Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Оштун казысы муфтият менен тирешүүдөбү?


Оштогу мечит
Оштогу мечит

Муфтият жиберген комиссия эки күндөн бери Ош облустук казыятын текшере албай жатат. Буга текшерүүчүлөрдүн жолдомосундагы так эместиктер себеп болууда.

Эки күндөн бери Ош облусунун казысы Ниязали Ариповдун эшигине мөөрлүү кагаз чапталып турат. Аны өзүн "ведмостволор аралык текшерүүчүбүз" деген кишилер чапташкан. Эртең менен жумушка келген облус казысы алардын аракетин мыйзамсыз деп милиция чакыртканы маалым болду.

Чындыгында облус казысын текшерүүгө келгендердин жолдомосунда текшерүүнүн себеби же бул тууралуу так буйрук көрсөтүлгөн эмес. Ысымын атоону каалабаган үч текшерүүчү мыйзам чегинде аракеттенип жатканын айтышууда.

- Комиссия текшерүүнүн жыйынтыгын чыгаргандан кийин гана баары белгилүү болот. Биз ведомстволор аралык комиссиябыз. Курамыбызда Аалымдар Кеңешинин, Дин комиссиясынын жана Борбордук текшерүү комиссиясынын өкүлдөрү бар. Азырынча биз атыбызды атоого милдеттүү эмеспиз.

Оштогу Казыяттын эшигине чапталган мөөр
Оштогу Казыяттын эшигине чапталган мөөр

Буга чейин облус казысы айрым райондорду текшерүү керектиги тууралуу билдирүүнү муфтиятка өзү жолдогонун билдирген. Бирок ал сураган комиссия текшерүүнү казынын өзүнөн баштаган.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтиятынын маалымат катчысы Максат Атабаев ​"Арипов өзү мурунку текшерүүлөргө карата апелляциялык арыз берген экен. Ошонун негизинде текшерилип жатат" деп билдирди "Азаттыкка".

Ошол эле учурда дин комиссиясынын башчысы Орозбек Молдалиев Ош облусунун казысын текшерүү муфтият жана дин комиссиясы менен биргеликте уюштурулганын айтты. Анын айтымында, Ариповдун үстүнөн жүйөлүү билдирүүлөр түшкөн. Буга чейинки комиссиянын жыйынтыктары да эки башка чыгып, натыйжа берген эмес. Бул комиссия Ариповдун артындагы кептерди бар же жок кылат дейт.

- Негизи Дин комиссиясы муфтияттын ички ишине кийлигишпейт. Бирок муфтият Ариповдун Баткенде иштеп жүргөндөгү иштери боюнча билдирүүнү биргеликте текшерүүгө дин комиссиясынын өкүлүн кошууну суранган. Негизи Ариповдун үстүнөн олуттуу билдирүүлөр бар. Ал боюнча муфтияттын мурунку комиссиясы эки ирет текшерип, эки башка корутунду берген. Ал эми Борбордук текшерүү комиссиясына менин ишенимим бар. Анткени ушулардын көзөмөлү менен былтыр битир-садакадан 21 млн. сом түшкөн. Быйыл болсо 31 млн. сом чогулду. Ушуга чейин 2-3 млн. сом араң чогулчу экен да.

Ош облусунун казысы Ниязали Арипов бул текшерүү тууралуу өз пикирин айтуудан кармана турууну чечти. Ошол эле учурда дин чөйрөсүндөгү ишенимдүү булактар казыяттагы текшерүүлөр Ниязали Ариповду казылык кызматтан алып түшүү максатын көздөп жатат деп билдиришти. Муну алар 18-19-августта казылык кызматтар үчүн боло турган сынакка Ариповдун талапкерлигин муфтият каттабай койгону менен түшүндүрүүдө. Ниязали Арипов өлкө боюнча теологиялык билимге ээ жалгыз казы болуп саналат.

XS
SM
MD
LG