Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Текебаев: Садыркулов эл алдында күнөөсүн жойгусу келген


Өмүрбек Текебаев Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу тергөө ишинде Казакстандын полициясына күбө катары суралып чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Казакстандын Кордой району, 2010-жылдын 25-марты. (GA, "Азаттык")
Өмүрбек Текебаев Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу тергөө ишинде Казакстандын полициясына күбө катары суралып чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Казакстандын Кордой району, 2010-жылдын 25-марты. (GA, "Азаттык")

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Садыркулов менен Павлюктун өлүмүнүн айрым өңүттөрүнө байланыштуу суроолорго жооп берди.

"Азаттык": Өмүрбек мырза, cизди коомчулукта айтып жүрүшөт Садыркулов менен мамилеси абдан жакшы болгон деп. Сиз Садыркулов менен акыркы жолу качан жолугуштуңуз эле?
Садыркулов Кыргызстандагы оппозициялык бийликти сырттан колдойбуз деп барып, Алматыдан бир нече өлкөнүн таасирдүү фигуралары менен жолугуп, колдоо таап келген...

Өмүрбек Текебаев: Мен мамилем жакшы болгон деп айта албайм. Садыркулов менен ал кызматтан кеткенден кийин бир нече жолу жолуккам. Акыркы жолу ошол 2009-жылдын 6-7-мартында жолуккам. Ал жакында Алматыга барып, чоң маселени чечип келе тургандыгын айтып кеткен. Биз 12-март күнү Алматыда жүргөндө телефондон байланышып, жумуш кандай бүткөнүн, Кыргызстанга качан чыгаарын күндүз кызыгып сүйлөшүп турдук.

"Азаттык": Жумушу кандай бүтүптүр?

Өмүрбек Текебаев: "Жумуш жакшы бүттү, баары жайында болот, биз барып калабыз", деди. Ал Кыргызстандагы оппозициялык бийликти сырттан колдойбуз деп барып, ал жерден бир нече өлкөнүн таасирдүү фигуралары менен жолугуп, колдоо таап келген. Ошону ал бул жерге келип жарыяламак.

Медет Садыркуловдун жаназасы, 2009-жылдын 12-апрели.
Медет Садыркуловдун жаназасы, 2009-жылдын 12-апрели.
"Азаттык": Сиз менен Садыркулов ачык-айрым сүйлөшчү беле? Ал жерде каржы маселеси жөнүндө дагы көп аңыз кептер жүрүп атат. Ал каражат аз акча эмес экен?

Өмүрбек Текебаев: Биз каржы маселеси жөнүндө сүйлөшкөнүбүз жок, биз саясий өнөктөштүк жөнүндө гана сөз кылганбыз.

Мен биринчи жолу февралда «Хаят» мейманканасында Садыркулов менен жолуктум, ал "Ата Мекен" партиясы уткан, биз "Ак жолду" зордоп өткөргөнбүз, мен Бакиевдин үй-бүлөсүн күчөттүм, мен чын дилимден жеке бийлик болсо, бийлик бир колдо болсо Кыргызстан үчүн жакшы болот деп ойлогом. Көрсө андай болбойт экен. Мен өзүм кетирген кемчилигимди, кыргыз элинин алдында күнөөмдү жойгум келет. Ал үчүн мен Бакиевдерди кызматтан кетирип, жаңы демократиялык системага өз салымымды кошушум керек. Мен иштеп калдым Бакиевдин убагында, сырттан, Кыргызстандын ичинде таасирдүү тааныштар, жоро-жолдоштор бар”, - деп бир нече облустук милициянын башчылары, бир нече губернаторлорду жана министрлерди айтты.

Ошол кездеги "Ак жол" фракциясынын 14 депутаты мени колдойт деп, ал Алматыдан келгенден кийин расмий билдирүү жасап, аны бир нече губернатор, чоң милиция чиндери, депутаттар колдоп чыгышмак. Бул өлкөдөгү кырдаалды кескин өзгөртөт болчу.
Медет Садыркулов төңкөрүш жолу менен эмес, тынчтык, мыйзамда көрсөтүлгөн ыкмалар менен бийликке таасир этип, алардын ыктыярдуу түрдө отставкага кетишин көздөгөн...

"Азаттык": Садыркулов өзү эмнени каалаган, төңкөрүштү каалаганбы, кандай жол менен бийликти алмаштыргысы келген? Себеби «Кандуу жол» деген китепте айтылгандай, негизги өлгөн каарманды генерал кыйнап, сен төңкөрүш жасаган аткансың деп атат. Чын эле төңкөрүш жолу менен бийликти алуу максаты бар беле?

