Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Президент “Ыйман” фондун түздү


Бишкектеги борбордук мечит, 26-июль, 2013
Бишкектеги борбордук мечит, 26-июль, 2013

Жаңы түзүлгөн фонд диний сабаттуулукту жогорулатуу, конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо жана диний экстремизмге каршы иш жүргүзөт.

Президенттин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиевдин айтымында, бул фонд жарандардын диний мүмкүнчүлүктөрүн жана диний сабаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык демилгелерди колдоого алмакчы.

- Сабаттуулук болгондо - динди туура жана кеңири түшүнүү болот, мейли ислам же башка дин болсун. Ал анан экстремизм, терроризм сыяктуу терс иштерге эмес, элдин ынтымагына да таасирин тийгизет. Буйруса, бул жакшы бир фонд болот.

Аталган фонддун башкы максаттарынын дагы бири диний экстремизмге каршы күрөшүүнүн натыйжалуу формаларын, ыкмаларын иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү. Деген менен «Ыйман» фонду Кыргызстанда “Жайшүл-Махди” сыяктуу жергиликтүү террорчул топтор пайда болуп, кыргыз жарандары эл аралык террорчул уюмдарга жана Сириядагы кандуу окуяларга катыштыгы ачыкка чыккан шартка туш келүүдө. Ошону менен бирге «Ыйман» фонду муфтияттын айланасында жаңжалдар токтобогон, кыргыздардын мусулман жана протестант болуп бөлүнүшү коопсуздук маселеге айланган учурда түзүлүүдө. Аталган фонд Кыргызстанда мыйзамдуу иш алып барган диний конфессиялар менен бирдей кызматташууну максат кылат.

Бул сыяктуу фонд түзүү демилгесин өткөн жылдары эле көтөрүп келаткан диний эксперт жана саясат талдоочу Кадыр Маликов буларга токтолду.

- Мен президенттин мындай фонд түзүү чечимин колдойм. Бул эбак бышып жетилген маселе болчу. Акыры ага мамлекет кандайдыр бир көңүл бура баштаганы кубандырат. Бул фонд ислам жаатындагы интеллектуалдарды даярдоону гана максат кылбастан, тыштан келүүчү ар кандай терс идеологиялык түшүнүктөрдү чыпкалап турат деп да үмүттөнөм. Болочокто фонддун алдында маалыматтык-агартуучулук борборлор да түзүлөт деп ойлойм.

Диний маданиятты өнүктүрүү боюча «Ыйман» фонду кандай иш алып бараарын убакыт көрсөтмөкчү.

Ал эми “Ачык позиция” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Дмитрий Кабак аталган фонддун ишмердиги өлкөнүн светтик принцибине шек жаратпашы керек деп эсептейт:

- Конституцияда дин менен мамлекет бири-биринен бөлүнгөн. Бул дүнявий мамлекеттин эң башкы таянычы. Экинчиден, мамлекет бардык диндерге бирдей мамиле кылышы керек. Эгер мамлекет мындай фонд түзүп жатса, албетте ал коомго кандайдыр бир пайдалуу максатты көзөп жаткандыр. Бирок кандайдыр бир көмөк көрсөтүлө турган болсо, ал бардык диний конфессияларга бирдей болушу кажет.

Ал ортодо Коргоо кеңеши өлкөдөгү диний кырдаалды келерки дүйшөмбүдө талкуулаганы турат. Анда буга чейин коомдо кызуу талкууланып келаткан диний маселелер боюнча кандайдыр бир чечимдер кабыл алынышы мүмкүн экени айтылууда.
XS
SM
MD
LG