Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Исмаилова: Өзбекстандын “кара тизмесине” 2009-жылы киргем


Исмаилова: Мени террорчудай кармашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Төлөкан Исмаилова Өзбекстанга киргизилбей калышын укук коргоочулук ишмердиги менен байланыштырат.

Кыргызстандык укук коргоочу Төлөкан Исмаилова 24-июнь күнү Өзбекстанга учуп барып, өлкөгө кире албай Кыргызстанга депортация болду. Анын себептерин укук коргоочу "Азаттыктын" таңкы түз обосунда чечмелеп берди.

- Өзбекстанга сизди киргизбей койгондор мунун себебин эмне деп түшүндүрүштү?

- Компьютерди карап туруп эле, беш мүнөттүн ичинде бир чек арачынын ордунда жети чек арачы пайда болуп калды. Элдин баары өтүп жатты, алар менин паспортумду алып, изилдеп жатышты. Эч бир себебин түшүндүрбөй коюшту. Анан түрмөдөн шарты түзүгүрөөк бир бөлмөгө киргизип, сыртыман жаап салышты. Мен үй-бүлөмө кабарлап коёюун, себебин айтып койгулачы деп өтүнсөм да угушпады.

Мени менен чогуу төрт франциялык барган эле, алардын бирөө Париждин балдар боюнча соту, экинчиси социалдык эксперт, үчүнчүсү Орто Азия боюнча эксперт, дагы бирөөсү Европа алкагындагы ири программалардын жетекчиси. Биз жакында эле Кыргызстанда балдар программасы кандай иштейт деген долбоордун негизинде депутаттар, тиешелүү адистер менен баарлашканбыз, анан Өзбекстанга жөнөдүк. Ал жакта да социалдык кызматкерлер менен жолугушмакпыз, Франциянын элчилигине бармакпыз. Мени киргизбей коюшту.

- Бул эми сиздин укук коргоочулук ишиңизге байланыштуу болдубу? Эмне үчүн Өзбекстан сизден чочулайт?

- Биз Анжиян окуясында да ыйлап турган элге биринчилерден болуп жардам бергенбиз. Экинчиден, мен акыркы жолу Өзбекстанда 2009-жылы болдум, Фергана шаарынан Ташкенге чейин өзбек укук коргоочусу Мутабар Тажибаеваны коштоп баргам. Анткени аял укук коргоочуларга да биз жардам беребиз. Ошондо бизди сүрөткө тартып, түрдүү жолдор менен куугунтукташкан.

Дагы бир укук коргоочу Тамара Чикунованын да үйүнө барып, ишинен кабар алганбыз. Ошондон кийин эле мени “кара тизмеге” киргизип салышыптыр. Тамара Чикунова азыр Италияда. Өзбекстанда иштей алган жок. Мутабар Тажибаева да Францияга кетүүгө аргасыз болду. Менин оюмча, ошол 2009-жылдагы сапарым “кара тизмеге” себеп болду окшойт.

- “Кара тизме” дегенин түшүндүрө кетсеңиз, мындай түшүнүк бизде да барбы?

- Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкерлери “Исмаилова өзгөчө мүнөздөгү иштери үчүн кара тизмеде” деген жооп алдык дешти. “Өзгөчө мүнөздөгү” деген эмне деп алар да таң калышты. Мен биздин элчиликтин кызматкерлерине, Франция элчилигине, башка дагы кесиптештерге абдан ыраазымын, мени укуктук инструменттер менен алып чыгышты десем болот. Анткени мени бир жума кармаласың дешкен, камакта болгондой эле болдум, же суу беришпейт.

Жанымда отурган балалуу өзбек жигит гана мага 15 миң өзбек сумун берди, ошого бутерброд жана чай алдым. Адамдарда эч качан бири-бири менен проблема болбойт, алар ар дайым карым-катышта болушат, бирок ушул нерсеге авторитардык система тоскоол болууда.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG