Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Муфтият Ислам академиясын ачат


Мусулмандар жаңы мечиттин ачылышында. Ош, 12-июнь, 2012-жыл.
Мусулмандар жаңы мечиттин ачылышында. Ош, 12-июнь, 2012-жыл.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ислам академиясын ачууну көздөөдө.

Бул тууралуу муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев билдирди. Адистер Кыргызстанда ислам жаатындагы диний билим берүү чар-жайыт жүрүп жатканын белгилеп келишет.

Академия билим очогу болобу?

Азирети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин айтышынча, болочоктогу академия диний билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана диний окуу жайлардагы бүтүрүүчүлөрдүн дипломдорунун даражасын көтөрүү максатын көздөйт. Ошондой эле имамдарды окутуу, кайра даярдоо жана чет мамлекеттеги диний окуу жайлар менен кызматташуу иштерин жүргүзөт.

Муфтийдин белгилешинче, академия ханафи мазхабына негизделген жергиликтүү жана салттуу исламды өнүктүрмөкчү.

- Келечекте бизден да чоң аалымдарды даярдап, элдин, мусулмандардын азыркы талабына жооп бере тургандай адистерди чыгаруу үчүн академия түзүүнү максат кылып жатабыз. Бул боюнча азыр иштер жасалууда. Бул академия диний башкармалыктын илим-билим тарабын өнүктүрө турган багыты болот. Ал эми негизги максат - Кыргызстандагы салттуу динди жана ахли-сунна вал-жамаат ишенимин өнүктүрүү.

Ислам академиясын ачуу демилгесин былтыр 15-декабрда өткөн Кыргызстан мусулмандарынын курултайында делегаттар да колдоого алышып, ага ылайык диний башкармалыктын уставына да өзгөртүү киргизилген. Кыргызстанда ислам жаатындагы диний билим берген бир университет, 8 институт жана 60тан ашык медресе бар. Бирок алардын бирдиктүү заманбап программасынын жоктугу, бүтүрүүчүлөрдүн адистигинин төмөндүгү жана дипломдорунун талапка жооп бербегендиги боюнча сын-пикирлер арбын.

Атын эмес, затын өзгөртүү керек

Бирок академия түзүлгөнү менен бул иштерди мамлекеттин колдоосу жок муфтият өз алдынча жасай алары күмөн дешет адистер.

Мындай пикирин Ош мамлекеттик университетинин теология бөлүмүнүн окутуучусу, саясий илимдердин кандидаты Тимур Козукулов билдирди.

- Эгер диний билим берүүдөгү кемчиликтерди жоёбуз десе, бул академиясыз эле оңдосо болот. Академия деп атап койгондо эле ал оңолуп кетпейт. Мамлекеттин койгон талабына жараша диний билим берүү боюнча система түзүү зарыл. Ошого ылайык, мамлекеттен даражалар башка нерселер берилиши керек. Негизи ишеним эркиндиги ыктыярдуу болгону менен, билим берүүдө мамлекет кол кабыш кылуусу кажет.

Ал эми президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жакында диний билим берүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, эки ай мурда коомчулуктун талкуусуна койгон. Ал мыйзам аркылуу мамлекет диний билим берүүнүн тартибин иштеп чыгуу, мектептерге дин маданияты сабагын киргизүү жана чет жерге окууга кеткендерди көзөмөлдөөнү максат кылууда.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда журналисттер менен жолугушууда алгач ирет өлкөдөгү диний кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, өлкөнү ойлогон да, ойлобогон да диний уюмдар бар деп айтты. Ошондой эле президент ханафи мазхабына негизделген жергиликтүү исламды сактап калуу зарыл деген оюн кошумчалады.
XS
SM
MD
LG