Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Чуулгандуу тасманы Кыргызстанда да айыпташты


Кабулдагы нааразылык акциясынын катышуучулары, 17-сентябрь, 2012-жыл
Кабулдагы нааразылык акциясынын катышуучулары, 17-сентябрь, 2012-жыл

Мусулман өлкөлөрүндө антиамерикалык ири жүрүштөргө алып келген "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасына Кыргызстанда да нааразычылык айтылды.

Бир катар коомдук уюмдар жана депутат Турсунбай Бакир уулу 18-сентябрда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, ал тасманы атайын уюштурулган чагым катары баалашып, интернетте жайылышына тыюу салуу демилгесин көтөрүштү.

"Көрсөтүлбөсүн!"

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулунун маалымат жыйынында айтканына караганда, интернетке жайылган “Бейкүнөө мусулмандар” деп аталган тасмага карата Кыргызстанда да нааразычылык болууда. Анын белгилешинче, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин же “Манастагы” жүк ташуучу транзиттик борбордун алдына митингге чыгууну сунуштагандар да жок эмес.

Депутат бул маселеге эки жол менен көңүл бурулушу керек дейт: же митингге чыгуу, же мамлекеттик органдарга талаптарды билдирүү:

Турсунбай Бакир уулу
Турсунбай Бакир уулу
- Ушул фильм экстремисттик деп табылсын деп Башкы прокуратурага кат жолдоп жатабыз. Ага мен депутат катары жана бир катар мусулман уюмдары да кол коюп жатат. Бирок Башкы прокуратура соттун чечимин күтүп отура бербей, бардык интернет провайдерлерге “бул тасманы Кыргызстандын аймагында таратууга мүмкүн эмес” деп эскертүү бериш керек.

"Акыл, эс, ыйман, рух" коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн ажы Абжылдаев диний баалуулуктарды жана лидерлерди мазактоо жол берилгис иш деп эсептейт. Ал эми "Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун өкүлү Данияр Мурадилов «Бейкүнөө мусулмандар» тасмасын кезектеги чагымчыл окуя катары баалоодо. Анын айтымында, аталган тасма Мухаммед пайгамбарды мазактап, мусулмандардын туйгу сезимдерин жана ишенимин басмырлайт.

- Бул фильмди буга чейин Данияда чыккан карикатурадан кийин, ошондой эле Куран өрттөлгөндөн кийинки кезектеги чагымчыл иш деп эсептейбиз. Бул ишти токтотуп, фильмди YouTube сайтынан алып салуу керек.

ТИМ да үн катты

АКШда жеке адамдар чыгарган «Бейкүнөө мусулмандар» аттуу тасманын үзүндүлөрүнүн интернетте жайылышы бир катар мусулман өлкөлөрүндө антиамерикалык нааразычылыктарды жараткан. Ири акциялар уюштурулуп, буга чейин Ливияда АКШнын элчиси өлтүрүлгөнү кабарланган.

18-сентябрда аталган фильм үчүн өч алуу максатында Ооганстанда жанкечти өзүн жардырып, андан 12 адам жан таслим болгону, анын бири Кыргызстандын жараны экени айтылууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тасманын мазмунун айыптап, ошол эле кезде ири акцияларда дипломаттарды өлтүрүүнү кескин сынга алды. ТИМдин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков 18-сентябрда министрликтеги маалымат жыйынында буларды айтты:

- Кыргызстан “Бейкүнөө мусулмандар" аттуу чагымчыл мүнөздөгү тасманы чечкиндүү түрдө айыптайт. Фундаменталдык сөз эркиндиги принциби жоопкерчиликтин чегинен чыгып, тигил же бул диндин өкүлдөрүнүн сезимин басмырлоого багытталбоого тийиш деп эсептейт. Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасы эл аралык укук боюнча өзгөчө макамга ээ болгон дипломаттарга карата зордук-зомбулук мамиленин болушуна караманча-каршы. Кыргызстан эл аралык коомчулукту тынчтыкка жана бейпилдикке чакырат.

Арзыбаган тасма

Ал эми Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы чагымчылдыкка толгон ал тасмага өзгөчө көңүл буруунун зарылчылыгы жок болчу деп эсептейт. Муфтияттын расмий сайтындагы билдирүүдө: "Дүйнөдө дүң болуусуна (фильмдин) негизги салымды мусулмандардын өздөрү кошту. Эми бул фильмдин ушунчалык тарап кетишинен мусулмандар жапа чекти жана чеге берет. Канчалык бул фильм тууралуу көп айтылган болсо, ошончолук мусулмандарга оор болору шексиз. Мындай чылкый провокация үчүн гана чыгарылган фильм-сөрөйгө эң жакшы реакция – ал тууралуу маалыматты таратпай коюу эле. Эми ай-ааламга ашкере болгон соң эмне кылыш керек? Мындай провокацияларды уюштургандарга мусулмандардын дал ушундай аракеттери керек эмес беле?" деп айтылат.

Муфтияттын маалымат катчысы Эсен Өмүракунов чагымчылдыкка алдыруу менен айрым мусулмандар аны каалагандардын куралы болууда дейт.

- Ал фильм биздин пайгамбарыбызга эч кандай жакындабайт. Ал фильмди пайгамбар тууралуу тартылды деп айтууга мүмкүн эмес. Айрымдар кызуу кандуулукка алдырып, алардын каалап жаткан нерселерин жасап берип жатат.

Ушул эле күнү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да Башкы прокуратурга кайрылып, аталган тасмада дин аралык кастыкты козуткан элементтер бар экенин бегилеген. Ошондой эле анын Кыргызстанда көрсөтүлүшүнө тыюу салуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылууну суранган.

Ал эми Жогорку Кеңешеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Токон Мамытов шаршемби күнү парламент өз жыйынын ушул маселени кароодон башташы керек дейт. Кыргызстанда аталган тасманы YouTube сайтынан көрүүгө чектөө киргизилген эмес.

Буга чейин Куранды өрттөйм деген демилгеси менен белгилүү, Флоридада жайгашкан чиркөөнүн башчысы Терри Жоунс чуулгандуу тасманын продюсери, ал эми Түштүк Калифорниянын жашоочусу Накоула Басселей Накоула аттуу киши анын режиссеру болушу мүмкүн деп айтылып келатат.


Дүрбөлөң тасманын "дүбүртү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00
XS
SM
MD
LG