Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Орозо башталды


Ош шаарындагы жума намаздардын бири, 12-июнь, 2012.
Ош шаарындагы жума намаздардын бири, 12-июнь, 2012.

Дүйнө мусулмандары менен бирге Кыргызстанда да миңдеген адамдар ооз бекитип, орозо кармашты.

Быйыл жай саратанга туш келген Рамазан айында 17 сааттан ашык наар албай, ачка жүрүүгө туура келет.

Бишкекте жашаган 78 жаштагы Тунанбай ажы Нарматов 40 жылдан бери орозо тутат. Ал бүгүн да таң агарганга чейин тамактанып, саат үчтөн он тогуз мүнөт өткөнгө жетпей оозун бекитти. Андан соң багымдат намазына кам урду.

- Орозо бул - Алла Тааланын буйругу, карыбы-жашпы, аны аткарыш керек. Жашым жетимиш сегизде. Бирок Алла Таалага ишенгенден кийин анын буйруктарын аткарууда ысыкпы-суукпу сезилбей калат.

Таңга маал оозун бекиткен Тунанбай аксакал эми кечки саат сегизден кырк жети мүнөт өткөндө гана тамактанат. Бул деген ал дээрлик 17 саат 30 мүнөт наар албай, суу ууртабай, ачка жүрөт дегендик.

Быйыл орозо күндүн эң узак мезгилине туш келди. Ага карабай Бишкек шаарынын тургуну Ырысбек Ажымидинов да быйыл орозо туткандардын катарында.

- Мусулмандын орозо кармашы парз. Ал күндүн суугуна же ысыгына карабайт. Орозо бул жаратуучу менен болгон мамиле.

Анткен менен ишине, ден соолугуна, же дегеле башка себептер менен орозо кармабагандар да арбын. Бишкек шаарынын айрым тургундары жай аптабына туш келген орозо тууралуу пикирлери менен бөлүштү.

Шекер аттуу айым мындай дейт:

- Менин негизи кармаганга шартым деле бар, бирок жумушума байланыштуу кармаганга болбойт. Анткени, мен өзүм шоро сатып жатам. Ичким келип, билбей ичип алышым мүмкүн. Ошон үчүн кармай албайм го азыр.

Ал эми Бишкек шаарынын башка бир тургуну Кубан Касымалиев мындай дейт:

- Орозону мурдатан кармап жүргөндөр аны таштап коё алышпайт, кармай берет. Ал эми жаңы баштагандар кармагандан чочулап турушат. Анткени, күн азыр абдан узарып кетти. Күндүн узактыгы 18 саат экен. Буга чейин кармап жүргөндөр деле ысыкта кандай кылсак деп жатышат. Чынын айтсам, мен өзүм кармап көргөн эмесмин.

Шариат боюнча орозо бардык эле адамдарга парз эмес. Эң биринчи кезекте аны кармаган адам балакатка жеткен болуш керек. Ошондой эле сыркоолор орозо кармабаса болот дейт Кыргызстандын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев:

- Ооруп жүргөндөр, бала эмизген келиндер, сапарда жүргөндөр жана жашы улгайып, азыктанбаса ден соолугуна зыян келе турган кары адамдарга орозо милдет эмес.

Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин пикиринде, орозо социалдык теңсиздикке каршы турган, адилеттүүлүктүн айы да болуп эсептелет:

- Оозду бекитүүнүн узактыгы 17-18 саатка болуп жатат. Бирок ушуну менен орозонун ибадаты артат жана ал адам баласынын мээримдүүлүк жана ырайымдуулук сапатын ойгото турган сабак да болуп эсептелет. Ачка калып жаткан, курсагын тойгуза албай жаткан боордошторубуздун абалын, же болбосо бизге Алла Таала берип жаткан жакшылыктардын, тамак-аштын, дегеле мусулмандар үчүн адал болгон нерселердин кадырын билүүгө мүмкүнчүлүк болот. Мунун артында чоң сооп бар.

Ал эми орозого, узак убакыт ачка жүрүүгө медицина кандай карайт? Академик жана улуттук хирургия борборунун директору Мамбет Мамакеев:

- Дени соо кишиге орозонун пайдасы бар, организм тазаланат. Семиз жана кан басымы бар кишилерге пайдалуу. Ал эми бейтап адам тутса, тескерисинче зыян. Ооруган киши кармабаш керек. Алар убактысында тамак ичип турушу лаазым.

Орозо айт 9-августта болот деп аныкталса, ал эми битир-садака быйыл жан башына 30 сом өлчөмүндө деп белгиленди. Ыйык Орозо айынын башталышы менен президент Алмазбек Атамбаев да кыргызстандыктарды куттуктап, бул ай "тазалануунун, ынтымактын, кечиримдүүлүктүн жана кайрымдуулуктун айы" экенин айтты. Өлкө башчы орозо кармагандардын тилеги ишке ашып, орозосу кабыл болушун каалады.
XS
SM
MD
LG