Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Мырзабаев: Жаштардын көбү ханафи мазхабын билбейт


Маметбек Мырзабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүмүнүн башчысы.
Маметбек Мырзабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүмүнүн башчысы.

Өткөн аптада Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Ишеналы Арабаев атындагы университет менен биргеликте жүргүзгөн «Жаштар жана Ислам» аттуу социологиялык иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

39 суроодон турган сурамжылоого Бишкектеги 12 жогорку окуу жайдын студенттери тартылып, жалпысынан 2100 адам катышкан.

Сурамжылоонун жыйынтыктары күтүүсүз болгонун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талдоо, дин уюмдары жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, социологиялык изилдөөнүн жетекчиси Маметбек Мырзабаев “Азаттыкка” айтып берди.


Маекти толугу менен бул жерден угуңуз



Мырзабаев: Акыркы мезгилде биз диний абалды илимий негиздеги усулдарга жана көз караштарга таянуу менен кароого аракет кылып жатабыз. Ошондуктан илимий усулдарды колдонуп, диний абалды, өзгөчө жаштардын диний түшүнүгүн: эмнеге сыйынат, кандай көз карашка ээ, канчалык деңгээлде динчил деген суроолорго жооп издедик. Сурамжылоо жүргүзүүдө Бишкекте жайгашкан негизги 12 жогорку окуу жайды алдык.

Мусулмандардын санын биз буга чейин 85 пайыздын айланасында деп ойлочубуз. Буга чейинки анализдерде ошондой деп көрсөтүлүп келген. Ал эми биздин сурамжылоодо мусулмандардын саны 90 пайыздан ашты.

“Азаттык”: Ушул сурамжылоонун жыйынтыгындагы көрсөткүчтөр аркылуу өлкөнүн диний саясаты кандай багытта баратканын боолгологонго мүмкүнчүлүк болдубу?

Мырзабаев: Албетте. Мисалы, мурда 3-4 эле диний конфессия бар болчу. Азыр болсо, ар түркүн диний агымдарды, диний түшүнүктөрдү жана багыттарды кошкондо алар отуздан ашып кетти. Ал эми диний уюмдардын саны 1989-1990-жылдарга караганда отуз эсеге өстү. Уюмдашуу менен бирге эле жарандар арасында динчилдик да өсүп жатат. Бул деген диндин коомдук жашоодо канчалык деңгээлде мааниге ээ болуп баратканын, жалпы тенденцияны көрсөтөт.

“Азаттык”: Ал эми ушул сурамжылоо Кыргызстандагы диний конфессиялардын сандык катышын көрсөтө алдыбы? Маселен, христиан православдарынын жана протестанттарынын саны канча болуп калыптыр? Буддисттер барбы Кыргызстанда дегендей...

Мырзабаев: Кыргызстанда буддисттер 0.7 пайыз экен. Православ христиандарынын саны болсо, 4.6 пайыз. Бирок бул сан православдар үчүн аз деп ойлойм. Менимче, 90-жылдардын айланасында православдардын саны мындан кыйла жогору болгон. Булар үчүн азыр 4.6 пайыз деген абдан аз көрсөткүч. Эгер ушул ыргак менен кете турган болсо, анда православдардын ордун христиан дининин башка багыттары ээлеп калышы мүмкүн деген ойлор жаралууда. Балким жүрүп отуруп, протестанттар Кыргызстанда православдардан көп болуп калышы мүмкүн.

Кыргызстандагы мусулмандар негизинен исламдын ханафи мазхабындабыз деп айтып келебиз. Кыргыздар илгертен ушул мазхабда. Президент да “кыргыздар ханафи мазхабында, аны колдош керек” деп айтып келет. Бирок суралгандардын 12 пайызы гана өзүн ханафи мазхабындамын деп эсептейт экен.

Ал эми студенттер арасында протестанттар аз экен, 1 пайызга да жетпейт. Бирок азыркы мезгилде протестанттарга, дегеле динин алмаштыргандарга карата коомдо жектөө сезими бар эмеспи. Балким ошонун айынан да алар өздөрүнүн карманган динин ачыктаган жокпу деген да ой пайда болууда.

Мусулмандардын санын биз буга чейин 85 пайыздын айланасында деп ойлочубуз. Буга чейинки анализдерде ошондой деп көрсөтүлүп келген. Ал эми биздин сурамжылоодо мусулмандардын саны 90 пайыздан ашты. Атеисттер Кыргызстанда азыр деле бар экен, алардын саны 1.3 пайыз болду. Католиктер болсо, 0.3 пайыз экен.

Мени дагы эң көп таң калтырган нерсе - Кыргызстандагы мусулмандар негизинен исламдын ханафи мазхабындабыз деп айтып келебиз. Кыргыздар илгертен ушул мазхабда. Президент да “кыргыздар ханафи мазхабында, аны колдош керек” деп айтып келет. Мамлекет тарабынан кабыл алынган диний концепцияда да ханафи мазхабы жөнүндө сөз болот. “Биз ханафи мазхабын колдойбуз, ушул багытта өнүгөбүз” деп муфтияттын уставында да жазылган.
Бирок биздин сурамжылоонун натыйжасында, суралгандардын 12 пайызы гана өзүн ханафи мазхабындамын деп эсептейт экен. Ал эми 54.4 пайыз жаштар бул жөнүндө эч кандай маалыматым жок деп жооп берген. Бул суралгандардын жарымынан көбү. Буга кошумча жооп бере албайм деген катмар 28.2 пайызды түздү. Бул деген сөз - жаштар ханафизм деп ар түркүн терс агымдарга жана кыймылдарга кирип кетүү коркунучу бар экенин билдирет. Мен бул нерсени диний багыттагы баарыбыздын кемчилигибиз катары көрдүм.

“Азаттык”: Бирок бул сурамжылоонун жыйынтыгы канчалык реалдуу? Ал бүгүнкү чыныгы фактыларга канчалык туура жана шайкеш келет? Анткени бир жагынан алганда бул дүңүнөн жасалган эсеп болуп жатат да. Ошондуктан ал чыныгы турмушту канча пайызда бере алат деп ойлойсуз?

Мырзабаев: Социологиялык иликтөөдө сурамжылоо жүргүзүлө турган адамдардын тобу тандалып алынат. Мисалы, биз 2500 кишиге сурамжылоо жүргүзүп, жарактан чыккандарын алып салганда, 2100 жооп колубузга тийди. Сурамжылоо жүргүзүлө турган топтун саны канчалык чоң болсо, изилдөөнүн жыйынтыгы ошончолук ишенимдүү болот.

Кыргызстан үчүн эң мыкты сурамжылоо, албетте 5 млн. калктын баарын сурап чыгуу. Бирок ушунча адамды сурап чыгууга мүмкүн болбогондуктан, социологияда жогорудагыдай адамдардын тобу тандалып алынат. Менин оюмча, 2100 адам катышкан бул сурамжылоо аябагандай салмактуу көрсөткүч.
XS
SM
MD
LG