Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Ош: имамдын шектүү иштери иликтенүүдө


Террорчул топтун жетекчиси деп шектелген Бахрам Мамасадыков Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 19-февраль, 2014.
Террорчул топтун жетекчиси деп шектелген Бахрам Мамасадыков Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 19-февраль, 2014.

Ошто террорчулукка шектелип кармалгандардын жетекчиси Кара-Суудагы мечиттердин бирининин имам-наиби болуп чыкты.

Ал жакында эле колго түшкөн алты адамды жихадга үндөп, конституциялык түзүмгө каршы үгүт жасаган деп айыпталууда. Кармалган диниятчы шериктери сыяктуу эле Сирияга барып келген. Бирок имам-наиб Бахрам Мамасадыков өзүнө коюлган кинелерге макул эмес.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун маалымдашынча, Кара-Суунун Кызыл-Мээнет айылынын имамынын орун басары террорчулукка шектелип кармалган 6 адамдын уюштуруучусу болгон деп айыпталууда:

- Кармалган 6 адамдын жана башка күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде, бул жамааттын, башкача айтканда террористтик топтун жетекчисин кармадык. Ал адам Кара-Сууда жайгашкан мечиттердин биринин имамынын орун басары деп көрсөтмө беришти. Ал 1980-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны. Буга чейин эл толгон жерлерде, жыйындарда жана топтун арасында адамдарды ачыктан-ачык жихадга үндөп, мыйзамга туура келбеген, ал эмес Курандын да талаптарына туура келбеген үгүт-насааттарды айтып жүргөн. Ал Кыргызстандын конституциялык түзүмүн кулатууга аракет кылган деп айыпталып кармалып олтурат.
Кармалган киши “тонолгон, уурдалган акчалардын 50 пайызы Сирияга, жихадга жөнөтүлүшү керек, ал эми калган жарымы өзүбүздүн керектөөлөрүбүзгө, курал-жарак алганга жумшалышы керек” деген үндөөлөрдү айтып турган.
Замир Сыдыков

Сыдыковдун белгилешинче, кармалган кишинин үйүнөн да экстремисттик маанайдагы компакт-дисктер, китеп баракчалар жана компьютердик каражаттар табылган. Аз күн мурда террорчулукка шектелип колго түшкөн 6 адамдын үйүнөн да ушундай эле буюмдар алынган эле:

- Кармалгандардын жана анын өзүнүн айтымында, имам-наиб “арам жол менен табылган бизнесмендердин, ири кызматта иштеген адамдардын, же болбосо бакшылардын (көзү ачыктардын) үйүн тоногонго, алардын акчасун алууга дин уруксат берет” деп ошол топту үгүттөп келген. “Тонолгон, уурдалган акчалардын 50 пайызы Сирияга, жихадга жөнөтүлүшү керек, ал эми калган жарымы өзүбүздүн керектөөлөрүбүзгө, курал-жарак алганга жумшалышы керек” деген үндөөлөрдү айтып турган. Бул кармалгандардын экөөсү Сирияга барып, согуштук аракеттерге катышып, атайын даярдыктан өтүп келген.

Ал эми кармалган диниятчы Бахрам Мамасадыков болсо, жаштарды экстремисттик маанайга үндөбөгөнүн, Сирияга барып, жихадга катышууга үгүт жасабагандыгын айтууда. Ал учурда Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурат:

- Мен Кыргызстанда ислам мамлекетин курууга чакырган эмесмин. Жихад жөнүндө аяттарда айтылып калса, ошолор жөнүндө суроолор болуп калса, сүйлөп койчумун. Бирок “Кыргызстанда жихад кылыш керек, же Сирияга, башка жактарга барып согушка катышуу керек, баргыла” деп айткан эмесмин. Мен бир жерге нике окуганы баратып, балдар бир үйгө баарлашууга чакырып калышканынан кирип калгам. Анан бакшылар жөнүндө суроо беришкенде “бакшыларды көрсөңөр өлтүргүлө” деген хадис бар деп айтып, аз-маз сүйлөшүп олтуруп чыгып кеткем. Анан ошол балдар менин сөзүмдөн кийин бир бакшынын үйүнө кирип, эч нерсе таба албай кайра чыгышкан. Аларды мен андай кылат деп ойлогон эмесмин. Анан ошого менин тиешем болуп калып атат.

Бахрам Мамасадыковдун өзүнүн айтымында, ал 1998-жылдан 2005-жылга чейин Кара-Суу районунун Кызыл-Мээнет айылындагы “Абдрашит кары” мечитинде баш имам болгон.
Мамасадыков туруп-туруп эле бир акыйдадан башка акыйдага секирип кете берет. Анда да толук жүрбөй эле, кайра баягыдай “Сирияга баргыла, жихадга баргыла” деп үндөп жиберген учурлары болгон
Сүйүн ажы Калыков

2005-2006-жылдары Сауд Арабиясында, Сирияда билим алып келген. Андан кийин аз убакыт Кашкар-Кыштак медресесинде мүдүр, 2012-жылдан кийин “Абдрашит кары” мечитинде кайрадан имамдын орун басары, диниятчылардын тили менен айтканда имам-наиб болуп иштечү.

Бирок Сирияга байланыштуу окуялар боюнча Мамасадыков өзү мындай дейт:

- Мен өзүм Мекеден, кийин Сириядан Куран боюнча сабак алып келгем. Кийинчерээк биздин айылдан бир бала 2009-2010-жылдары Сирияда университетте окуп келди. Кийин бул жакка келип, бир жылча жүрүп анан кайра Сирияга кеткен. Ошол боюнча келе элек эле. Анан 2013-жылдын август айларында каяктандыр менин телефонумду таап Сириядан чалып, менден жардам сураган. “Биз кыйналып атабыз, жалпы мусулман эл кыйналып атат, суукта калдык, ачка калдык ошого акчадан жардам бериңиздер” деген. Бирок мен биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок аракет кылабыз деп айтканмын. Анан балдарга Сириядагы боордошторубузга жардам берип коёлу деп кеңеш кылгам. Бирок ушу кезге чейин бир сом да жардам кыла элек болчубуз.

Райондук казыят Бахрам Мамасадыковго радикалдык маанайдагы билдирүүлөрү үчүн буга чейин бир катар эскертүүлөр берилгенин ачыктоодо. Кара-Суу районунун казысы Сүйүн ажы Калыков ал ошонун айынан да өткөн жылдын башында эле имам-наибдик кызматынан бошотулганын айтат:

- Бахрам Мамасадыков биздеги бир да мечитте расмий имам болуп иштебейт. Имам-наиб деген кызматтан да 2013-жылдын 27-мартында бошотконбуз. Ал учурда “Абрашит кары” мечитинде имам-наиб эле деген сөз чындыкка туура келбейт. Мурда аны илимдүү, элге кызмат кылсын деп 2 жолу баш имам кызматына койгонбуз. Мамасадыков туруп-туруп эле бир акыйдадан башка акыйдага секирип кете берет. Анда да толук жүрбөй эле, кайра баягыдай “Сирияга баргыла, жихадга баргыла” деп үндөп жиберген учурлары болгон. Бир туруп эле салттуу исламдан, Имам аззам мазхабынан сөз кылып калат, бир туруп эле кээде бир болбогон нерсени балп эттирип салчу. Анан анын акыйдасы бузуктугун билип, биз бир жыл мурун эле ушундай чечим кабыл алганбыз.

Улуттук коопсуздук комитети менен ички иштер башкармалыгынын атайын операциясынын натыйжасында, 14-февралда Сирияда аскердик даярдыктан өткөн террордук топтун мүчөлөрү делген алты адам кармалган.

Шектүүлөрдүн унаасынан колдо жасалган ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана беткаптар табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын айрымдары Сириядагы согуштук аракеттерге катышканы аныкталган. Кармалган топ Бишкек жана Ош шаарларында террористтик акцияларды уюштурууга даярданып жатканын УКМК буга чейин айтып чыккан эле. Учурда аларга карата бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, сурак жүрүүдө.

Маалым болгондой, учурда Ош облусунда 800дөн ашык мечит бар. Анын эки жүзү Кара-Суу районуна туура келет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG