Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Өзгөндө атеистти сабап салышты…


Атеисттик көз карашы үчүн сабалган Жаныбек Таштанкулов
Атеисттик көз карашы үчүн сабалган Жаныбек Таштанкулов

Өзгөндүк Жаныбек Таштанкулов атеисттик көз карашы үчүн аны мечиттегилер сабап салышканын айтып чыкты.

Үйүнө маңдай-тескей турган мечиттеги 15тей жигит анын үйүнө кирип, кийин мечитке алып барып «намаз оку» деп урушкан. Бул иш боюнча кылмыш иши козголгону менен иликтөө иштери кечеңдеп атканын анын актоочусу айтат. Ал эми мечиттегилер болсо Таштанкулов өзү намаз окуп жаткандарга келип акаарат айтканын ырастоодо.

Мырза-Акедеги Абдраим кары мечити.
Мырза-Акедеги Абдраим кары мечити.
Мындан бир айча мурда болгон окуяны Таштанкуловдордун үй-бүлөсү эми гана ачыкка чыгарып олтурат. Келтек жеген күнү эле жазган арызынан майнап чыкпагандыктан гана Жаныбек ушул кадамга барды. Болбосо өзүнүн атеисттик көз карашын көп деле шардана кылгысы келбептир. Бир жолу шардана кылып, таяк жегени деле жетиштүү болгондой:

- Мечитте тургандардын баары келип тийишип, ар нерсени айтышты да. Ошол күнү үйдө да бир сыйра токмоктошту, андан кийин мечитке алып кирип алып дагы сабашты. Аларды ошо мечиттин карысы эле кылдырып жатат. Фанаттарды биротоло сугарып алып, мага карата тукуруп “ургула” деди да. Жыгач менен сабашып өлтүрүп коюшка аз эле калды. Анан милицияга да баш бербей, качып кетип калышты.

Жаныбек Таштанкуловдун айтымында, аны мечитке келип жүргөн 15 чакты жаш эле жигиттер сабап салган. Жөнөкөй эле айтылган ой үчүн ушуга барса, алардан кийин кандай кадамды күтсө болот деп кошумчалайт ал:

- Мен өзүмдү атеист, же реалист деп эсептейм. Башкача айтканда кудай, дин жөнүндө сөз болгон жерде өзүмдүн оюмду эркин айтып жүрө алам. Биз демократиялык коомдо жашап жаткандан кийин, ар ким өз оюн ачык айтышы керек да. Анан эми ушул менин ойлорум үчүн, көз карашым үчүн азыр сабап жатышкан болсо, бул фанаттар кийин адам өлтүрүүдөн деле, терроризмден деле кайтышпайт. Булардын оюнча, ал жакка бас десе басып, бул жакка бас десе бул жакка басып, “сен мындай жаша, сен тигиндей кийин” десе, кыңк этпей жүрүш керек экен. Намаз окубаган кишини эле булар жаман көрүшөт экен.

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы Таштанкуловдун үйү мечиттин маңдайында жайгашкан. Кирди-чыкты бет келише калганда диний маселелерде кеп талаша калышчу экен. Жаныбек молдолорду “балдардын баарын динге сугарып, фанат кылып атканын” айтып айыптаса, мечиттегилер аны “тозокко түшөсүң” деп коркутушчу экен.


Акыркы чатакка Таштанкуловдун апасы да аралашып калган. Ошондогу окуяны Мээрбү эне минтип сүрөттөйт:

- Тиги жакка өтсө деле баламды “намаз окубайсың” деп шылдыңдап күлүшөт, бул жакка өтсө деле мыскылдашат. Өзү да баш оорусу бар баламды жинди кылып бүтмөй болушту. “Апа, мени ушинтип атат го, жөн жашатпайт окшойт, кыжаалат кылып бүттү го” деп капа болуп жүрдү. Мен унчукпа, сүйлөй беришет деп алдап жүрдүм. Анан ошо күнү такыр эле өздөрүнөн кетип топтолуп алышып, акылына келтиребиз дешкен окшойт. Баламды мурдун каната, жондорунан бери из түшүрүп тепкилешти. Бириси карэтист экен, баламдын бетине келип тепти. Мени деле түрткүлөшүп, тебелеп салышты.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон менен азырынча бир жаңсыл боло элек. Жабырлануучунун актоочусу Асел Акматбекова ал эмес иликтөө иштери да кечеңдеп жатканын айтат:

- Мен тиги балдар менен сүйлөшкөндө сурадым, неге “Аллах акбар” деп урасыңар деп. Алар болсо, “биз Аллага шүгүр келтир” деп айтабыз деп атып, “Аллах акбар” деп айтып алыппыз дешет. Бирок ошо урган балдардын баары кармалган жок. Азыр экөө гана убактылуу кармоочу жайда жатат. Бирөөсү болсо таптакыр эле качып кетиптир. Бул иш азырынча жакшы иликтенбей жаткан себеби түшүнүксүз. Көп мыйзамдык иштер аткарылбай жатканы таң калыштуу болуп турат.

Деген менен экинчи тараптын пикири таптакыр башкача. Кеп болуп жаткан “Абдраим кары” мечитиндеги балдар дагы Жаныбек Таштанкуловдун үстүнөн милицияга арыз беришкен.

Мечиттин сопусу Самидин Жумалиев “Азаттыкка” мындай деди:


- Биринчиден, эч качан эч ким эч кимди намаз окубайсың деп мажбурлабайт. Антүүгө акысы да жок, майнабы да аз. Экинчиден, ал өзү мечиттин ичине кирип алып биздин балдарга тап берип атат. Мындагы балдарды коркутуп, уруп, сөгүп жүрдү. Бир баланын мурдун жарып, бирөөсүнүн тишин талкалап, бирисин болсо таш менен койду. Биз деле милицияга кайрылдык, калганын сот иликтесин. Мунун эки жагын караш керек. Ал дагы мусулмандарды жек көрүп, өзүнчө эле бизге акаарат келтире берет.

Маалым болгондой, Мырза-Аке айыл округунда жалпы 7 мечит бар. “Абдраим кары” мечити алардын эң башкысы. Ага күнүнө 40-50дөй киши келсе, жума намазында 300-400дөй адам баш багат. Жакын тургандыктан диниятчылар атеисттик көз карашты карманган Таштанкулов менен буга чейин да бир нече ирет чырдашкан экен.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG