Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Түрмөдөгү экстремисттерди бөлгөнү жатышат


Алар абактардагы башка соттолгондорду да өздөрүнө тартып, үгүттөп жаткандыктан, өзүнчө жайда кармоо демилгеси көтөрүлдү.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымдашынча, Кыргызстанда диний кастыкты козутуу, диний экстремизм жана терроризм боюнча айыпталып, түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткандардын жалпы саны 110 адамды түзөт. Алардын ичинен диний экстремизм жана терроризм аракеттери менен 79 адам кесилген.

Жаза аткаруу мекемесинин маалымат кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарованын айтымында, буларды башка соттолгондорго кошпой, өзүнчө кармоо боюнча аракеттер көрүлүүдө:

- 79 адамдын 28и терроризм, ал эми 51и экстремизм боюнча отурат. Кыргызстанда түрмөлөр лагер шартында, соттолгондордун баары чогуу жүргөндүктөн, булар башкаларды өздөрүнө тартып кетпеси үчүн бөлүп камайлы деп ниет кылып жатабыз. Бул боюнча бардык күч түзүмдөрү менен чогуу иштеп жатабыз.

Адистер мурда-кийин ислам дининен аздыр-көптүр кабары болгондорго караганда, диний маалыматтарга жаңыдан ээ болгондор жана исламды түрмөдөн кабылдаган славян улутундагылар көбүрөөк радикалдашып кетээрин айтышууда. Андыктан диний экстремизм же терроризм менен айыпталгандарды түрмөгө кесип жиберүү маселени толук чечпейт дейт Элеонора Сабатарова:

- Кылмышкерди кармап, түрмөгө киргизип койсо эле маселе чечилип калбайт. Антип ойлоо туура эмес. Мисалы, булар түрмөгө кесилгенде ал жерде башка да миңдей адам болот. Он эле киши миң адамдын башын айлантып коюшу мүмкүн. Анын үстүнө абакта эртеден кечке эч нерсе кылбай, бекер жатышат.

Камалгандардын арасында халифат курууну көздөгөн, өлкөдө ишмердүүлүгү тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөлөрү арбын.

Дин жана коопсуздук маселелери боюнча талдоочу Уран Ботобеков “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөлөрү абактагыларды гана эмес, коопсуздук кызматкерлерин да өз катарына тартып кеткен учурлар жок эмес дейт.

- Бирге отурган камералаштарын гана эмес, милиция кызматкерлерин, УКМКнын кызматкерлерин “Хизб-ут Тахрирдин” идеясына тартып кеткен учурлар кездешет.

Аларды өзүнчө жайга камап коюу, же башкалардан обочо кармоо жагдайды толук чечпейт деген Уран Ботобеков радикал динчилдер менен күрөшүүнүн башка жолдорун сунуш кылууда.

- Кыргыз бийлиги, коомчулук алар менен күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүш керек. Аларды идеологиялык жактан ынандырып, терс жолдон кайтаруу иши бизде аксап жатат. Күч колдонуп, аларды обочолотуп камоо, абакка салып жазалоо менен алардын көз карашын өзгөртүү абдан кыйын.

Ош шаарында жайгашкан “Адам укуктары жана демократия” борборунун башчысы Идирис Кубатбеков кандай болгон күндө да ашынган динчилдерди обочо кармоо эл аралык талаптарга жана жергиликтүү мыйзамдарга каршы келбеш керек деген пикирде.

- Абактардагы иш-аракеттер боюнча Кыргызстанда Жаза аткаруу кодекси бар. Мындан тышкары Кыргызстан адам укугу боюнча бир канча эл аралык келишимдерди кол койгон. Эгер ушул мыйзамдарга каршы келбесе, анда балким аларды бөлүп камаса болот.

Кыргызстанда буга чейин 8 уюм экстремисттик жана террористтик деп табылып, сот аркылуу тыюу салынган. Бирок ИИМдин 10-башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Акбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, тыюу салынган уюмдардын саны азыр 13кө жетти.

XS
SM
MD
LG