Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Күч органдары "хизбутчунун" укугун бузганбы?


Кара-Суу. Диляр Жумабаевди кармоо учурунда тартылган сүрөт.
Кара-Суу. Диляр Жумабаевди кармоо учурунда тартылган сүрөт.

Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний уюмунун мүчөсү деп шектелген Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Диляр Жумабаевди укук коргоо органдары эки айга камакка алды.

Жумабаевдин үйүн тинтип, текшерүү учурунда ал ур-тепкиге алынганы айтылып жатат. Кыргызстанда “Хизб ут -Тахрир” диний уюму экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган. Акыркы кезде аталган уюмдун иш-аракеттери жандана баштаганын эксперттер белгилешүүдө.

13-сентябрь күнү укук коргоо органдары Кара-Суу районунда жашаган үч адамдын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү экенин ачык айтып келген активисттердин бири Диляр Жумабаев үйгө киргизбей, атайын уруксат кагаз талап кылганда орган өкүлдөрү дарбазадан ашып түшүп, күч колдонушканы айтылууда. Эртең мененки саат 6:30да башталган тинтүүгө бир канча күч кызматкерлери катышкан. Диляр Жумабаевдин адвокаты Валериян Вахитов тинтүү жүргүзүүнү жана Жумабаевге күч колдонууну мыйзамсыз деп эсептейт.

- Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн үйгө кирип баруусу мыйзамсыз. Анткени алар дарбазадан ашып түшүп, уруксатсыз киришкен. Алар саат жети-сегиздерде шашпай эле келип, камакка алуу же тинтүү боюнча кагаздарды көрсөтүшсө жана өз ыктыярың менен катып жаткан нерселериңди бер дешсе деле болмок. Мыйзамда дарбазадан ашып түшүп, эшикти сындыруу, уруп- сабоо деген каралган эмес.

Жумабаевдин бети-башы кан болгон сүрөттөрү интернеттеги социалдык тармактарга да жарыяланды. Адвокаттын айтымында, Жумабаев эки айга камакка алынган. Ал эми үйү тинтилген дагы эки жаран коё берилген.

Аталган окуя боюнча Улуттук коопсуздук комитети расмий маалымат таратты. Анда аталган топ “Хизб ут-Тахрир” радикал-экстремисттик уюмунун аймактык аянтчасы катары милдетти аркалаганы айтылат. Кармалган топ радикал-экстремисттик уюмдун Ош облустук аймактык түзүмдөрүнүн маалымат тармагын координациялап, аларды чет жердеги экстремисттик борборлор жана Кыргызстандын конституциялык түзүмүн кулатууга чакырган баракчаларды чыгарып турган басмаканалар менен байланыштырып турган. Ошондой эле тинтүү учурунда 300 нускадагы тыюу салынган жазма жана электрондук адабияттар, ксерокөчүрмө жана фото-видео аппараттар алынган.

Ош: "хизбутчунун" үйүн тинтүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда экстремист деп кармалгандардын 70 пайызы “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү. Диний маселелер боюнча адистешкен журналист Кубатбек Айбашов “Хизб ут-Тахрир” уюму ишмердигин күчөтүп, интернетти, социалдык тармакты ачык-айкын колдонууга өткөнүн айтууда.

- “Хизб ут-Тахрир” партиясы өзүнүн чакырыктарын ачык эле жүргүзүп жатканын көрүп жатам. Мамлекеттик органдар тарабынан аларга каршы эч кандай чара көрүлгөн жок. “Атайын кызматтар Бишкектен барып, биздин активдүү мүчөбүздү кармады” деп Диляр Жумабаев боюнча да жазып чыгышты. Ушундай чакырыктар көп эле болуп жатат.

Кубатбек Айбашовдун баамында, “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун чакырыктарына ислам дининен терең кабары жок, бирок өзүн мусулманмын деген карапайым адамдар тез алданып калууда.

- Алар “кыргыз өкмөтү ислам динине, мусулмандарга каршы аракеттерди кылып жатат, биз ойгонушубуз керек, каршы турушубуз керек” деп жазышууда. Бирок алар өздөрүнүн “хизбутчулар” экенин такыр айтышпайт. Алардын жазган пикирлерине комментарий жазган карапайым адамдар аларга ишенип, ал жазылган маалыматтарды түз кабыл алып жатканын байкасак болот. Карапайым адамдар “чындап эле мусулмандарга каршы иштер болуп жатыптыр, кыргыз өкмөтү ислам динине бут тосуп жатыптыр” деп кабыл алышууда.

Кыргызстандын Жогорку Соту 2003-жылы “Хизб ут-Тахрирди” радикал- экстремисттик уюм деп тапкан. Ошол эле жылы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы да аны ислам дининин түпкү эрежелерине каршы келген агым деген бүтүмүн чыгарган. “Хизб ут-Тахрир” Борбор Азия аймагында халифат курууну, ислам мамлекетин орнотууну көздөөрү айтылып келет. Өткөн айда болсо “Хизб ут-Тахрир” уюмунун каза тапкан мүчөсүнүн сөөгүн жерге берүү зыйнаты учурунда тартылган видеотасма социалдык тармактар аркылуу кеңири тарап, талкуу жараткан болчу. Эксперттердин оюнча, ушул көрүнүштөрдүн баары “Хизб ут-Тахрир” уюму өз ишмердигин жарым-жартылай ачык жүргүзө баштаганын күбөлөп турат.

XS
SM
MD
LG