Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Узаков: Баласы Сирияга кеткенин билбегендер бар


"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери.
"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери.

Учурда Сириядагы согушка Кыргызстандын 150дөй жараны катышып жатканы айтылууда. Кечээ эле Араван районунун эки тургуну үй-бүлөсү менен бул мамлекетке кеткени маалым болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы куралдуу кагылыштар болуп жаткан мамлекеттерге жарандардын чыгып кетүүсүнүн алдын алуу максатында жер-жерлерде талкууларды жүргүзүүдө. “Азаттык” бул маселеге кайрылып, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактары боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаковду маекке тартты.

“Азаттык”: Кыргызстандан Сирияга аттангандардын көбү түштүк аймактан экен. Бала-чакасын кошо ээрчите кеткендер тууралуу да айтылууда. Кыргыз жарандарынын Сириядагы согушка кетүүсүнүн негизги себептери эмнеде?

Узаков: Бул маселе көптөн бери изилденип келатат. Биздин ошол түштүк аймактагы 70тен ашуун жарандын Түркия, Орусия аркылуу Сирияга кеткени ачыкка чыкты. Мындай көрүнүштүн күч алышына дин тууралуу маалыматтын аздыгы себеп болууда. Ар кандай топтордун өкүлдөрү адамдарды кызыктыруу жолу менен алып кетүүдө. Бүгүнкү күндө биз түштүк аймагына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Айрыкча ата-энелер арасында.

“Азаттык”: Ошол түшүндүрүү иштерин эл кандай кабыл алууда?

Узаков: Эл туура эле кабыл алып жатат. Көп ата-энелер балдары Сирияда жүргөнүн укук коргоо органдарынан угушууда. Балдары дин жолуна түштү дегени менен кайсы мечитке барып атат, имамы ким, кайсы багытта билим алып атканынан кабарсыз ата-энелер бар. Биз дин аалымдары, укук коргоочулар менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин буга аярлык менен карай башташты.

“Азаттык”: Ошол түшүндүрүү иштеринен натыйжа барбы?

Узаков: Эми адам болгон соң сөзсүз таасир берет. Биз түшүндүрүү иштерин токтотпошубуз керек. Ошол диний азгырууга берилип, кылтакка илингенге чейин туура багыт берип, диндин экстремисттик, террористтик топторго тиешеси жоктугун ар тараптан айтуу жаштарды согуш жүрүп жаткан аймактарга кетүүдөн сактайт деп ойлойм.

“Азаттык”: Сирияга кеткендер арасынан калктын кайсы катмарынан чыккандар көп болууда. Контингенти кандай?

Узаков: Чынын айтканда өзбек улутундагы жаштар көбүрөөк кетүүдө. Жакында эле Ош мамлекеттик университетинде өткөн илимий-практикалык конференция өттү. Ага Улуттар ассамблеясынын жетекчиси Бектемир Мурзубраимов катышты. Ар кайсы улуттук диаспора өкүлдөрү да келди. Ошондо өзбек диаспорасы менен да бул тууралуу сүйлөшүү болду.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG