Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Интернет радикал топторго курал болууда


Чүйдө 21 үйдөн шектүү диний китептер чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

Чүйдө 21 үйдөн шектүү диний китептер чыкты

Өткөн жумада Ички иштер министрлигинин терроризм, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмү оперативдик маалыматтардын негизинде жыйырмадан ашык үйдү тинтти.

Анын алкагында диний багыттагы үч миңге жакын китеп, беш миңдей DVD диск, бир канча флешка жана башка үгүт материалдарын табышкан.

Атын атабаган ИИМдин кызматкери шектүү деп саналган үйлөрдү тинтүүнүн жыйынтыктары тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биз экстремисттик материалдар бар делген шектүү адамдардын үйүндө тинтүү жүргүздүк. 21 үйдүн 20сынан ар кандай материалдар табылды, башкача айтканда 2951 китеп, 5468 диск алынды. Алардын арасында “экстремисттик маанидеги мазмуну бар” деп, буга чейин корутунду чыккан 49 китеп бар экен. Калгандарын теологиялык корутунду аныктайт. Корутунду чыгары менен тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгойт.

ИИМ кызматкеринин айтымында, басма түрүндөгү диний адабияттардын мыйзамдуулугу муфтияттын уруксаты жана басмакана тууралуу так маалымат менен аныкталат. Башкача айтканда, муфтияттын китепти чыгарууга уруксаты жана кайсы басмаканадан чыкканы тууралуу маалыматтар жок болсо, ал адабияттар шектүү болуп саналат.

Интернетти көзөмөлдөө түйшүгү

Ошол эле кезде экстремисттик маанайдагы адабияттар баракча, китеп, флешка, диск аркылуу эле эмес, интернет аркылуу да жайылууда. Буга бөгөт коюу колдон-колго өткөн басма адабияттарга караганда алдаганча кыйынга турат.

ИИМдин Кибер коркунучтарга каршы бөлүмүнүн башчысы Улан Бердибаевдин айтымында, өлкөдө жыл сайын радикалдык, экстремисттик үгүт иштерин жүргүзгөн 20га жакын сайт жабылат.

- Азыркы убакта ачык интернет булактарынан экстремисттик маңыздагы маалыматтар жайгашылды делген сайттарды табабыз. Андан соң аларды теологиялык эспертизага жиберебиз. Теолог адистердин корутундусун алган соң биз сотко тиешелүү документтерди жиберип, соттун чечими менен Кыргызстандын интернет провайдерлерине барып, мыйзамга ылайык эки күндүн ичинде сайтка кирүүнү чектеп коё алабыз.

Бердибаевдин айтымында, тилекке каршы, чектөө коюлган сайттар ошол заматта атын жана IP дарегин өзгөртүп, ишмердигин уланта берет. Ал эми социалдык тармактарды көзөмөлдөөгө же баракчаларга тыюу салууга ИИМдин кызматкерлери алсыз.

Мындай коркунучтарга бөгөт коюу максатында өткөн айда парламент экстремисттик материалдарды камтыган сайттар боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алган. Кыргыз өкмөтү сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, экстремисттик материалды камтыган сайттарга сотко чейин эле прокуратуранын көрсөтмөсү менен 3-5 күндүн ичинде чектөө киргизилет жана Транспорт жана байланыш министрлиги тарабынан өчүрүлөт. Эгерде сот экспертиза туура эмес чыкканын айтса, сайт кайрадан жанданат.

Интернеттеги үгүт адамды мусулман кыла албайт

Адистердин баамында, ислам динин карманган жаштардын радикалдашуусуна дин тууралуу маалыматты китептерден же мечиттеги имамдардан эмес, интернеттеги булактардан алышы себеп болууда.

Кыргызстандагы Америка Университетинин доктору Эмил Насридиновдун айтымында, диний илим диск же интернеттеги видеолордун жардамы менен эмес, бетме-бет отуруп, баарлашуу аркылуу алынышы керек. Ал бул үчүн “Таблиги жамаат” кыймылынын ишин мисал тартты: ​

- Эгер динге үгүттөө ошондой эле оңой болсо, анда дааватчылар миңдеген дисктерге ар кандай видео роликтерди жаздырып коюп, аларды көргөндүн баары мусулман болуп кетишпейби. Жок. Андай эмес да. Даабаттын же мындайча айтканда динге үгүттөөнүн негизги принциби - адам динди жайылтуу үчүн өзүнүн убактысын бөлүп, ар бир үйгө барып, эшигин кагып, бетме-бет отуруп түшүндүргөнүндө.

Диний эксперттер калктын басымдуу бөлүгү салттуу ислам динин тутунган Кыргызстанда радикалдык жана экстремисттик маанайдагы адамдардын жана топтордун пайда болуп жатышы диний сабатсыздыктан деп санашат.

Муфтият бул өксүктү адамдардын дин тутуу эркиндигине шек келтирбей туруп толтуруу зарыл экенин белгилеп, жер-жерлерде диний сабатты арттыруу керектигин айтып келатат.

XS
SM
MD
LG