Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Өзбек укук коргоочусун Бишкекке киргизбей коюшту


Укук коргоочу Васила Иноятова "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, октябрь, 2009.
Укук коргоочу Васила Иноятова "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, октябрь, 2009.

Кыргызстанга келген өзбекстандык укук коргоочу, “Эзгулик” коомунун жетекчиси Васила Иноятова "Манас" аба майданынан чыгарылган жок.

Өзбекстандык укук коргоочу Васила Иноятованы 29-июнь күнү кыргызстандык чек арачылар “Манас” аба майданынан Бишкекке өткөрбөй коюшту. Бул окуя боюнча Чек ара кызматы азырынча комментарий бере элек.

“Кылмыш иши бар деп айтышкан”

Васила Иноятованы 29-июнь күнү кыргызстандык чек арачылар “Манас” аба майданынан Бишкекке өткөрбөй койгонун "Азаттыкка" Париждеги өзбекстандык укук коргоочулардын “Жалындуу жүрөктөр клубунун” башчысы Мутобар Тажибаева билдирди:

- Васила Иноятованы ага карата Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн өзгөртүүгө чакырык жасоо боюнча кылмыш иши бар деп коркутушуптур. Иноятова 2010-жылы Ош окуясы болгондо Ташкендеги кыргыз элчилигинин алдында бир катар нааразычылык акцияларды өткөрүп, чакырыктарды жасаган. Кечээ аны өткөрбөй кармаган кезде Кыргызстанда кылмыш иши бар деп айтышыптыр.

Васила Иноятова “Манас” аба бекетинде жети саат кармалып тургандан кийин 30-июндун таңында Стамбулга учуп кеткен, андан ары Парижге кетээри айтылууда.

Мутобар Тажибаеванын айтымында, бул окуя Кыргызстандын ачык-айкын, демократиялуу мамлекет деген атына көө жабат:

- Меним билишимче, Иноятованын Кыргызстанга келиши анын кесиптик иши менен гана байланыштуу болгон. Бул окуя Кыргызстанга көө жабат. Кыргызстанды демократиянын аралчасы деп айтышар эле. Азыр андай эмес экендиги далилденип жатат.

Адам укугу чек арага карабайт

Маалыматтарга караганда, Васила Иноятова Human Rights Watch уюмунун Бишкектеги өкүлдөрү менен жолугушмак. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы, укук коргоочу Азиза Абдурасулова кыргыз бийлигинин укук коргоочуга карата мамилесин сынга алды.

- Адам укугу чек араны билбейт. Адам укугу Африкада же Америкада бузулабы, укук коргоочулар өз тынчсыздануусун билдире берет. Июнь окуясы боюнча Васила Иноятованын же башка укук коргоочулардын Кыргызстандын элчилигинин алдына чыкканын Кыргызстанга каршы экен деп эмес, алардын адам укугун, адам өмүрүн сактагыла деген талабы деп түшүнүшүбүз керек. 2005-жылы Анжиянда жүздөгөн адамдар атылганда биз дагы Бишкектеги Өзбекстандын элчилигинин алдына чыкканбыз.

Азиза Абдрасулова Кыргызстандын атайын кызматтарынын кара тизмесине түшкөндөр арбып баратканын кошумчалады.

- Кээде журналисттерди, айрым учурда укук коргоочуларды киргизбей коюу Кыргызстанда өнөкөт эле болуп калды. Мисалы акыркылардан болуп Кыргызстанга киргизилбегендерди айтсак: Виталий Пономарев, Ивар Дале, Бахтияр Хамраев, Нигина Бахриева бар. Кыргызстан адам укугун жарым-жартылай сактаган өлкө катары саналып, жарым-жартылай жабык өлкө болуп жатат.

Атайын кызматтардын генералы, мурдагы коопсуздук кызматкери Артур Медетбеков ташкендик укук коргоочулардын 2010-жылдагы жасаган билдирүүлөрү чындыгында эле Кыргызстандын бүтүндүгүнө зыян тийгизген деп эсептейт:

- Ташкенде гана эмес, Орусиядагы кыргыз элчилигинин алдында да ошондой акциялар болгон. Ал акцияларда Ош окуясы боюнча өздөрүнүн кескин пикирлерин айтып, Кыргызстандын бүтүндүгүнө чоң залакасын тийгизген сөздөр да болгон. Биздин укук коргоо органдары кайсы бир адамдар кирбеши үчүн “кара тизме” дейбизби, же кандайдыр бир шарттарды түзүп коюшу ыктымал. Себеби мындай тажрыйба көп эле мамлекеттерде бар.

Кыргызстандын Чек ара кызматы укук коргоочунун эмне үчүн Кыргызстанга киргизилбегени боюнча азырынча комментарий бере элек. Аталган кызмат расмий маалымат кийинчерек болорун убада кылды.

XS
SM
MD
LG