Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

“Кыргыз исламы” теориясы


Нарын шаарындагы бир мечит.
Нарын шаарындагы бир мечит.

Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин ректору, тарыхчы, окумуштуу Төлөбек Абдрахманов “кыргыз исламын” калыптандыруу керек деген демилге көтөрүүдө.

Акыркы жыйырма жылда Кыргызстанда ислам дини ар кандай жолдор жана багыттар боюнча таралып жатат. Бул өз кезегинде ар түрдүүлүктү, исламды ар башка түшүнгөн же чечмелеген адамдардын, жамааттардын пайда болушун шарттады. Ошол эле кезде Кыргызстандын өзүнүн исламы болушу керек деп демилге көтөргөндөр да бар. Алар бул араб, түрк же Пакистан исламына альтернатива болмок жана жергиликтүү элге ылайыкташкан жана мамлекеттин кызыкчылыгына төп келген ислам дининин таралышына шарт түзмөктүгүн айтууда.

Абдрахманов: “Кыргыз исламы” деген маселенин тегерегинде азыр талаш-тартыш көп. Бирок ушул теорияга же ойго дейбизби, ыктагандар уламдан-улам көбөйүп баратканын байкоого болот. Алардын ичинде белдүү ислам аалымдары бул пикирге моюн сунуп баратканы байкалууда. Бирок эми “кыргыз исламы” деген азырынча калыптана элек сунуш. “Кыргыз исламы” дебестен, “кыргыздардын исламды кабыл алуу өзгөчөлүгү” деп атайлы деп сунуштагандар да бар. Бирок кандай гана атабайлы, жыйынтыктап келгенде “кыргыз исламы” деген аталышты кармансак туура болчудай.

“Азаттык”: Борбор Азиядагы ислам Түркиядагыдан, Түркиядагы ислам Сауд Арабиядагы исламдан айырмаланабы? Булардын бири-биринен канчалык өзгөчөлүгү бар?

Абдрахманов: Албетте, айырмаланат. Мындай карап көрсөк дүйнөнүн канча континенттеринде, өлкөлөрүндө ислам жайылып жатат. Алардын баарында тең өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, диндик, улуттук же менталитетке байланышкан өзгөчөлүктөр бар. Андан бери келе турган болсок, араб туугандардын, түрк туугандардын исламды тута билүү, көрө билүү өзгөчөлүктөрү көрүнүп турат. Алар өздөрүнүкүн бизге түздөн-түз болбосо да кыйыр түрдө сунуштап келе жатат.

Биз өзүбүзгө ылайыктуусун тандап алышыбыз керек. Бирок тандап алганда бизде бир гана жол бар: бул исламдын ханафи мазхабы. Кыргыздын менталитетине, кыргыздын “Манасына”, кыргыздын теңирчилигине, кыргыздын үрп-адатына туура келген ушул багытты биздин ата-бабаларыбыз тандап алган. Биз да ошону менен эле кетишибиз керек. Бирок эми кандай гана болбосун, исламдын фундаменталдуу негиздери кала берет. Анткени, Куран кайсы жерде, элде болбосун, кайсы муун же кылым болбосун, ал ошол бойдон калат.

Мырзабаев: Светтик мамлекетте кантип биз исламды карманабыз, кантип мусулман болуп жашайбыз деп кайра баштан бир ойлонуп чыгышыбыз керек. Төлөбек мырзанын кыргыз исламы деп сунуштап жатканы ошол боштукту толтура алышы мүмкүн. Биздин ислам түшүнүгүбүз Кыргызстандын шартын, тарыхын, үрп-адатын, анда жашаган калктардын салт-санаасын, ошол эле кезде бийликтин өзгөчөлүгүн эске алуу менен түптөлүшү керек. Динсиздердин да укуктары сакталышы керек. Ислам тарыхын деле карап көрсөңүздөр, пайгамбарыбыз исламды бирөөгө таңуулаган эмес. Мухамбет пайгамбардын Мадинага көчүп келгенден кийинки иштерин карай турган болсок, мусулмандарга абдан чоң үлгү көрсөтүп кеткен.

Материалды толугу менен бул жерден уксаңыз болот.

“Кыргыз исламы” теориясы сунушталууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:10 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG