Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:49

Эркиндик

Кыйноолорго каршы митинг

24-январда Токтогулдан келген 20дан ашык адам милиция тарабынан кыйноолор токтотулсун деген талап менен Башкы прокуратуранын алдына чыкты.

Токтогулдан келген митингчилер, 24-январь.
Текст көлөмү - +
Өткөн жылдын 27-сентябрында Токтогулда милиция кызматкерлери кара куурай чогулткандарды кармоо учурунда атчандар менен милиция кагылышып, ортодо ок атылган. Натыйжада жергиликтүү эки тургун жарадар болгон.

Башкы прокуратуранын алдына Токтогулдун Өзгөрүш айылынан келген аялдардын бири милиция аткан октон колунан жаракат баласы эми кыйноолорго кириптер болуп жатканына нааразы болду.

Ошол кагылышка катышы бар деп кармалган Доктурбек Мүсүралиевдин апасы Жээнгүл Садабаева жарадар болгон баласы ушул мезгилге чейин толук медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканына капа:

- Оң колуна ок тийип сынып кеткен, биз жабырланып Бишкектеги №4-шаардык ооруканага келдик. Акыбалыбызды сурап көңүл бурган эч ким болгон жок.  Балам экөөбүз бул жерде 24 күн жаттык. Дарыланып бүтө электе, акыбалы оор кезде Жылдызбек Шаршеев деген бала келип, Токтогулга алып барып камап салды.

Бул аял менен кошо нааразылык иш-чарасына катышкандар элге курал колдонгон милиция кызматкерлерин жоопко тартууну, кармалгандарга аёосуз кыйноолорду токтотууну талап кылууда. Мисалы, кармалгандардын бири Талас Жайыловдун апасы Гүлгакы Мүсүралиева уулу күнөөсүз камакта жатат деп эсептейт.

- Торпок айдап, көң терип жүргөн балдарга ок чыккан. Ошондон уруш чыгып, милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болуп кеткен. Кийин сөздөн-сөз чыгып менин уулумдун катышы бар деп кармап кетишкен. Ошондон кийин баламдын акыбалын ушуга алып келип коюушту. Үнүбүздү угаар бекен, мыйзам ушул жерден чечилеби деп келип отурабыз. Ал жактан эч ким уккан жок, областан да угулган жок. Ал милиционерлерге азыркыга чейин кылмыш иши козголгон жок, иштеп жүрүшөт.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова бул окуя боюнча тергөө иштеринде одоно кемчиликтер кетип жатканын айтат:

- Бүгүнкү күнү Башкы прокуратура облустук прокуратурага бул ишти терең иликтөө үчүн тапшырма берген. Бирок биз 18-январда кайра барганыбызда бул окуя боюнча жеткиликтүү иш жүрбөй жатканын көрдүк.

Бул күнү нааразы тарап өлкө президенти Роза Отунбаевага, баш прокурор Кубатбек Байболовго жана Жогорку Соттун төрайымы Перизат Абакировага кайрылуу жолдошту. Митингчилерди айтымында, алар үч күн бою аракеттерин улантышаарын, эгер талаптары аткарылбаса жол тосууга чейин барышарын эскертишти. Ал эми милиция жетекчилиги кармоо жана сурак иштери мыйзам алкагында жүрүп жатканын, милицияга кол салгандарды жоопкерчиликтен алакчылоо максатында ушундай кысым башталганын билдирүүдө.

2010-жылы 27-сентябрда Токтогулда “Кара куурай” деп аталган операция маалында милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар кагылыша кеткен. Анда эки ортодо ок атылып, айылдын эки тургуну жаракат алган. Бул окуяга катышы бар деген токтогулдук 12 адам кармалып, кылмыш иши козголгон.

Бакиров: Милицияга кол көтөргөндөргө сот баа берет

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров Токтогул районунун Өзгөрүш айылында эл менен милициянын тирешүүсү тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.

Станбек Бакиров: Өткөн жылдын август айынын аягында атайын оперативдик иштердин натыйжасында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдик кызматкерлери Өзгөрүш айылына барган. Ал жерде атайын операция жүргүзүлүп, баңги заттарды даярдап жаткан эки адамды кармаган. Кармалгандар дароо телефон менен айылдагы тууган-уругун чакырып, элди топтоп тополоң салышкан. Биздин кызматкерлер айласыздан бир үйгө качып келгенде топтолгондор үйдү курчап алып, өрт коюп, биздин балдарды ат менен сүйрөтүп кыйнаган.

Ушул окуянын негизинде облустук прокуратура тарабынан иш козголуп атайын операция жүргүзүлүп дал ошол баңги затты даярдаган адамдарды, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн, үйгө камап өрт коюп, атка сүйрөткөндөрдү таап алып келип камаганбыз. Ал жерде эч кандай мыйзамдан чыккан иш болгон эмес.

Алар өздөрү күнөөлөрүн мойнуна алган. Бүгүнкү күндө сот болуп жатат. Сот процессине чейин деле алардын урук-туугандары ар кандай адамдарды ортого салып, биздин милиция кызматкерлери менен “сүйлөшөлү, ишти бүтүрөлү” дегенине карабастан биз эч кимди жакындатпай койгонбуз. Атүгүл ошол жерде биздин милиция кызматкерлердин өрттөлгөн унаасын төлөп берели дешкен. Биздин кызматкерлер Бишкекке барып дарыланып келишкен эле, кеткен чыгымдарын төлөп берели дегенде биз эч кимди жакындатпай койгонбуз. Баарын сот чечсин, мыйзамдуу болсун дегенбиз. Ошондуктан булар сот жообунан качуу максатында ар кандай негизсиз акцияларды уюштуруп жатышат. Менимче, буга сот өзүнүн туура баасын берет.

“Азаттык”: Камалгандардын Бишкекте митинг өткөргөн туугандары эмне себептен ок чыгарган эки милиция кызматкери сот жообуна тартылсын деп жатышат?

Станбек Бакиров: Ал милиция кызматкерлери аткан эмес. Милициялар качып үйгө киргенде ошол жердеги балдар милиция кызматкерлердин бирөөсүнүн куралын алып койгон. Анан курал колдонгонду билбегендиктен бирөөсү башкасын атып алган. Ал жерде милиция кызматкерлердин эч кандай тиешеси жок.

“Азаттык”: Бул окуя боюнча камалгандарды абактарда кыйнап жатышат дешет?

Станбек Бакиров: Эч кандай кыйноо болгон жок. Жапа чеккендер Токтогул райондук милиция кызматкерлери болгондуктан, биз аларды нейтралдуу, ортодо кармайлы деп Таш-Көмүр шаарына алып келгенбиз. Сотту да ушундай максат менен Майлы-Суу шаарында өткөрүп жатабыз. Бул жерде ошол жоопко тартыла турган балдардын ата-энелеринин баары топтолуп келип жоопкерчиликтен качуу максатын коюп жатышат. Себеби биз эч кандай провокацияга, сүйлөшүүгө барбай койгондуктан жоопкерчиликтен качуу максатында булардын акыркы айласы ушундай болуп жатат.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.02.2011 22:31
Men ozym Toktogyldyk bolgondyktan mindai ishter kop bolyp jatkanina kybo bolyp tyrabiz. oshondyktan aitaarim Milizianin da byl jerde chon kynoosy bor.Bizde milizalar bangi zattin arkasinan abdan baiishkan tolyk baarinin mashinalari bar, anan okmot bergen akchasina andai mashina turgai belosipet ala almak emes.Biroolordy biroogo tykyryp je biroony karmap bersen akcha berebiz dep ozdory mizamdi byzyp jatishpaibi mina yshyndai tyygandar mynyn emnesin jashirabiz.

