Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Муфтий менен Дин комиссиясы соттошууда


Бишкектеги борбордук мечиттин капталынан көрүнүшү.
Бишкектеги борбордук мечиттин капталынан көрүнүшү.

Чубак ажы Жалилов Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Ормон Шаршеновду сотко берди.

Муфтий “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде Ормон Шаршенов негизсиз күнөөлөрдү койгон деп эсептеп, аларды сотто далилдеп беришин талап кылууда. Ал эми Ормон Шаршенов болсо муфтий толук кандуу шайлана электигин, ажылыкты мамлекет уюштурушу керектигин билдирип келетатат.

Талашка түшкөн ажылык

Быйыл президенттин эки жолку каршы пикирине карабай ажылыкты уюштуруу ишин Жогорку Кеңеш мыйзам аркылуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына өткөрүп берген. Бирок Өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Ормон Шаршенов ажылыкты Дин иштери боюнча комиссия уюштурушу керектигин билдирип келүүдө. Ал 25-ноябрда “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде да бул пикирин дагы бир жолу кайталаган.

Муфтий Чубак ажы Жалиловдун адвокаты Акин Токталиев парламенттин чечимине каршы чыкканга Шаршеновдун укугу жок деп эсептейт:

- Ормон Шаршенов мамлекеттик кызматкер болгондон кийин саясатка аралашпашы керек. Бул өз алдынча чыгып алып, “Жогорку Кеңеш андай кылды, мындай кылды” деп маалымат бербеш керек. Ормон Шаршенов парламентке баа бере албайт. Бул чектен чыгып жатат. Жогорку Кеңеш жыргаганынан муфтиятка берди беле? “Биз ызы-чуудан алыс бололу, өкмөт дин саясатына кийлигишип кетип жатат” деп бөлгөн болчу. Мына, быйыл ажылык сонун өттү, ызы-чуу болгон жок. Ажылыктан бирөө калып калган жок, бирөө акчамды алып койду деген жок.

Муфтий Чубак ажы Жалилов Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Ормон Шаршеновду Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотуна жалпысынан тогуз пункт боюнча берген. Адвокат Акин Токталиевдин айтымында, “Вечерний Бишкек” гезитиндеги маегинде Шаршенов “муфтий мыйзамыз шайланган, кыргыз элинин аброюн түшүрүп жатат, Сауд Арапстан менен Иорданиянын чек арасында 53 ажы калып калды” деп негизсиз күнөөлөрдү койгон. Токталиев мындан тышкары, сотко “Вечерний Бишкек” гезитин да бергендигин, анткени автор Нина Ничипорова өзү да макалада муфтийдин аброюна шек келтирген сөздөргө жол бергенин кошумчалады.

Бирок “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчысы Нина Ничипорова аталган материалда эч кандай жеке пикирин айтпаганын, тараптардын гана оюн бергенин билдирүүдө.

- Мен эки жакты тең, тигил да, бул да тараптын пикирлерин уккам. Ал материалда мен өзүм кандайдыр бир тыянак оюмду айткан эмесмин. Ал жерде менин көз карашым, сөздөрүм болгон эмес. Мен бул жерде түшүнбөй турам. Эгер мен муфтий менен сүйлөшпөгөн болсом бир жөн эле. Ошондо ал “сен эмне деген журналистсиң” десе болот эле. Бирок мен аны менен жолугуп, сүйлөшкөм да.


Дин комиссиясы эмне дейт?


Бул боюнча Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Ормон Шаршеновдун өзү менен байланыштуу аракетибизден майнап чыккан жок. Анын кабылдамасынан Шаршенов менен байланыштырууну убада кылышып, бирок ал киши бул боюнча кабардар экендигин, жазуу түрүндө гана жооп берерин маалымдашты.

Талдоочулардын баамында, муфтият менен Дин иштери боюнча комиссиянын ортосундагы мамиле өлкөдөгү диний кырдаалга терс таасир этпей койбойт.

Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы төрагасы Тойгонбек Калматовду угалы:

-Мыйзам чегинде каттоодон өткөн бардык уюмдар Дин комиссиясы үчүн өгөй жана өз болуп бөлүнбөш керек. Муну Баш мыйзам милдеттендирет. Бирок Дин комиссиясы мамлекеттик структура катарында диний мекемелердин мыйзам чегинде, Баш мыйзамдын негизинде ишин аткарышын көзөмөл кылууга укугу бар. Ошондой эле каттоодо өтүп жатканда көрсөтүлгөн уставдарын да аткарышын көзөмөлдөө Дин комиссиясынын кызматкерлеринин ыйык милдети.

Чубак ажы Жалилов Диний башкармалыктын жетекчилигине өткөн жылы уламалар кеңешинин чечими менен шайланган. Деген менен адистер Кыргызстанда бардык муфтийлер бийликтин кийлигишүүсү менен шайланып келатканын айтышууда. Ошол эле кезде буга чейинки муфтийлердин баарын өз кезегинде ар кандай себептер менен кызматтарынан мажбурлап кетиришкенин белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG