Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:48

Дин

Исламчылар менен теңирчилер тиреши күчөбөйбү?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусу Кыргызстандагы исламчылар менен теңирчилердин тирешүү себептерине арналды.

Текст көлөмү - +
Талкууга Тай тебиш улуттук спорт өнөрүн түптөгөн Кубанычбек Тезекбаев менен "Дил мүрөк" адеп-ахлак борборунун жетекчиси Өзбек ажы Чотонов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Тай тебиш улуттук спорт өнөрүнө Улуттук коопсуздук кызматы диний касташууну козутту деген негизде кылмыш ишин козгоду. Бул кимдин арызы менен жана кандай күнөө коюлуп жатат?

Кубанычбек Тезекбаев: Тай тебиш спорт өнөрү бекеринен чыгып калган жок. Бул - кыргыздын ата-бабаларынан келаткан улуттук спорт болуп эсептелет. Учурунда тарбия-таалим, география, медицина "Манастын" ичинде камтылган.

​​18-июнда Самыйкожо Мирлан тай тебиш боюнча айтып бер деп бир сааттык эркин маекке чакырган эле. Мен ошондо тай тебиштин төрт - тил, жан, дене, рух машыгы бар экенин, асман ааламдык улуу күчтөр, табият менен жуурулушуп, эргүү, чыңдоо деген күүнүн сырлары тууралуу айтканда, Мирлан "Өзбек ажы "Манаста" тарбия жок деп айтып атпайбы" деди. Аны мен деле уккам. Ошондо мен "Өзбек ажы «Манасты» жакшы билбейт, ошондуктан айтып атат" дедим.

​​Бул кишилер ислам тарбиясында окугандан кийин "Манастын" ичиндеги руханий сырларды көп биле албайт дегем. Мен Жүз жигит баяны жөнүндө да айттым.

Өмүрбек Абдрахманов деген депутатыбыз "Манас деген бандит, баскынчы" деп айтыптыр. Ошого ачуум келип, мен "керек болсо молдолордун ичинде да бандиттер көп, бул жактан киши өлтүрүп ажыга барып, ажы болгондор толтура" дегем. Мусулман динин жамынып алып бузулман деген сөздү айткам.

"Азаттык": Сизди сотко ким берди?

Кубанычбек Тезекбаев: Апрел революциясына катышкан Турусбек Сагынаев деген киши арыз жазган экен, ага көп кишилер кол койгон экен. Ошондо биздин сүйлөгөн сөзүбүздү дискке жаздырып алып, дин башкармасы коопсуздук комитетине жибергенде, алар "улут аралык жаңжал салган" деп иш козгоп атышат.

"Азаттык": Өзбек мырза, тирешүү күчөп кеткен жокпу?

​​Өзбек ажы Чотонов: Тирешүү күчөп кетиши мүмкүн. Анткени Түгөлбай Казаков, Дастан, Анарбек Усупбаевге окшогон теңирчилер көптөн бери исламга асылып келатышат. "Ислам бизге кереги жок" деп айтып атышат. Андай кишилерге исламдан айланып кетсин дейм, аларга биз муктаж эмеспиз. Ким мусулман болбойм десе эч кандай муктаждык жок.

Бул жерде арабдашуу деген сөздөрдү айтып атышат, бул - жалган кеп. Христианчылык, ислам, иудаизм - үч улуу дин арабдыкы да, еврейдики да эмес.

"Азаттык": Ушул тирешүүнүн учугу эмнеден келип чыкты?

Өзбек ажы Чотонов: Биз теңирчилер мындай-тигиндей деп айта элекпиз. "Манаста" тарбия системасы жок, аны мен чынында айткам. Мисалы, Манас өзү тарбияланган эмес, арак ичип беш каманга түшүп калганы факт, айтып келсек каталары толтура. Мен аны менен Манасты жаман дебейм, биз "Манасты кудай кылып салбагыла, пайгамбар кылып жибербегиле" деп атабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: daniyar каяктан: osh
24.01.2012 14:38
assalomu aleykum ... azattikdan iltimas bul ishti akirina jetkirib koygila vaktibiz kem ubakit chegerelengan debesten?! bul tenerchilar ar bir aytkan sozduruna jaab berishsin!! ech kim arabtashib ketgen jok alhamdulillah musulmanbiz bizdin allahimiz, kitebimiz, paygambaribiz, tariximiz bar

кимден: тоолук
24.01.2012 13:50
эй, бир туугандар. тундук-туштук болуп болунгонубуз аз келгенсип, эми тенирчи-мусулман болуп болунолу. ким мусулман, ким каапыр экенин Алла Таалам озу таразалайт. акылынарга келгиле. башка мусулман улуттар оз тарыхын, маданиятын ислам менен чогуу эле алып кетип жатат го, эмне эле бир эпоско асылып калдынар анча элди экиге болуп? бул кудайга жакпай турган иш.

кимден: БОЛОТ каяктан: МОСКВА
23.01.2012 23:49
Тенирчилик бул кок асманга сыйынуу Турк ж-а Монгол элдеринин диний коз карашы- бул Л Н Гумилевдын тактоосу. Тенирчиликтен Чынгыз хандын урпактары Берке Казан азыркы турктор кыргыздар казахтар ж б турк элдери баш тартышкан ж-а Ислам динин кабыл алышкан алар эн туура кылышкан себеби тенирчилик бул адашуучулук Алахка шерик кошуу Дуйнодогу бардык мусулман элдери Аллахты котормосуз эле колдонушат создорундо мисалы тажиктерден турктордон казахтардан кудайын ким деп сурасан АЛЛАХ дып жооп беришет

кимден: канат каяктан: талас
21.01.2012 20:54
Манас эпосунда Манас атабызды намаз окуду дейт. Бул кандай болот.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.01.2012 19:17
Я бы сказал, что Усупбаев оскорбил всех мусульман своим утверждением насчет дооловского перевода Корана. Своим поведением показал - насколько невоспитан, некультурен и зол. А что касается тенгрианства- просто смешно наблюдать как эта забавная, карликовая и убогая языческая секта силится бороться против Светлого Ислама. Никогда не было, нет и не будет никакой такой тенгрианской религии. АЛЛАХ АКБАР.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.01.2012 18:52
Өзү кыргыз элим Ыйса Машаякка ишенип Теңир деп келген. Эгер Тарыхты карай турган болсок кыргыздар мусулман динине өтүп кеткен арабча сыйынып. Кудай кыргызча деле угат ко ар бир адам Теңир алдында жооп берет. Меккеге зиаратка барып келсе эле мусулман деп ыйык тутуп алышат кыргыздар эч качан мусулман болгон эмес. Кыргыз элим чыныгы тирүү Кудайга ишенгенде гана чыныгы сүйүүгө ээ болушат ал сүйүү Ыйса Теңирде себеби биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүп, кайра үчүнчү күнү тирилген. Ыйса Теңир жол, чындык жана өмүр.
Пикирге жооп

кимден: Болот каяктан: Москва
24.01.2012 00:07
Иса алейхи салам тенир эмес жонэле пайгамбар, ал олгон эмес аны периштелер асманга алып чыгып кетишкен Исага кол салганда .Иса инжилдин бир дагы стихинде "мага сыйнгыла мен кудайынар болом" деп айткан эмес. Дуйнодогу бир гана чыныгы дин ИСЛАМ арабчадан которгондо тынчтык дегенди тушундурот. Буга Курандагы аятардын илимий ачылыштар м-н дал келиши.

кимден: Кыргыз
21.01.2012 15:46
Ээ туугандарым, Манас менен Ислам динин салыштырбагыла. Манас улуу Кыргыз элинин философиясы. Ал ислам пайда боло электе эле кыргыздын канында бар болчу, дагы да Манас жоголбойт. Бекерине миллиондогон саптарды ушул заманга чейин оозеки сактап келишпесе керек. Өзбек ажы Манастын бир же эки вариантын толук окуп чыкканына кумонум бар, окуса да тушунугу жетпейт болуш керек. Азыр Ислам дининде канча деген секталар(агымдар) пайда болду, канчалаган элдин башын айлантып атышат. Мындай конфликтер дагы кучосо керек. Кудайга, Тенирге, Аллахга кимге ишенсенер да Кыргыз бойдон эле калалычы,Кыргыз деген улутту өчүрбөй укум-тукумубузга өткөрүп берели..
Пикирге жооп

кимден: GULY каяктан: ASIA
27.01.2012 03:03
Filosofiya menen dindin ayirmasy chon, bayke. oshondoy ele ulut menen dindin dagy. Duynodo musulman degen uluttu korsotchu maga. JAKSHYSY, ozundun sabatsyzdygyndy da korsotpoy, kyrgyz degen atty da bulgabay, ulutunu da uyat kylbay jazbay ele koichu. Bul ubakytyny okup, uyronuugo korotson dagy tuura kylgan bolosun.
Пикирге жооп

кимден: km,k
23.01.2012 21:15
урматтуу бир тууган исламдын секталарга болунорун сага чейин эле пайгамбарыбыз "саллалаху алейхис уа салам" 73агымга болунот деп айткан. мусулман болсок да биринчи кыргыз бололу деген бул ката соз сенин кыргыз экенин кудай алдынды авторитети жок мусулман болбосон.
Пикирге жооп

кимден: Чынчыл
24.01.2012 00:26
Кудай менен суйлошуп келбегенден кийин антип ишенимдуу суйлобо. Кудай кереги жок деп эсептесе улуттарды жаратмак эмес. Анын ичинде кыргызды дагы.

кимден: Бакыт каяктан: Бишкек
21.01.2012 14:00
Кыргызстан с, ишенич официалдуу болуп эсептелбейт жана ал эч бир документте, мыйзамда жазылбайт. Бугунку куну республикада исламдан жана тенирчиликтен башка дагы 30дун тегерегинде ишенимдер бар. Ошондуктан ким эмнеге ишенет, мусулман болобу тенирчи болобу же протестант болобу ага эч ким тыйуу сала албайт, ал ар кимдин оз эрки. Кыргыздар мурда тенирге ишенген же мусулман болгон эмес деп исламды жокко чыгара албайбыз, тыйуу сала албайбыз себеби бугун ислам дининде жургондор чындыгында копчулукт тузот (мусулмандардын майрамында эски аянтка келип коргуло, 50-60 мин адамдын намаз окуганын). Анан бир топ чыгып эле биз тенирчи болушубуз керек десе эле баары тенирчи болуп кетпейт да. Дуйнолук диндердин ар бир коомдо оз орду бар экендигин билишибиз керек. Ал эми бул ишеничтердин ортосундагы диний талаш тартыштар баары бир бир жыйынтыка алып келбейт. Бул талаш-тартыштар зомбулука айланып кетпешин укук коргоо органдары алдын алаар. Ага биз кийгилишпейли. Айта кетчу нерсе айрым ММК лар бул маселени коомчулука кайра-кайра алып чыгып, бугунку кундо бул маселени ырбатып жатышат. Мисалы "ынгайсыз суроолордогу" тартышуу. Бул маселени чыгарыштын эч кереги жок болчу. Теологиялык же эпистемиологиялык тартыштар боло берет, бирок алар эч бир убакта бирин бири кабыл алышпайт, маселени курчуткандан башка.

кимден: Ногойхан
21.01.2012 11:52
Куран араб элинин пайдасына жазылган. Араб элин, бийлигин таратуу максатында. Манас кыргыз элинин пайдасын көздөйт. Эгер арабдар Манаска ишенсе, анда алар кыргыздын кулу болот, ал эми эгер кыргыздар Куранга ишенсе, анда алар арабдардын кулу болот.
Пикирге жооп

кимден: Каршыбек каяктан: Питер
21.01.2012 16:50
Ногойхан сиз кайсыл биздин заманга чейинки кылымда жашап атасыз биз арабдардын кулу эмес АЛЛАХтын кулубуз Манас атабызда АЛЛАХтын кулу сиз озунузду чыныгы КЫРГЫЗ эсептесениз эмнеге 2010-жылкы июнь окуясында жок болдунуз канчалаган кыргызмын деген жигиттер кырылып кетти озунузго суроо берип корунуз мен КЫРГЫЗ учун КЫРГЫЗСТАН учун эмне кылдым деп
Пикирге жооп

кимден: Бооронбай каяктан: Бишкек
04.02.2012 14:23
Каршыбек Кыргызча айтсаң, Манас атабыз аллах деген эмес Жарткан теңирим деген.Ал эми 7-апрелде жалпы кыргыз эли Манас атабыздын урпактары , Манас атабыздын духу колдоп октон жалтанбай эркиндиги үчүн күрөштү. Ал эми сен айтып жаткан узун көйнөк кийген исламчылар чыккан жок. Алар үйүндө чай ичип окко учуп жаткан кыргыз балдарын карап көз салып отурушкан, астафуралла дешип.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.01.2012 09:59
Биздер тутуп журобуз
Бир Кудаанын буйругун.
Кубаттуу болор тирлигин
Кудаанын билгин тирлигин.
К=рб=й туруп ынанып
Конулдун чыгар кирлигин
Бербердигер бир Алла
Бар!- деп билгин ката жок.
*********************
Болсо сенде дил деди
Болжоп акты бил деди
Ак Ислам динине
Азбай балам кир деди
***************
Манас. Кыргыз элинин бааатырдык эпосу. С.Орозбаковдун варианты боюнча. Т-згондор Самар Мусаев, Абдылдажан Акматалиев. Хан Тенир басмасы, Бишкек 2010.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине