өзүмдүн орун басарымды, Мелис Шералиевди эле жөнөттүм. Атайын чара көрүү операциясы жүргүзүлгөн жок, кошумча күч да барган жок. Себеби ага негиз жок. Эл менен жолугуп, сүйлөшүү, түшүндүрүү эле иштер болуп жатат.

Милицияга ушул күнгө чейин кен казган компаниялардан “мени барымтага алды, же болбосо комбинатка кирип унааларды тартып алды, унаамды өткөрбөй койду”, деген сыяктуу мыйзам бузуулар тууралуу эч ким расмий түрдө кайрылган жок. Ал жактагы кырдаал көзөмөлдө.

Ушу тушта, жергиликтүү эл, бийлик, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү, фирманын өкүлдөрү болуп дагы сүйлөшүп жатат.

“Азаттык”: Демек элдин маанайы тынч, агрессивдүү эмес, эки тарап ымалага келген турбайбы?

Малик Нурдинов: Агрессивдүү эмес, тынч деп кандайча баа берилерин билбейм. Биз мыйзам бузуу жагынан баа беребиз. Азыр эч кандай мыйзам бузуу аракеттер жок.

XS
SM
MD
LG