Өмүрбек Текебаев: Төңкөрүш жолу менен эмес, тынчтык, мыйзамда көрсөтүлгөн ыкмалар менен бийликке таасир этип, аларды ыктыярдуу түрдө отставкага кетишин көздөгөн. Өзүңүз билесиз, оппозиция март айына чоң митинг жарыялаган болчу. Эгерде Садыркулов аман-эсен келип, өзүнүн билдирүүсүн жасап, аны бир нече губернаторлор, бир нече генералдар, депутаттар, министрлер ачык колдоп чыкса, чет жактан таасирдүү саясий фигуралардын жана институттардын колдоосу болсо, эл аралык деңгээлде Бакиевге тынч митингге курал колдонбо, демократиялык агымды баспа деп эскертүүлөр боло турган болсо, бул саясий кырдаалды кескин түрдө өзгөртүп, Бакиевди тынчтык жолу өз ыктыяры менен бийликтен кетишине шарт түзмөк деп ойлойм. Ошондой коркунучту Бакиевдер билип туруп Садыркуловду өлтүрүүнү туура табышкан.

"Азаттык": Бир топ маалымат каражаттарынан окуп калдым, Садыркуловду өлтүрүүнү уюштурду деп шектелгендердин айрымдары тобу менен мамлекеттик кызматтарда жүрүшөт деп айтыптырсыз. Ушундай туюк билдирүүңүздүн артында эмне бар, ачыктай аласызбы?
Ушинтип бакиевдик клан акырындап жылчык таап, кайрадан адам өлтүргөн, адамдын кулагын кескен, ууландырган, бууп өлтүргөн, куугунтуктаган, сабаган адамдар өзүнүн саясаты менен Кыргызстанга акырындап кайтып келе баштады...

Өмүрбек Текебаев: Мен 13-март күнү эле бакиевдик клан Садыркуловдун өлүмүнө себепкер, Садыркулов саясий буйрутманын курмандыгы болду деп ошондо эле жарыяланган. Азыр бир топ адамдар кыйыр түрүндө, бир тобу түз түрүндө Садыркуловду өлтүргөнгө тиешеси бар экендиги далилденди. Алардын ичинде милициялык чиндер дагы бар. Алар апрель окуясынан кийин жумуштан кеткени менен кийинчерээк соттон утуп келип, кайра чоң кызматтарына отурган, түздөн-түз өлтүргөн адамдар. Аларды эмне үчүн кызматка койбой атасың деп кээ бир депутаттар министрди Жогорку Кеңешке чакырып, кысмакка алып, сен соттун чечимин укпайсың деп жакалаганына чейин барганын көргөнбүз.

"Азаттык": Кайсы депутаттар, азыркы депутаттарбы?

Өмүрбек Текебаев: Ооба, азыркы депутаттар. Көңүл буруп карагандар ким экендигин билет. Ушинтип бакиевдик клан акырындап жылчык таап кирип, кайрадан адам өлтүргөн, адамдын кулагын кескен, ууландырган, бууп өлтүргөн, куугунтуктаган, сабаган адамдар өзүнүн саясаты менен Кыргызстанга акырындап кайтып келе баштады. Кайтып гана келе баштабастан, элден колдоо таап, президент болобуз, эски системаны кайра алып келебиз, системаны гана эмес Бакиевдин өзүн да кайра алып келебиз деп күпүлдөп атышат. Мына ушунун өзү, тилекке каршы, кыргыз эли тарыхый ачуу сабактан кээде жыйынтык чыгара албагандыгын көрсөтүп турат.

"Азаттык": Сиз тартип коргоо органдарына көрсөтмө берүүгө даярсызбы, алар буга чейин Садыркуловдун иши боюнча сизди чакырдыбы?

Өмүрбек Текебаев: 2009-жылы мартта Бакиевдин убагында мен көрсөтмө бергем, буга Жаныш Бакиевдин тиешеси бар деп айткам.

"Азаттык": Азыркы жаңы кайра козголгон иш боюнча чакырган жокпу?

Павлюктун өлүмү боюнча айыпталган Алдаяр Исманкулов адвокаты Светлана Мурзина менен сот өкүмүнүн алдында, Алматы, 2011-жылдын 11-октябры.
Павлюктун өлүмү боюнча айыпталган Алдаяр Исманкулов адвокаты Светлана Мурзина менен сот өкүмүнүн алдында, Алматы, 2011-жылдын 11-октябры.
Өмүрбек Текебаев: Азыр мени чакырган жок, менин зарылдыгым жок, анткени тиешелүү далилдер, ондогон адамдар кармалып, түздөн-түз катышкан адамдар көрсөтмөлөрдү берип жатышат.