кимден: кыргыз каяктан: Токтогул
16.02.2011 20:16
Ушунун баарына Акаев кунолуу, чондорубуз, аксакалдырыбыз такыр эле бузулуп, коом деградацияланып кетти, жолдош Акаев, убагында ушунун баарына прецедент, фундамент тузуп кеткен эле, эми мына натыйжаны коруп турабыз. Милсия да аман болсун, борк ал десе баш алган

кимден: Дилмурат
25.01.2011 05:50
Байкуш биздин милиция!!! иштесе да жооп берет, иштебесе да жооп берет. Эгер милициянын созуно ишене турган болсок анда апалар туура эмес кылып жатышат. кантип кой багып жургон баланы камап койсун милиция? милицияны уйго камап орттогон балдарды кантип тушунсо болот? жакшы эмес балдар. эл журт, биз бир нерсени тушунолу, биздин укук коргоо кызматкерлеринде да ата эне, бала чака деген бар. аларды кааласак камайбыз? кааласак каралайбыз? эгер келечекке онуккон олкону калтыралы десек анда олкодо тартипти кучотуу керек, жана Азиза эженин демократиясын озуно белекке кайтарыш керек. Батыштын демократиясы деп эле быдылдай бербей ал жактагы тартипти да элге тушундурсонуз Азиза эже, ал жактарда тартипти буздубу, жооп берет. а сиз бул жакта мыйзам бузган кишинин деле укугун коргой бересиз. ошол мыйзам бузган киши 5 млн калктын укугуна карабай мыйзам бузганын тушуносузбу деги? чыныгы элдин душманы силерсинер озу? тартип болмоюнча онугууну тушубуздо да коро албайбыз туугандар. мыйзамыбызды сыйлайлы!!!
Пикирге жооп

кимден: Elbek каяктан: KNR
25.01.2011 14:21
Sizdin aitkanynyzga koshulam,bul jerde tan kalasyn da,milisiya ishtese tartipti karaily dep any da koro albai piketke chygabyz,miliciya ishtebese ishtebei koidu deibiz.Miliciya ishin butursun,kunoluusun kamasyn.
Пикирге жооп

кимден: Тилек каяктан: Ала-Тоо
25.01.2011 12:41
Дилмурат.
Туура айтасын.Биздин млиция бир шордуу болду. Буга ИИМ кунолуу,башынан озулорунун репутациясын абдан тушуруп алышкан.
Элди мээсине синип калган. Азыр бизде млицияны эч кимге тенебей калышпадыбы,алар акыркы адамдар тилеке каршы.
Бул жерде эгер балдары чындап эле банги зат чогултуп жургон болушса,службадагы млицияга кол которуп алар кирген уйду орттогон болушса алар эч кандай суроосуз жоопко тартылыш керек.
Кылмыш кылган балдарын ата-эне пикетке чыгып бошотуп ала турган болсо анда бизге млициянын кереги эмне?

кимден: Омуралы каяктан: Бишкек ш.
25.01.2011 02:39
Митинг өткөрмөй кыргыздарга өнөКӨТкө айланып, өнөр болуп баратат. Кептин баары, бангизатчыл балдарын уялбай Бишкеке чейин коргоп келген ата -энелеринде
Пикирге жооп

кимден: Hurgul каяктан: Bishkek
25.01.2011 10:12
Piket kop otyp jatat dep kapa bolbogula. Piket otposo chong kyzmattagylar eldi togotpoit. El ozynyn ynyn piket arkylyy ygyzat. Menimche el ozynyn ynyn uguzganga araket kylgany, piketke chykkany jakshy ish. Tyshtyk Koreada eleder tez tez piketke chygyp tyryshat, chong kyzmattagylar eldi ugushat.

кимден: Калыс
25.01.2011 00:38
Интервью берген апага абдан боорум ооруду. Бул жерде кимдин берген жообуна ишенсе болот? Милициягабы жээ пикетке чыккандаргабы?
Эгерде балдар банги зат чогултуп жургондору чын болсо анда милиционерлер оз жумушун аткарышты,эгерде мал кайтарып жургон жонокой балдарга ок атылган болсо анда милиция куноолуу.
Милиция кылган иштерин,эмнени табышты далили болуш керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)