Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Түлеевдин миллиондору мамлекетке өтөбү?


Нариман Түлеев сот залында, Бишкектин Ленин райондук соту, 29-июль, 2013.
Нариман Түлеев сот залында, Бишкектин Ленин райондук соту, 29-июль, 2013.

Сот депутатты 11 жылга кесүү менен анын жана жакындарынын байлыгын мамлекетке кайтарууга өкүм кылышы суроо жаратууда.

Учурда Түлеевдин өкүмүнөн да, анын жана жакындарынын байлыгы, аны кандай жол менен мамлекетке кайтаруу жагы көпчүлүктү кызыктырып турган чагы.


Жакындары кошо жаза тартабы?


Бишкектин Ленин райондук соту кечээ Нариман Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен 11 жыл күчөтүлгөн режимге эркинен ажыратты. Сот ошону менен бирге Түлеев менен кошо анын жакын туугандарынын мүлктөрүн да мамлекетке өткөрүүгө өкүм кылды.

Түлеевдин адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев сот бул өкүмү менен мыйзамды одоно бузду деп эсептейт:

- Эч бир мыйзамда минтип жазылган эмес. Эгерде сот бирөөнү күнөөлүү деп тапса, анын жакындары кошо айыпка жыгылсын деген кылмыш жазасы барбы? Мисалы айдоочу бирөөнү сүзүп кетсе, анда анын жубайы, балдары да кошо соттолобу? Биз албетте шаардык сотко даттанабыз.

Сот Нариман Түлеевдин үй-мүлкүн жана бардык банктык эсептерин, өзүнө жана кызына, бир тууганы Нарынбек Түлеевдин атына жазылган “Ак жол” камсыздандыруу компаниясындагы акцияларын мамлекеттин эсебине өткөрүүнү буйруду. Анан сырткары мамлекеттик казынага зыян келтирген делген 60 млн. 670 миң миң сомду мурда кол алдында иштеген беш жетекчи менен чогуу казынага кайтарууга милдеттендирди.


"Наримандын үйү жок..."


Учурда Түлеевдин өкүмүнөн да, анын жана жакындарынын байлыгы, аны кандай жол менен мамлекетке кайтаруу жагы көпчүлүктү кызыктырып турган чагы. Биз Түлеевдин бир тууган иниси Нарынбек Түлеевге кайрылдык:

- Менин да, Нариман Түлеевдин да үйү жок. “Ак жол” камсыздандыруу компаниясынын акциясы да Нариман Түлеевге тиешеси жок, ал анын атасына, мага жана балдарына таандык. Бул эми саясий чечим болду. Биз шаардык сотко, керек болсо эл аралык сотко чейин арызданабыз.

Нарынбек Түлеев өз агасы саясий мүнөздө соттолду деп ишенет. Буга чейин Кытайдан алынып келинген автобустар боюнча бардык документтерди сотто көрсөтүп, Түлеевдин ири суммадагы акча жебегендигин аныктаганбыз дейт.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Түлеевдин соттолушу башка жетекчилер үчүн сабак болуп, чиновниктерди бир топ сестентти деген пикирде. Депутат президенттин коррупцияга каршы күрөшүү аракети акырындык менен натыйжасын көргөзүп жатканын айтат:

- Азыр элдин кыжыры келгени - эмне үчүн бирөөнү жазалайт, бирөөнү жазалабайт, эмне үчүн уурдап жатышат, бирок колунан кармаган эч ким жок деп жатышат. Бирок баары өз убагы менен болот. Бүгүн элдин эсебинен уурдап жаткандар кеч болсо да сөзсүз сотто жооп берет. Түлеевдин окуясы да сабак болду.

Түлеевдин өкүмү боюнча интернетте да түрдүү пикирлер айтылууда. “Түлеевдин бардык күнөөсү далилдүү жана анын акча жегенине ишенсе болот. Кытайдан алып келген сапатсыз автобустары тез эле жарактан чыгып жатат” деп жазышты кээ бир окурмандар. “Шаар үчүн мыкты иштеген Түлеев 11 жылга камалса, анда азыркы чиновниктердин көпчүлүгү өмүр бою эркинен ажыратылышы керек” дегендер да басымдуу.

Бирок көпчүлүктү кызыктырган Түлеевдердин байлыгы тууралуу азырынча эч бир так маалымат жок. Мамлекеттик кадр кызматы Түлеев 2012-жылы абакта отурганына байланыштуу кирешеси тууралуу декларация толтурбаганын айтып, 2011-жылдагы маалыматты берди.

Анда парламент депутаты Нариман Түлеев бир жылда иштеген жайынан 484 миң сом киреше табаары, башка булактардан 7 миллион 737 миң сом кирешеси бар экени жазылган. Ошондой эле анын наамына 1 млн 500 миң сомдук коттедж, 1 млн. 606 миң сомдук батир, 400 миң сомдук жер үй жана 3 млн. 431 миң сомдук акциясы катталган. Декларацияда Түлеевдин жакындарынын жылдык кирешеси 25 млн. 234 миң сом деп көрсөтүлгөн.

Тасмада: Сот өкүмү

Нариман Түлеев 11 жылга кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG