Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Салтты чанган жаңы агымдар


Ош шаарындагы бир мечит.
Ош шаарындагы бир мечит.

Кыргызстанда жаңы диний агымдар менен салтуу диндерди ажыраткан мыйзам долбоорун жазуу демилгеси көтөрүлүүдө.

Адистердин айтымында, бул жергиликтүү элдин кадаа-салтына, үрп-адатына ылайыкташкан салттуу диндерди башка диний агымдардан айырмалоого жардам берет. Бирок диний азчылыктардын өкүлдөрү муну адам укугун бузуу катары баалашууда.


Салтты сыйлаган дин

Азыр жаңы келип жаткан диний агымдар "тигиндей кылбагыла, мындай кылбагыла", - деп салттын баарын чийип салгылары келип жатат.
Табылды Орозалиев

Кыргызстанда салттуу диндерге артыкчылык берүү, аларды мамлекет үчүн приоритеттүү катары аныктоо зарыл дешет адистер.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Табылды Орозалиев буларга токтолду.

- Салттуу дегенде эчактан келаткан биздин ислам динибиз, анын ичинде сунний багыттагы ханафий мазхабы. Сунний багыттагы ханафий мазхабы эмнени билдирет? Бул деген кыргыз элинин, жалпы эле Орто Азиядагы элдердин каада-салтын колдогон дин. Азыр жаңы келип жаткан диний агымдар "тигиндей кылбагыла, мындай кылбагыла", - деп салттын баарын чийип салгылары келип жатат.

Талдоочулардын айтымында, ислам дининин Кыргызстандын аймагында бир нече кылымдык тарыхы бар. Бирок эгемен жылдары жергиликтүү элдин менталитетине шайкеш келбеген ислам багытындагы ахмадий, сулаймания, вахабий, салафий, нуржулар сыяктуу жана башка агымдар пайда болгон.

Бишкектеги Диний изилдөлөр борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда ушу тапта диндер жана диний агымдардын саны отуздан ашты. Алардын арасынан 24 дин жана диний агымдар исламдык эмес багыттагы конфессиялардын катарына кирет. Ал эми диний уюмдардын жана мекемелердин жалпы саны 2200 тегерегинде.


Жайнаган жаңы агымдар


Диний изилдөөлөр борборунун жетекчиси Екатерина Озмителдин айтымында, исламдык эмес багыттагы диндерден ичинен православдар, католиктер, иудейлер жана баптисттердин эски багыты гана бул аймакта 140 жыл мурда пайда болгон. Христиан дининин башка агымдары эгемен жылдары келип, алардын 70 пайызы протестанттык багыттагы уюмдар болуп саналат.

Бишкек жана Кыргызстан Епархиялык башкармалыгынын катчысы, православ чиркөөсүнүн өкүлү Игорь Дронов салттуу диндер боюнча мындайча түшүндүрмө берди.

- Салттуу дегенде, анын кайсы багыттары экенин да тактап койсок. Анткени, дүйнөдө төрт салттуу дин бар. Бул христиан, ислам, буддизм жана иудаизм. Бирок булар да ичинен бөлүнөт. Ошондуктан Кыгызстан үчүн салттуу болгон дин деп айтышыбыз керек. Кыргызстан үчүн православие жана исламдын сунний багыты салттуу деп эсептелет. Сөз ушул туурасында болушу керек.
Кыргызстанда жашаган ар бир жарандын каалаган нерсеге сыйынууга укугу бар. Ташка сыйынабы, асманга сыйынабы ал өз иши.
Сагынбек Токторбаев

Талдоочулар Орусия менен Тажикстан сымал кошуна өлкөлөр буга чейин эле жергиликтүү элге жакын деп саналган диндерди приоритеттүү деп тапкандыгын негиз кармашууда. Маселен, Орусияда салттуу диндер деп исламдын сунний багытын, православиени, буддизмди жана иудаизмди аныктаган. Ал эми Тажикстанда мындан эки жыл илгери исламдын сунний багытындагы ханафий мазхабын салттуу деп тандап алган. Демилгечилер салттуу диндерге артыкчылык берүү келечекте диндер ортосунда болуучу чыр-чатактарды алдын алат деген үмүттө.

Анткен менен диний азчылыктар мындай демилге ишке ашып калса, адамдардын укугу бузула турганын айтышууда. Кыргызстандагы “Ахмадий” мусулман жамаатынын өкүлү Сагынбек Токторбаев мындай дейт:

- Негизи бул туура эмес, түпкүсүнөн эле туура эмес. Баштаганда эле бул Баш мыйзамга каршы келет. Кыргызстанда жашаган ар бир жарандын каалаган нерсеге сыйынууга укугу бар. Ташка сыйынабы, асманга сыйынабы ал өз иши. Андыктан, бул демилге Конституцияга каршы келет.

Кыргызстан эгемендиктин алгачкы күнүнөн тарта эле дин эркиндигин жарыялап, жарандарга дин тутууга бирдей шарт түзүп берген. Ага ылайык, бул өлкөдө ондогон диндер жана диний агымдар иш алып барып, өз диний окууларын үйрөтүп келатат. Байкоочулар бул аралыкта башка өлкөлөрдө тыюу салынган агымдар да Кыргызстандан турук алууга жетишкенин белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG