Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Окуучу мугалимин айыптап чыкты


Нафиза Назарова апасы менен
Нафиза Назарова апасы менен

Кара-Суу районундагы Каримжан Рахимов атындагы мектептин 9-классынын окуучусу сабакка жоолук салынып келип жатканы үчүн мугалимден таяк жегенин айтып чыкты.

Бул боюнча анын ата-энеси тартип коргоо кызматтарына арыз менен кайрылды. Мугалим болсо окуучуга мектеп формасын кийүү талабын гана койгондугун айтып, сабады деген айыптоону четке кагууда.

Кара-Суу шаарындагы Каримжан Рахимов атындагы орто мектептин 9-класссынын окуучусу Нафиза Назарова кичинекейинен эле динге берилген. Бирок жоолук салынып келгени үчүн окуу жылдын башынан бери эле мугалиминен ыдык көрүп келатканын айтып чыкты:

- Мектеп башталгандан бери менин жоолугума, узун юбкама асылып жүрдү. Анан ошол күнү да кыргыз тил сабагы болчу. Эжеке кирип келип эле “узун юбка кийгендер сыртка чыгып кеткиле” деди. Мен чыкпай койсом, китеп-дептеримди сумкама салып, мени сыртка сүйрөп чыгарып салды. Түртүп, колдорумду оорутуп салды.

“Сабактан кууп чыкканы аз келгенсип, эжекем мени сабап да жиберди” дейт Нафиза.

- Кийин мен директорго кирсем, ал юбкамды бир аз өйдө көтөрүп, жоолугумду оңдоп, кайра сабакка киргизип жиберди. Анда кайра мени директордун кабинетине алып кирип, “эмне менин аброюмду төгүп жатасың?” деп кыйкырып кетти. Бир маалда эле капыстан мени 3-4 жолу уруп жиберди. Качып чыгып кеттим. Классташтардан уялып, азырга дейре сабакка барбай жүрөм. Эми мен кантип баш көтөрүп жүрөм? Мугалим ошол урганына жооп берсин...

2-октябрда болгон окуя, кыздын ата-энеси күч органдарына арыз жазгандан кийин гана белгилүү болуп отурат. Кыздын апасы Хафиза Назарова:

- Биринчиден, сабактан айдап жиберүүгө акысы жок. Экинчиден, кызымды урганга укугу жок. Ошого жооп берсин. Азыр милицияга да, прокуратурага да арыз жаздык. Кызымды судмедэкспертизага, окулистке көрсөттүк, жыйынтыктары чыкты. Участкалык милиция маселенин баарын териштирип атат. Бул жердеги болгон окуяны мектеп директору менен китепканачы көргөн, алар күбө болуп беребиз деп атышат.

Эне-кыз Нафиза жана Хафиза Назаровалар айыптап жаткан мугалим Таттыгүл Ормонова мектепте мугалимдиктен сырткары окуу иштери боюнча директордун орун басары болуп иштейт. Ал өз окуучусу койгон айыптоолордун баарын четке кагууда:

- Мен аны биротоло эле кыскартып ал, жоолугуңду ыргытып жибер деген жокмун. "Тизеден бир карыш ылдый юбка кийип, жоолугуңду артыраак тагын да, ак жаканы чыгарып кел, ак кофта, кара юбка кийип кел" деп талап койгом. Мунун баарын ошо мектептин жобосунун негизинде талап кылгам. Ал эми жобону болсо мектеп жамааты, мугалимдер жана ата-энелер биргеликте кабыл алган. Мен аны эч качан, эч жерде урган эмесмин, мыйзамдык жактан ага акым да жок. Бирок мен аны ата-энеңди чакырып кел, же формаңды алмаштырып кел деп, сабактан чыгарып жибергенимди мойнума алам. Бул менин айыбым. Себеби мен ал кызды бир ай күттүм, формаңды алмаштыр деп. Бирок уруп-сабады деген нерсе бул жөн гана жалган жалаа.

Ормонова ошондой эле бардык окуучуларга да ушундай талап болуп келгенин кошумчалады:

- Бардык окуучуларга талап бирдей, баары ушул эрежени аткарып, окшош мектеп формасын кийип келишет. Кээ бирлери мода экен деп, узун юбка алып алышкан экен, аларды эскерткенибизден кийин кайрадан талапка көнүшкөн. Бир гана ушул окуучу гана мектептин уставын аткарбай келди. Ал жоолук менен бетин жаап алганы аз келгенсип, мончок, шылдырактарды, шакектерди да тагынып келчү. Жободо ага деле уруксат берилген эмес. Окуучу деген окуучудай эле болушу керек. Кийин чоңойгондон кийин деле жоолук салынып алууга үлгүрөт. Анан мага эмнеге минтип жалган жалаа жаап атканы да түшүнүктүү. Эрежени талап кылып жатканыма өчөшүп, ушундай кылып атышат.

Билим берүү министрлиги жоолук салууга тыюу салуу жок деп буйрук чыгарып берген. Бирок анда жоолук, хижаб деген нерселерге так аныктама берилбей калган.
Бул маселеде мектептин жетекчилиги комментарий берүүдөн баш тартты. Директор Жылдыз Токтаева менен телефондон байланышканыбызда ал мындай деди:

- Мен бул боюнча интервью бере албайм. Бул менин укугум. Бирок эгер милиция, прокуратура көрсөтмө берүүгө чакырса, ал жерге барып окуяны айтып берүүгө даярмын. Ансыз деле чакыртышты эле, мен барып түшүнүк кат жазып келдим.

Ал ортодо байкоочулар мектепке жана университетке жоолук салынып келүү боюнча жаңжалдар көп орун алып келатканын эскертишүүдө. Оштогу “Юз оф Ош” коомдук уюмунун өкүлү Акмарал Сатинбаева мунун себебин нормативдик актылардын так эместиги менен байланыштырууда:

- Негизи мектеп жетекчилиги ар дайым мектептин уставына таянып, жоолук салынууга тыюу салып келет. Ал эми ата-энелер, кыздар жана алардын укугун коргогон уюмдар Баш мыйзамда ар бир бала билим алууга укуктуу экенин жана жоолук салууга тыюу жоктугун айтышат. Алар "негизги мыйзамдан устав бийик болуп кеттиби" дешет. Ортодо эле мугалимдер кыйналып, жаман көрүнүп атышат. Анткени райОНО алардан окуучуларды бир формага келтиргиле дейт, ал эми ата-энелер болсо өз укуктарын талашышат. Негизи былтыр Билим берүү министрлиги жоолук салууга тыюу салуу жок деп буйрук чыгарып берген. Бирок анда жоолук, хижаб деген нерселерге так аныктама берилбей калган. Жоолукка уруксат болсо, аны кандай салыныш керек, арткабы, же үстүрөөкпү, ошону кошо толуктап жазып коюш керек. Маселенин баары ошо терминдердин так жазылбай калгандыгында болуп жатат.

Кара-Суудагы окуучу Нафиза Назаровага байланышкан окуя боюнча кылмыш иши козголо элек. Милиция менен прокуратура окуяны азырынча териштирип жатканын айтууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG