Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Муфтият 8 млн. сомду сот аркылуу талашат


Бишкектин борбордук мечити, 17-август, 2012.
Бишкектин борбордук мечити, 17-август, 2012.

Муфтият ажылыктан түшкөн кирешеден 8 млн. сом салык төлөө талабына макул болбой, салык кызматын сотко берди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук кызматы 8 млн. сомдук салыкты төлөбөгөнү үчүн муфтияттын азыркы жана мурдагы жетекчилерине иш козгогон болчу.

Муфтият коммерциялык мекеме эмес

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкөнүн салык кызматынын доосу боюнча арызды Бишкектин райондор аралык сотуна декабрь айынын башында берген. Ага салык кызматы муфтиятты 2011-жылдагы ажылыктан түшкөн кирешеден 8 млн. сом салык төлөөгө милдеттендирүүсү негиз болгон.

Диний башкармалыктын ажылык жана умра бөлүмүнүн кызматкери Асан ажы Усупов муфтият коммерциялык эмес мекеме болгондуктан, андан салык алууга негиз жок деп эсептейт:

- Ажылар келгенден кийин салык кызматы текшерип келип, калып калган акчаны киреше катары эсептеп, кирешеден салык төккүлө деген. Эми ал калып калган акча ажылардын каражаты. Бул туура эмес. Ажылыктын акчасынан салык алынбайт. 20 жылдан бери төлөнчү эмес. Муфтиятта пайдадан салык төлөй тургандай ишканабыз, же соода кылган иштерибиз, өндүрүшүбүз жок. Биз коммерациялык эмес, диний уюмбуз.

Ажылык муфтияттын каражат табуучу негизги булагы, анын ишмердүүлүгү жана материалдык чыгымдары ажылыктан түшкөн каражаттын эсебинен жүрөт. 2011- жылы ажылыкты муфтиятка караштуу Ажылык жана умра борбору уюштурган. Анын ошол кездеги кызматкери, Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар когрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов 8 млн. сомдун чоо-жайын мындайча түшүндүрдү.

- 20 жылдан бери муфтият салык төкпөй келген ажылыктан. Анан былтыр ар бир ажыдан 8 доллар соцфондго, 9 доллар салык кызматына деп ажылыктын чыгымдарына жазылып калган. Ошондой эле ажы башчылардын айлыгынан киреше салыгы төлөнсүн деп, 8 млн. сомду жалпы салык кылып, эсептеп чыгарышты. Чубак ажы кетээрде муфтиятка 300 миң доллар калтырып кеткен. 8 млн. сом болжолу 175 миң доллар болот экен. Азыр муфтият бербейбиз, алсаңар сот менен алгыла деп, талашып жатат.

Кирешеден салык төлөшү керек

Бул талашта салык кызматынын да өз аргументтери бар. Бишкек шаардык салык кызматынын бөлүм башчысы Мукай Нусупов салык кызматы гана эмес, экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги да муфтият ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөшү керек деп тапканын айтат:

- Бир эле биз эмес, экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги да да бизге түшүндүрмө берип, эгер ажылыкты уюштуруудан каражат артып жатса, анда ал коммерциялык мекеме деп эсептелет деп айтышкан. Ал эми коммерциялык эмес мекеме деп, пайда түшпөгөн мекемени айтат. А бул жерде түшкөн акчадан артып жатат. Ошонун негизинде салык төлөнүшү керек деп жатабыз.

Бул 8 млн. сом боюнча диний башкармалыктын азыркы жана мурдагы жетекчилери Рахматулла ажы Эгембердиев менен Чубак ажы Жалиловго ушул жылдын 31-октябрында УКМК кылмыш ишин козгогон. Бирок алар кылмыш ишин негизсиз козголгон деп санашууда.

Ал аралыкта 15-декабрда Рахматулла ажы Эгембердиев 5 жылдык мөөнөткө муфтий болуп шайланды. Эгембердиев муфтий болуп шайлангандан кийин бийлик өкүлдөрүн ажылыктан салык албоого, саясий чечим кабыл алып, бул маселени чечип берүүгө чакырды. Анын айтымында, муфтият бул каражатты башка муктаждыктарга жумшоону көздөйт. Ал эми Улуттук коопсуздук комитети бул талашка сот гана чекит койорун, ишти акырына чейин тергеп, сотко өткөрүп берерин айтууда.
XS
SM
MD
LG