Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Имамдар интернет менен "достошууда"


Чүй имамдарынын семинары
Чүй имамдарынын семинары

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы дин кызматкерлерине интернет-технологияларды пайдаланууну үйрөтүүгө киришти.

Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылынын имамы Кубат Мусуров буга чейин социалдык түйүндөргө кызыкчу эмес. Анда-санда телекөрсөтүүдөн маалымат алганы эле болбосо, дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы окуялар эмне болуп жатканы туурасында, тааныштары менен сүйлөшүп калганда эле кабардар болуп турат. Эми гана социалдык түйүндөрдү жакындан биле баштаган соң, колунда чөнтөк телефонунун баркын түшүнө баштады.

Кубат Мусуров
Кубат Мусуров

- Бул өтө эле зарыл нерсе экен. Мен телевизор көргөнгө деле убакытым жок. Азыр телефондон эле көп маалыматты алса болот экен. Facebook, Whatsapp аркылуу бири-бирибиз менен жакын байланышта болуп турсак болот экен. Биз мындан ара өзүбүз менен өзүбүз боло бербей, эл менен тыкыр байланышта болуп, мамлекеттеги жаңылыктарды да билип турабыз. Көп нерсеге көңүл бурбай келиптирбиз.

Интернет технологиялары боюнча сабак өткөн Назарбек Нышановдун айтымында, көпчүлүк имамдар жаш курагына шылтап соцтармакты колдонуудан баш тартышат. Ошондуктан семинарда жаңы технологиялар кайсы курактагы адам болбосун анын ичинде дин кызматкерлери үчүн өтө актуалдуу экени түшүндүрүлүүдө.

Айрыкча терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө көпчүлүк имамдар интернет айдыңындагы зыяндуу сайттардын кесепетин коомчулукка жеткире албай келет. Андыктан ушул өңдүү семинарлар имамдардын интернетке көз карашын өзгөртөт деген ишенич бар, - дейт Нышанов.

- Биз кайсы сайтка кирсе болот түшүндүрүп айтып атабыз. Биз имамдардын өздөрүнөн жаңы материалдарды жаратуусун күтүп жатабыз. Мисалы, Фейсбукта туура эмес комментарийлер берилип жатса, имамдар өз билими менен бөлүшүп, пикирлерин калтырсын деп айтып жатабыз.

Адистердин айтымында, экстремисттик сайттар Кыргызстандын интернет мейкиндигинде ондоп саналат. Аларда жихадга, бийликке баш ийбөөгө, халифат курууга чакырган ураандар жана жардыргыч заттарды жасоону үйрөткөн окуулар кезигет. Бирок соңку кездери сайттардан сырткары социалдык тармактарда радикалдардын жарандарга тузак коюу фактылары күчөгөнү да айтылып келет.

Идеологияны идеология жеңет

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков имамдар дин жаатында бирдиктүү позицияны карманбаса абал опурталдуу болуп тураганын айтат. Фонддун демилгеси менен азырынча семинар Чүй облусундагы имамдарды камтыды. Алдыда Кыргызстандагы бардык дин кызматкерлерин окуудан өткөрүп, анын ичинде заманбап технологиянын жакындан тааныштыруу пландары бар. Себеби экстремизм менен күрөшүүнүн эң жакшы жолу бул курал эмес, аны өздөрүнүн идеологиясы менен жеңсе болот дейт.

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

- Имамдардын илим-билимин көтөрүү аркылуу экстремизмге каршы күрөшүүнүн эң жакшы жолу болот экен. Биз көрүп атабыз экстремизмди күч менен жеңүү кыйын экен. Дүйнөнү деле көрүп атабыз, күч колдонуп майнап чыгара албай жатат. Идеологияга идеология менен жооп бериш керек. Ошол үчүн имамдардын квалификациясын көтөрүү өтө маанилүү. Биз бир гана диний эмес, светтик предметтерди окутууга да өтүп жатканыбыз ошондон.

Кыргызстанда 2500 имам бар. Эки жумалык окуулар жалпы өлкөнү камтып, бардык дин кызматкерлер заманбап технологияны өздөштүрүү сабагынан өтүшөт.

Мындан башка аларга тил маданияты, убакытты туура пайдалануу, өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү боюнча адистер сабак өтөт. 17-августтан баштап семинар Ош облусунда башталат.

XS
SM
MD
LG