Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Укук коргоочулар: Кыйноолор көбөйүүдө


Кыйноолорго каршы митингден.
Кыйноолорго каршы митингден.

Бүгүн, 1-ноябрда кыйноо фактысы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алты милиция кызматкеринин үстүнөн сот иши жүрүүдө.

Мындан тышкары Бишкек шаардык сотунда 12 жылга эркинен ажыратылган эки адамдын иши каралууда. Бирок алар милиция кызматкерлери кыйнап, куру айыпты моюндарына илип коюшканын айтышууда.


Кыйнап моюнга алдыруу адатка айландыбы?


Нарын облусунун тургундары Эркин Ниязбеков менен Гафар Үркүнбаевди өткөн жылы Бишкектин Ленин райондук соту адам өлтүрүү фактысы боюнча 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок алар Ленин райондук беш милиция кызматкери кыйнаган соң, жасабаган ишти моюнга алууга аргасыз болушканын белгилеп келишет.

Бул экөөнүн адвокаты Чолпон Темирбаеванын айтымында, алардын денесинде кыйноого далилдер болгондугун соттук-медициналык экспертиза да далилдеген.

- Шаардык ички иштер башкармалыгына, андан башка да жерлерге алып барып, кийин Ленин райондук ИИБиге алып барып, таңга маал "бир орус баланы өлтүрдүңөр" деп сабай башташкан. Ал балага тиешебиз жок деп айтса болбой эле сабашкан. Ниязбеков дегени такыр мойнуна албай коюп, көбүрөөк келтек жеген. Үркүнбаев болсо, “макул” деп бир нерселерди айтымыш болуп, жеңил гана жаракат алган.

Соттун 12 жылга ажыраткан чечимине макул болбогон айыпталуучулар Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Ишти кароо бүгүн шаардык сотто уланганы жатканын Темирбаева кошумчалады. Адвокат кыйноо фактысы боюнча милиция кызматкерлеринин үстүнөн сотко арыз менен кайрылышканын, бирок иш алдыга жылбай, милиция кызматкерлери мурдагыдай эле иштеп жүргөнүн да кошумчалады:

- Иштеп жүрүшөт. Мага чейинки адвокаттар да сот бүткөнчө жумаштарынан бошотуп туруу боюнча өтүнүч келтиришкен. Бирок ал аткарылган жок.


Кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракетиби?


Бирок Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын беш кызматкери коюлган айыптоолорду четке кагууда. Алардын адвокаты Токтогул Абдиев адам өлтүрүү боюнча кармалган адамдар ушундай жол менен кылмыш жоопкерчилигинен качып кетүүгө аракеттенип жатат деп эсептейт.

- Буларды кармаганда түнкү күзөттүн кызматкерлери кармаган. Ошондо эле аларга “бизди койо бергиле, эмнеге оруска болушуп жатасыңар, сабап койсок эмне болот экен?” - деп айтышкан. Милиция кызматкерлери кыйнады дегенди кылмыш жоопкерчилигинен чыгып кетүү максатында жанталашкан аракет деп эсептейбиз.

Мындан тышкары бүгүн Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук кылмыш иликтөө бөлүмүнүнүн алты кызматкеринин үстүнөн кыйноо фактылары боюнча сот иши уланууда.

Микаэл деген ат менен белгилүү эстрада ырчысы Мирлан Даутовдун өлүмүнө шектүү деп, өткөн жылы май айында 24 жаштагы Эркин Турусбеков кармалган. Бирок Турусбеков да милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын айтып, арыз менен сотко кайрылган болчу.

Укук коргоочулар: кыйноо фактылары көбөйүүдө

Адам укугун коргоо уюмдары акыркы жылдары Кыргызстанда тартип коргоо органдарынан ыдык көргөн, кыйноого туш болгон жарандардын саны өсүп жатканын белгилешүүдө.

“Эркиндик үнү” коомдук кыймылынын жетекчиси Сардар Багышбековдун айтымында, 2004-жылга чейин кыргыз милициясы кыйноо фактыларын мойнуна албай, такыр четке кагып келген. Бирок ал азыр кыйноо фактыларын болтурбоо боюнча иштер жүрүп жатканы менен алгылыктуу натыйжа жок деп эсептейт:

- 2007-жылы 97 кыйноо фактыларын алып чыкканбыз. Тилекке каршы, жыл сайын алардын саны өсүп жатат. Акыркы бир жарым жылдын ичинде бул боюнча 246 адам арыз менен кайрылган.

Адам укугун коргоо уюмдарынын белгилешинче, ушул кезге чейин кыйноо фактысы боюнча тиешелүү жазасын алган тартип коргоо кызматкерлери боло элек. Алар дайыма акталып, же болбосо жеңил гана жаза алып калышарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG