Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Кадамжайда баптисттерди батырбай жатышат


Кадамжай шаарында бир катар жашоочулар баптисттик диний агымдын ишин көзөмөлдөөнү талап кылып кол топтоп, жергиликтүү бийликке жөнөтүлгөнү айтылууда.

Нааразылар христианчылыктын бул агымы үй-бүлөдө жана коомдо диний ажырым жаратышы мүмкүн деген кооптонушууда. Ал эми бул агымдын өкүлдөрү өз ишмердиги мыйзамга ылайык келгендиктен текшерүүгө каршы эместигин билдирип жатышат.

Жашы 30дан ашып калган Иляз ысымдуу жигит баптисттик агымды тандап алганына он жылдын жүзү болгонун айтты. Ал Кадамжайдагы баптисттер сыйынчу үйдө жетекчилик кылат:

- Кудай эч качан адамдын эркине каршы чыкпайт. Ал эч качан зордоп же мажбурлабайт. Баарын адам өзү тандайт.

Иляз жетектеп келаткан Сыйынуу үйү калктуу конуштардын биринде жайгашкан. Ал жерде жумасына төрт жолу сабак болот. Сабактын жадыбалы сыртта илинип турат. Ал жерге барып жүргөндөр уюм 10 жылдан бери ишмердигин жүргүзөөрүн айтышат.

Жашоочулар баптисттер мурда көп ачыкка чыкпаганын айтып, үч-төрт айдан бери агымга кирчүлөрдүн катарын кеңейтүүгө астейдил киришти деп кабатыр. Алардын бири - Улук Мамадалиев:

- Булар Иса пайгамбарды ыйык тутуп алышкан. Ал деген башкалардай эле пайгамбар болгон. Кудай кылып алуу туура эмес.

Кадамжайда канча адам христианчылыктын бул агымына киргени жөнүндө так маалымат жок. Божомолдорго караганда, сыйынууга келгендердин басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр. Бул агымга кирип жаткандардын саны күн санап өсүп жатат деген имиштер улам көп айтылчу болуптур. Тургундардын арасында баптисттик агымды тандап алгандарга түз көз караштагылар да бар. Шаар тургуну Бүсара Баитова:

- Кыргызстандын мыйзамы боюнча ар ким каалаган динин карманууга акылуу. Ар кимдин өз эрки. Каалаган адам каалаган динин тутунууга акысы бар. Динге эч убакта тыюу салынган эмес да.

Айрым кадамжайлыктар өткөн айдын соңунда баптизм агымынын ишмердиги токтотулушун, же бул жерден кетишин талап кылып, арыз жазып, жергиликтүү бийликке жиберишкен. Арыз негизинен шаардагы мечитке каттаган кишилердин демилгеси менен жазылып, 64 адам кол койгонун Кадамжай районунун имам-хатиби Мухидин Алматов айтты:

- Элдин атынан арыздануу болду. Анын негизинде жазылган даттанууну жергиликтүү бийликке бергенбиз. Биз мусулманбыз. Шаардагы баптисттердин сыйынуучу жайына кирип-чыккандар көбөйүп баратканына кабатырбыз. Алардын арасында окуучу кыргыз балдары да бар. Эртең бир үй-бүлөдө диний келишпестиктен улам ажырым пайда болуп калышы мүмкүн. Бирөө мусулман, экинчиси баптист. Баптисттерден бирөө каза болуп, мусулмандар коюлчу мүрзөгө көмөбүз десе, жаңжал чыгышы ыктымал. Алардын мүрзөсү жок.
Кыргызстандын мыйзамы боюнча ар ким каалаган динин карманууга акылуу. Ар кимдин өз эрки.
Бүсара Баитова

Шаар тургундары бул агымдын өкүлдөрү өспүрүмдөрдү алдоо жолу менен катарына кошуп жатканын божомолдошсо, Иляз алар өз ыктыяры менен, ал тургай ата-энеси менен бирге келет деп ырастайт:

- Биз жөнүндө айтылып жаткан кеп-сөздөр чындыкка дал келбейт. Биз эч кимди алдабайбыз. Катарыбызга кошулууну каалагандар өз каалоолору менен эле келишет. Бойго жете электер ата-энеси менен, ал эми жашы жеткендер өз эрки менен эле келет.

Калк арасында баптисттерге кай бир эл аралык уюмдар каржылык колдоо көрсөтөт деген божомолдор айтылып жүрөт. Бирок райондук бийликтин диний координациялык кеңешинин төрайымы Токтокан Илязова баптисттер уюму расмий каттоодон өткөндүгү үчүн ишмердигин токтотууга негиз жок деп эсептейт:

- Себеби Кыргызстанда дин тандоо укугуна чек коюлган эмес жана баптисттик агым тыюу салынган уюмдардын катарына кирбейт. "Хизб-ут Тахрир" сыяктуу тыюу салынса, анда аларга көзөмөл кылсак болот эле.

Ал ортодо исламды тутунган айрым жаштар баптизмдин жайылышына каршы нааразылык акциясын уюштурууга даярданып жатканы кабарланды.
XS
SM
MD
LG