Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Салттуу динди санаага салган агымдар


Ош шаарындагы мечиттердин бири.
Ош шаарындагы мечиттердин бири.

Салттуу исламдын радикал агымдары, христиандыктын ар кандай секталары Кыргызстанда диний, улут аралык мамиленин бузулушуна, ынтымактын ыдырашына алып келиши мүмкүн.

​Кыргызстанда эгемендүүлүк алган жылдардан бери ынтымакка доо кетирген ар кандай диний агымдар, секталар көбөйгөнү айтылып келет. Алардын арасында бири-бирин жектеп, кыртышы сүйбөгөндөр да жок эмес. Адистер мындай көрүнүш келечекте чоң жарылууга себеп болушу ыктымалдыгын эскертүүдө.

Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов учурда салттуу диндин өкүлдөрү бул маселени чечүүгө чогуу аракет кылып жатканын айтты:

- Түрдүү жаңы секталар, агымдар пайда болду. Алар диний, улут аралык кастыкты козутканга аракет жасашат. Коомчулукта буга карата ар кандай пикир, нааразылык жаралууда. Ошондуктан бүгүнкү күндө салттуу диндер ортосунда ынтымакты орнотууга аракет кылып жатабыз.

Кыргызстандагы православдар.
Кыргызстандагы православдар.

​Кыргызстандагы православ орус чиркөөсүнүн епискобу Даниил Бишкекский башка секталарга өтүп жаткандар кескин көбөйгөнүн белгилеп, мамлекет ислам дининдеги гана радикал агымдар менен күрөшпөстөн, христиан дининен бөлүнүп чыккан секталардын ишмердүүлүгүн да көзөмөлгө алышы кажет деген пикирде:

- Православдар арасында радикалдар жок. Бирок ошондой негизде иш жүргүзгөн секталар толтура. Алар өлкөнүн ички ынтымагын ыдыратууга кызыкдар. Алардын Кыргызстанда көбөйүп жатканы өкүндүрөт. Биз аракет кылып, ар кандай кооптуу иштердин алдын алууга мезгил келди.

13-ноябрда Бишкекте өткөн дин боюнча тегерек үстөлдө салттуу ислам менен православ диндеринин алакасы жөнүндө гана кеп болду. Бул эки диндин жогорудагы айтылган көйгөйлөрүн чечүүдө мамлекет четте турбайт. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиевдин айтымында, өлкө эгемендигинен кийин пайда болгон диний агымдарга караганда, салттуу диндер коомдо сыналып, өзүнүн жакшы жактарын көрсөтө алган. Молдалиев булар эми башкаларга үлгү болушу керек деп эсептейт:

- Булар чогулуп, маселени бирге талкуулап, ынтымакта башкаларга үлгү бололу деп жатышат. Себеби бул диндер тээ эзелтеден ынтымактуу бирге жашап келгенин тарых көрсөттү. Биз да өз кезегинде мындай диндерге жардам кылууга даярбыз.

Тоталитардык түрдүү секталар, экстремисттик агымдар өлкө ичинде туруктуу иш алып барганга жетишти. Бул өз кезегинде мамлекет үчүн өтө кооптуу. Молдалиев бүгүнкү күндө эгемендиктен кийин каптаган диний уюмдардын ишин солгундатуу, санын кыскартуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

Орозодогу айт намаз. Ош.
Орозодогу айт намаз. Ош.

Диний маселелер боюнча серепчи, теолог Зайнабидин Ажымаматов жогорудагы маселелерди чечүүдө мындайча пикирин сунаштайт:

- Азыркы күндө ислам багытындагы ар кандай агымдар ачык эле үгүт жүргүзүп жатат. Алардын алдын алууга, негизги диндердин бирдиктүүлүгүн сактап калууда билим берүү жагына басым кылган туура. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Калктын дин сабатсыздыгын жоюу керек. Ал эми буларды мыйзам менен же кысымга алып тыя албайбыз. Тескерисинче, күчөп кетиши мүмкүн.

Адистердин баамында, акыркы учурда салттуу динди тутунгандар жаштар арасында кескин азайган. Кыргызстанда ушул тапта эки минден ашык диний уюмдар бар. Булардын көпчүлүгү ислам динине таандык диний уюмдар жана мечит-медреселер. Ал эми православ, католик багытындагы элүүдөн ашык мекеме иш жүргүзөт. Христиан дининин протестанттык багытындагы уюмдардын саны 250нүн тегерегинде.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG