Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Желек тараткандарды милиция кармап кетти


Активист Мүсүралиев милицияга сурак берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

31-август күнү борбордук аянтка кыргыз желегинин сүрөтү түшүрүлгөн кызыл тасма таратуу үчүн барган активисттерди милиция кармап кетип, суракка алды.

Кыргызстандын эгемендик күнүн белгилөө үчүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында чогулган элге жарандык активисттер улуттук желек тартылган кызыл тасманы белекке бере башташкан. Көп өтпөй эле аларды милиция кызматкерлери текшерүүгө алып, машине менен райондук ички иштер кеңсесине жеткирип, суракка алышкан.

Ал тургай бизди алкоголдук ичимдик ичкен деп шектенип, наркологиялык диспансерге да алып барышты дейт активисттердин бири Марат Мүсүралиев:

- Желектин астына чогулаарыбыз менен милиция тасмаларыбызды тартып алды, эки миңге чукул тасмабыз милицияда калды. Беш-алты милиционер бизди машине менен кеңсесине алып жөнөдү. Мен ошол күнү акция өткөрүү тууралуу милицияга билдирүү жазгам, алар аны билмексенге салып коюшту.

Мүсүралиев буга чейин "Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылын жетектеп, түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келген. Ал милиция тартып алган желектерин дагы эле бербей жатканын кошумчалады.

Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов активисттердин кармалышын коопсуздукту сактоо аракети катары баалады:

- Коопсуздук үчүн бардык жарандар текшерилген. Бул активисттер баштыктарын көрсөтүүдөн баш тартышкан, аны милиция ачып караганда Бажы биримдигине каршылык тууралуу тасмалар табылган. Майрам күнү эч кандай акцияга уруксат берилген эмес, ошон үчүн активисттердин баарына эскертүү берилип, анан коё берилди.

Эгемендик майрамында президент Алмазбек Атамбаев Бажы биримдигине кошулууну жактап сүйлөгөн, ошол себептүү бул биримдикке кошулууга каршы активисттерден милиция чочулады окшойт дешет кармалгандар.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова соңку учурда тынч митингге чогулган жарандарды милиция кармап кеткен окуялар көп катталып жатканына кейиди:

- Милициянын соңку кадамдары Баш мыйзамды бузуп жатат. Адамдарды такыр пикир айттырбаса алар радикалдуу кадамдарга бара баштайт. Тынч пикеттер - бул таза коомдун инструменти. Муну милиция такыр түшүнбөйт. Милицияга реформа керек, булар “караларды” кармабайбы, анын ордуна тынч жарандарды кармабай.

Буга чейин да Бишкекте тынч жыйынга чогулган “Тезекпром”, “Шералынын чокойу” сыяктуу флешмоб акциясынын катышуучуларын милиция күч менен тараткан эле. 31-августта жөн гана кыргыз желегин жарандардын колдоруна байлап, майрамы менен куттуктаганы келген активисттерди кармап, суракка алышы милициянын олдоксон кадамы катары бааланууда. Бул окуяны интернетте “милиция Кыргызстандын желегинен эмне мынча коркту” деп шакабалап жазгандар да көп болду.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG