Шаршемби, Апрель 16, 2014 Бишкек убакыты: 17:03

Эркиндик

Ала качуу курмандыктары - "Ачылбаган гүлдөр"

Караколдо кыз ала качууга каршы жүрүш болду. “Ачылбаган гүлдөр” деген аталышта өткөн акция ала качуунун айынан өмүрүн кыйган кыздарга көпчүлүктүн көнүлүн бурууну көздөдү. Аймакта жарым жылда эле ала качуудан улам эки кыз жанын кыйган эле.

"Ачылбаган гүлдөр" акциясынан. Каракол, 18-май.
"Ачылбаган гүлдөр" акциясынан. Каракол, 18-май.
Текст көлөмү - +
Акция ала качуу азабынан жанын кыйган Венера Касымалиеванын калтырып кеткен катын окуу менен башталды.

"Ачылбаган гүлдөр" акциясынан


“Мени баарыңар күнөөлүү кылып койдуңар. Мен эгер өз каалом менен барсам эмнеге качып кетет элем? Мени ала качып кетишти. Бирок мен баары бир ал үйгө барбайм. Алар мени ала качканы аз келгенсип дагы мени коркутканы эмнеси?! Кичине уялсаңар боло. Менин тагдырым ушундай экенин ким билиптир. Кичинемен бери түйшүк тартып, дагы эле түйшүккө малындым. Мени кудайдын алдында чоң күнөөгө батырышты”...





Маркум жан кыяр алдында калтырып кеткен бул катты чогулгандарга Кыргыз эл артисти Алтынбек Шатенов окуп берди.

18-майда өткөн “Ачылбаган күлдөр” акциясына Касым Тыныстанов атындагы университеттин студенттери жана ала качуу запкысын тарткан маркумдар Нурзат Калыкова менен Венера Касымалиеванын ата-энелери жана жакындары келген эле. Иш чаранын  символу катары ар бир катышуучу колуна жазгы гүлдөрдү көтөрө келди, алар  ала качууга каршы  кайрылууга кол коюшту.

Акцияга кыздар гана эмес, уландар да катышты. Алардын бири Аваз Жыргалбеков кыз менен тилектеш болуп үйлөнгөндү туура көрөөрүн айтат:

- Биз жакшы эле ой менен үйлөнөлү деп жатабыз. Кыз менен таанышып “Энесин көрүп кызын ал дегендей” ата-энеси менен таанышып... Эми ала качып жаткандар өзүн таштап койгон балдар деп ойлойм. Анткени алар кыздар менен сүйлөшпөй, жакшы билбей ала качып жатышат. Анан кыз жактырбай өзүнүн өмүрүн кыйып жатат.

"Ачылбаган гүлдөр" акциясынан

“Таш түшкөн жеринде оор” деген сөздү туура деп эсептеген Айжамал Касымбекова болсо бул адатка көз карашын мындайча билдирди:

- Азыркы тапта мени ала качып кетсе, ата-энем отур десе отурат эле болчумун.

Акциянын дагы бир катышуучусу Алтынай Мусакалыева кызды зордоп нике кыюу өнөкөтүнө каршы коомчулуктун жабыла каршы чыкканына кубанууда:

- Мага бул акция жакты, себеп дегенде чындыгында мен адаммын деп эсептегендер да бул акцияны туура кабыл алат деп эсептейм  Ала качуу салт эмес, илгери астына түшүп барып кызды алуу деген бар болчу. Азыркы учурда бул кылмыш деп эсептейм. Ала качууга эч кимдин укугу жок. Эгерде мени ала кача турган болсо ата-энем деле түшүнөт деп ойлойм, эгер ата-энем кал десе да мен калбайт болчумун, анткени менин да келечегим бар. Менин да сүйлөшө турган адамым бар. Мен мындай салтка каршымын.

Ала качуу азабынан жанын кыйган Венера Касымалиеванын атасы көз жашын сүртүп өксүп жатты:

- Мындан кийин менин кааларым жаштарга, ошондой ишке барбасын, жаш, жаңыдан өсүп келаткан кыздардын өмүрүн кыйбасын. Венеранын апасы каза болуп калган беш жыл мурда, ал  инилерине эне ордуна эне болчу. Анан эмне кылам, азыр көз жашым токтобой бул балдарды көрүп ыйлап жатам. Бешинчи класста окууган иниси бар,  ал куранды жаттап алып, мүрзөсүнө барып ыйлап куран окуп келет.

Акцияда Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери маркум курдаштары Венера менен Нурзатка арнап чыгарган ырын чогулгандарга окуп беришти. Айтмакчы, окуу жайдын изилдөөлөрү көргөзгөндөй, ала качып кеткен кыздардын 8 пайызы гана отурбай кетип калышкан, 6 пайызы ажырашып кетишкен.

“Ачылбаган гүлдөр” акциясы атактуу агартуучулар Кусейин Карасаев менен Касым Тыныстановдун эстелигинин алдына гүл коюу менен жыйынтыкталды.

Мария Колесникова

"Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Caky каяктан: Germanja
20.05.2011 23:25
Венеранын апасы каза болуп калган беш жыл мурда, ал инилерине эне ордуна эне болчу. Анан эмне кылам, азыр көз жашым токтобой бул балдарды көрүп ыйлап жатам. Бешинчи класста окууган иниси бар, ал куранды жаттап алып, мүрзөсүнө барып ыйлап куран окуп келет.

Garatkan Allah,uwu eki kyzdyn oz Ganyn ozu kyjgan Kunoosun ke4ire kor!Atasynyn aitkan sozun okup alyp,kozumon Gaw kujuldu.Gatkan geri Gailuu,topuragy torko bolsun.Uwu ubaka 4ein tuwunboi kelem?!Ne maksat m-n ala ka4asynar Gigitter?Ala ka4ardyn aldynda ozunorgo ozunor suroo beresinerbi?"bu kyz m.n kantip gawait boldum eken,bul kyzdyn Gawoodo kutkon maksaty emne?ekoobuzdun mamilebiz tuura kelebi jokpu?"""Silerdi oilondurbaiby?Ala ka4kan kolunardan kelet ekenda,anan 1 Tal gül alyp baryp,kyz m.n taanywyp,kyz Gandaganga alynar jokpu??Ge uwun4alyk ele ujal4aksynarby?Anda kantip Kuioo.kantip Ata bolom dep,kaisy arynarga ala ka4yp Gatasynar?Katuu gazdym Gigitter ,ke4irip koiosuzdar,NAMYSYNARGA tijsemNo.bul eki kyzdyn olumu meni oilondurbai koigon jok!!Kyrgyzymdyn Gitteri-oilonup anan uilongulo4u))))kyz ala ka4uu oiunarga da kelbesin4i))))Surany4!!Raxmat.

кимден: Динар
20.05.2011 10:47
Учурда эн койгойлуу маселелердин бири саясатчылардын шайтан ойномоюу болсо, экинчи бир койгойлуу маселе "Кыз ала качуу" деген тема болду. Негизинен мен озумдун жеке инсан катары оюмду айтсам. Бул "Кыз ала качуу" деген салт катары илгертеден колдонулуп келген. Азыркы учурда "Кыз ала качуу" таптакыр башкача себеби заманга жараша. Алсак алып качып алып деле жакшынакай жашап калгандар бар, аларга коз карашыбыз анда кандай болот? Эгер алып качып алгандан кийин ошол кунун ата энесин чакыртып эки жактын тен ата энесинин кенешип кыздын оюн ортого салышы керек эгер кыз макул болбосо алып кетип калса эч нерсе болбойт жана алган уйдун ата энеси да жакшынакай узатып коюулары керек. Каргабаш керек алардын да келечектеги уул кыздары бар небере лери бар ошолордун келечегин ойлонушуп бирдей чечимге келуусу зарыл. Кыздардын озун-озун олтуруп алуулары бул женил ойлуулук деп эсептеймин.
Пикирге жооп

кимден: Мыйзам
20.05.2011 18:58
Динар, жапайычылыкты жаза менен тыйбасан эч качан тыйылбайт. а бул жапайычылык.

кимден: kolduk kyz
20.05.2011 04:25
akciyany tolugu menen koldoim, koom oigonup ala kachuuga karshy turushu kerek. En okunuchtuusu koomdu oigotush uchun ushu kyrchyndai kyzdardyn olumu kerek bolgonu. Jatkan jeriner jai, topuragynar torko bolsun Venera, Nurzat.

кимден: Искен
19.05.2011 23:43
Ала качуу деген салты биз жойуу керекбиз, анткени бул биздин кыз балдарды сыйлабаганы!!! Биз кыздарыбызды сыйлап, урматап, сыймыктаныш керекбиз, анткени булар бизге балдарды төрөп берип жатышат!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.05.2011 22:05
Бул акцияны толугу менен колдойм. Он гулунун бири ачыла элек Нурзат,Венера жаткан жеринер жайлуу болсун.Окунучтуу.
Жапжаш эжесине кепкенедей иниси мурзосундо куран окуган абдан -абдан окунучтуу.
Ала качууну токтотуш керек,тыюу салынса.Ала качып алгандары аз келгенсип ал жерде какчандаган кайнене,шакылдаган кайнежелер байкуш кыздардын сазайын беришет,жаш кыздар андайга чыдайбы.
Жок дегенде келин алып жаткан уй булоо жаны келинге жумшагыраак мамиледе болуп,билбегенин уйротуп,акыл насааттарын айтса болот го,конуп кеткенче.
Келин келген кундон баштап "жаман" деген атка конот. "Менин кайненем мени ушундай тарбиялаган" ,баардык болгон,откон нерсесин жаш келинден чыгарган мээримсиз апалар да бар.
Урматтуу келин алып,уй булоо куруп жаткан жарандар, аз да болсо мээримдуурок болсок,ал да бироонун баласы,силерде да кыз бар кызынар да бироого келин болот.Эч ким каалабаса керек баласынын кор болгонун.
Жаштар,ойлонуп иш кылсанар,кыздардын макулдугун алып уйлонсонор.
Акциянын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиргим келет.Рахмат сиздерге!

Онлайн шерине