"Азаттык": Медет Садыркулов менен Геннадий Павлюктун өлүмүнүн ортосунда кандай байланыш бар. Сиз бул тууралуу да билдиргениңиз бар?

Өмүрбек Текебаев: Cадыркулов өлгөндөн кийин декабрда Геннадий Павлюкту өлтүрүп кетишти. Аны бүгүн ким өлтүргөңдүгү тастыкталды, Алдаяр Исманкулов, Максим Бакиевдин жаңы досу, ошол кездеги физкультура институтунун Ким деген ректорунун баласы, Бакиев аны жеке колдоп жүргөн.

2006-жылы парламент карап, Алдаяр Исманкуловдун бир нече ишке шектүү экендигин тастыктап, анын камалышы жөнүндө чечим чыгарганда, Бакиев жеке парламентке келип, силер өзүңөр сот, өзүңөр тергөөчү болуп кеттиңер деп парламентти коркутканга чейин барган. Мына ошондуктан мен Исманкулов менен Бакиевдин кылмыштуу ниеттери мурунтан эле болгондугун, ал мурун бир нече жолу кылмыш ишине кириптер болуп, жумуштан бошогондугун эске албай, Бакиев аны чоңойтуп отуруп, бир нече бөлүмдүн башчысы кылып дайындады. Аягы киши өлтүрүүгө чейин барышты.

Павлюк «Ата Мекен» партиясы менен биротоло иштеп жаткан, Бакиевдердин режимин кулатууга белсенип киришкен. Анын мага жазган каттары интернет мейкиндигинде тарап жүрөт, "Тилекке каршы Текебаевдин Орусия менен мамилеси солгун, мен Текебаев менен Орусиянын бийлигинин ортосундагы мамилени оңдойм", деп белсенип чыккан. «Ата Мекендин» бийликке жетпей калганынын негизги себептеринин бири - Орусиянын бизге болгон туура эмес мамилесинен болгондугун саясий таануучулар гана эмес, жөнөкөй карапайым эл да билет. Ошол кезде Павлюк биздин кырдаалды оңдоп, мамилени түзөм деп орус тилдүү авторитеттүү журналист катары киришкен болчу. Мына ушул Бакиевдерди коркуткан. Ал көпүрө болуп, Орусия бийлиги менен мамиле түзүп берүү мүмкүнчүлүгү бар деп ойлошуп, Павлюктун көзүн тазалоого чечим чыгарышкан.

Журналист Геннадий Павлюк "Ата Мекендин" лидерлери Өмүрбек Текебаев жана Болот Шер менен.( Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Журналист Геннадий Павлюк "Ата Мекендин" лидерлери Өмүрбек Текебаев жана Болот Шер менен.( Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
"Азаттык": Павлюктун өлүмүнө байланыштуу жакында Алматы соту чечимин чыгарды. Ошол сот чечимине сиз кандай баа берип атасыз?

Өмүрбек Текебаев: Алар болгону ким буйрук бергенин аныктаган жок, буйрук менен өлтүрүлдү деген чечим чыгарып, Алдаяр Исманкуловду 17 жылга кести. Казак бийлигинин милдети - алар ким буйрук берген, ошону тактап коомчулукка айтышы керек деп эсептейм.

"Азаттык": Алдаяр Исманкулов жана анын атасы Ким сотто билдирүү жасап, Текебаевдин билдирүүсүнүн негизинде сот саясий чечим кабыл алды, кылмыш кылды деген далил жок болчу деп айтышты.

Өмүрбек Текебаев: Мен Бишкекте отуруп гезитке айтып койгон сөзүмдүн жыйынтыгын казак соту буйрук катары кабыл алып, чечим чыгарат дегенден алысмын. Менин таасирим Казакстандагы сотко эмес Бишкектеги сотко да жок. Ошондуктан бул жөн эле сөз деп эсептейм.

"Азаттык": Сиз бир нече жолу күбө катары суракта болдуңуз, далилдердин жетиштүүлүгүнө ишендиңизби?

Өмүрбек Текебаев: Жок, анткени менин көрсөтмөлөрүм эч кандай далил болушу мүмкүн эмес, менин көрсөтмөлөрүм версияларды тандоого гана түрткү бермек. Анткени мен өзүмдүн божомолумду гана айткам.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG