Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Тергөө абагындагы табышмактуу өлүм


УКМКнын тергөө абагында муунуп өлдү делген Айбек Эшбаев
УКМКнын тергөө абагында муунуп өлдү делген Айбек Эшбаев

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында өз жанына кол салды делген МАИ кызматкеринин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратура бул окуяга тергөө абагынын кызматкерлеринин шалаакылыгы себеп болгонун билдирүүдө. Ал арада маркумдун жакындары табышмактуу өлүм боюнча күмөн суроолору көп экенин айтышып, анын себебин биле албай убара.

Акча талап кылган деген айып менен УКМКнын тергөө абагына камалган 46 жаштагы Айбек Эшбаев 13-февралда асылып өлгөнү кабарланган.

Моюн орогуч кайдан келген?

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы өз жанын кыйды делген Айбек Эшбаевдин өлүмүнө Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагындагы кызматкерлердин шалаакылыгы себеп болгонун кабарлады. Башкы көзөмөл органдын басма сөз катчысы Талант Конокбаевдин билдиришинче, 14-февралда бул факт боюнча кылмыш иши козголду:

- Камераларда кармалган айыпталуучулар тынымсыз көзөмөлгө алынган эмес. УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери өз милдеттерин жеткиликтүү аткарбагандыгынан 13-февралда таңкы саат бештер чамасында Айбек Эшбаевдин асылган денеси табылган. Бирок маркум муунуп калган моюн орогуч камералардагы биринчи муктаждыктагы буюмдарга кирчү эмес. Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан шалаакылык боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 11-февралда Бишкек шаардык прокуратурасынын чечими менен Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыктын Бишкек шаарындагы бөлүмүнүн инспектору Айбек Эшбаев УКМКнын тергөө абагындагы жалгыз камерага камакка алынган. Ага опузалап акча талап кылган деген айып коюлган. Бирок эртеси күнү Эшбаев кадимки кашыктын сыныктары менен венасын кесүүгө аракет жасаган. Күзөт кызматкерлери муну байкап калып, медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Маркумдун жакындары менен жактоочусу 14-февралдагы маалымат жыйынында
Маркумдун жакындары менен жактоочусу 14-февралдагы маалымат жыйынында
Маркумдун жакындары болсо, Айбек Эшбаев кан тамырын кескенден кийин Бишкектеги Улуттук госпиталга жөнөтүлгөнүн, ал жерде колу тигилгенден кийин кайра УКМКдагы жалгыз камерага алынып келингенин айтышууда. Ошентип өзүн-өзү өлтүрүү аракетине карабастан Эшбаев жалгыз камерада кала берген. Натыйжада 13-февралдын таңында анын өз жанын кыйганы кабарланган.

Бирок МАИ кызматкеринин туугандары бул факт боюнча табышмактуу суроолор көп экенин билдиришүүдө. Маркумдун жактоочусу Токтогул Абдиевдин айтымында, Айбек Эшбаевдин кан тамырын кесүү аракети, анын ооруканага жатып чыкканы тууралуу эч кимге маалымат берилген эмес:

- Аялдын моюн орогучуна муунуп өлдү деп айтылып жатат. Негизи камерага киргизер алдында адамдын бут кийиминин боосуна чейин алып коюшат. Асылып өлө турган буюмдардын баарын киргизбейт. Ошондо моюн орогуч каяктан пайда болот деген суроо чыгууда. Туугандарынын баарын кабатырланткан да ушул.

Жемкорбу, же ага каршы күрөштүн курмандыгыбы?

Мындан тышкары маркумдун туугандары Айбек Эшбаев эмне себептен УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин түшүнө албай жатышат. Анын балдызы Жыпаргүл Кожомжарова бүгүнкү маалымат жыйынында күмөн суроолорун ортого салды:

- Биз азыр биле элекпиз. Ал чын эле өзүн-өзү өлтүрдүбү же эмне болду? Бул эч кимге дайынсыз. Эмне үчүн УКМКнын так жер төлөөсүнө алып барып камашат? Башка органдардын убактылуу кармоочу жайларына алып барса болбойбу? Ал эмне адам өлтүрүптүрбү? Же террорчу болуппу? Эгер өкмөт паракорчулукту тазалайм десе, канчалаган акча жеп жаткандарды тазалабайбы? Кандайдыр бир майда нерсе үчүн адамдын өмүрүн кыйып жатышат.

Ал эмне адам өлтүрүптүрбү? Же террорчу болуппу? Эгер өкмөт паракорчулукту тазалайм десе канчалаган акча жеп жаткандарды тазалабайбы? Кандайдыр бир майда нерсе үчүн адамдын өмүрүн кыйып жатышат....

Айбек Эшбаев чындап эле өз өмүрүн кыйганбы? Маркум канча пара алып, эмне үчүн УКМКнын тергөө абагына алынган? Бул күмөн маселелерди Башкы прокуратура да, Улуттук коопсуздук комитети да ачыктай элек. Бирок маркумдун жакындары Айбек Эшбаев жүз доллардын тегерегинде пара алды деп айыпталып жатканын айтышты.

МАИ кызматкеринин өлүмү интернеттеги социалдык тармактар да кеңири талкууга алынып, "УКМК шалаакылык кылды" деп сынга кабылууда. Аталган мекеменин басма сөз кызматкерлери окуя иликтенип чыккандан кийин гана күмөн суроолорго жооп болоорун билдиришти:

- Эшбаевдин өлүмүнүн чоо-жайын териштирүү максатында Башкы прокуратура, Аскердик прокуратура жана Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүлөрүнөн турган комиссия түзүлгөн. Учурда аталган комиссия өз ишин жүргүзүп жатат.

Беш баланын атасы Айбек Эшбаев укук коргоо тармагында 15 жылдан ашык эмгектенген. Кечээ анын сөөгү экспертизадан өткөрүлүп, ага катышкан Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери маркумдун денесинде жиптин изинен башка, кыйноонун белгилери болбогонун билдиришти. Бирок кан тамырлары кесилгендиктен оң колунда жана денесинин бир катар бөлүгүндө көк алалар болгон. Маркумдун сөөгү өзү туулуп өскөн Кадамжайдын Орозбеков айылына жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG