Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Кыргызстандык ажыларга дагы 500 орун берилди


Меке шаары.
Меке шаары.

Сауд Арабия Кыргызстандан ажыга баруучуларга кошумча 500 квота берди. Муфтият тез арада аларды жөнөтүү үчүн дем алышсыз иштеп жатат.

Быйылкы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга алгач 3685 квота бөлүнгөн. Кыргыз тарап кошумча орун берүү суранычы менен кайрылган. Ага макулдук берген жооп 10-сентябрь күнү кечинде гана келди.

Ал арада Мекеде табигый кырсыктан улам мечитте кран кулап, 100дөн ашуун адам өлдү. Арасында кыргызстандыктар жок экени расмий кабарланды.

Ажылыкка байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна муфтийдин орунбасары Замир ажы Ракыев жооп берди:

“Азаттык”: Меке шаарындагы 11-сентябрь күнкү кырсыкта өлгөндөр арасында кыргызстандыктар жок экени, бирок тактоо иштери жүрүп жатканы айтылды эле. Акыркы жаңылыктар кандай?

"Ал Харам" мечитинде кулаган кран.
"Ал Харам" мечитинде кулаган кран.

Ракыев: Алла тааланын буйругу менен өтө чоң табигый кырсык болду. Интернеттен да көрсөңөр керек, аябай катуу шамал болуп, жамгыр жаады. Ал жердеги чоң “Ал-Харам” мечитинде ремонт иштери жүрүп жаткан. Бийик имараттарды курууда колдонулган, ондогон тонналык кран кулап кетип, натыйжада, акыркы кабарлар боюнча 107 адам өлдү.

Ал жактагы ажылык штабдан такталган маалыматтарды алдык, каза тапкандар арасында кыргызстандыктар жок. Быйыл Сауд Арабия чет мамлекеттерге ажылык үчүн квоталарды да мурунку жылдарга салыштырмалуу азыраак бербедиби. Ошол мечиттерде ремонт жүрүп жатканынан алар ушундай чечим кабыл алган эле.

“Азаттык”: Ушул күндөрү муфтий Максат ажы Токтомушев Меке шаарында зыяратчылар менен жолугуп жүрөт. Бул кырсыкка байланыштуубу же башка зарылчылык туулдубу?

Ракыев: Кырсыкка байланышы жок. Негизи, азирети муфтий быйыл Мекеге барууну мерчемдеген эмес эле. Курман айтка байланыштуу уюштуруу иштери менен Кыргызстанда эле болууну чечкен. Бирок, быйыл Сауд Арабия жаңы эрежелерди киргизди. Мисалы, зыяратчылар лицензиясы бар кафе-ресторандарда гана тамактанышы керек. Ошолорду элге жеткирүү үчүн, дегеле ажылык амалдарын аткаруунун жол-жоболорун түшүндүрүү максатында муфтий 10-сентябрда жөнөп кеткен. 15-сентябрга караган түнү кайра келет.

“Азаттык”: Кыргызстанда ажылыкка аттангандардын акыркы тобу 11-сентябрда кетти. Бирок дагы адамдар барышы мүмкүн экени айтылууда. Эмне себептен?

Ракыев: Жыл сайын Кыргызстанга үч жарым миңдин тегерегинде квота бөлүнүп келген. Быйыл да 3685 адамды 25-августтан баштап, топ-топ кылып учакта жөнөттүк. Йемен, Сирия, Иракта болуп жаткан согуштук аракеттерден улам Сауд Арабия зыяратчыларды кабыл алууну татаалдатып койду. Документ иштери бүт электрондоштурулган системада жүрдү.

Ажылык амалын аткарып жүргөн мусулмандар. 2014-жыл.
Ажылык амалын аткарып жүргөн мусулмандар. 2014-жыл.

Кышында Сауд Арабияга барган учурда муфтий Максат ажы Токтомушев менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев ал жактын бийлигине кайрылып, Кыргызстан үчүн кошумча 500 квота берүүнү суранган. Ага макулдук берген жооп быйыл зыяратчыларды жөнөтүп бүтөр күнү гана келди. Ажыга барууну ниет кылган, документ берген кишилер көп болчу. Ошондуктан, убакыт тыгыз болгонуна карабай, дагы 500 адамды жөнөтүү аракетин көрүп жатабыз.

“Азаттык”: Жетишесиңерби?

Ракыев: Жетишкенге бүт аракетти жумшап жаткан кезибиз. Бул 500 орун - Сауд Арабия падышачылыгынын Кыргызстанга белеги болду. Аны муфтий менен Молдалиев мырзанын абройу үчүн беришти. Билесиңер, бир квота алуу канчалык кыйын. Мүмкүнчүлүк берилген соң, убакыт аз калды эле дебей, муфтияттын кызматкерлери жапатырмак ишке кириштик. Буйруса, дагы 500 адамды жөнөнтөбүз.

“Азаттык”: Алар качан учуп кетишет?

Ракыев: Зыярат амалдарына байланыштуу Сауд Арабия 16-17-сентябрда сырттан келген авикаттамдарды кабыл алууну убактылуу токтотот. Биз ошого чейин жөнөтөбүз.

“Азаттык”: Курман айттан соң, зыяратчылардын ажылык сапары аяктап Кыргызстанга кайтуусу 28-сентябрдан 15-октябрга чейин уланат дегенсиздер. Курман айт кайсыл күнгө туш келет?

Ракыев: Шарият боюнча биз азыр Зулкаада айынын акыркы күндөрүндө жашап жатабыз. Андан соң Зулхижжа айы келет. Ошол айдын онунчу күнүндө Курман айт белгиленет. Мусулманчылыкта айлар 29 же 30 күндө жаңырат. Кээде орозо айы деле 29 күн болуп калууда. Ошондуктан, азыр так айтуу кыйын. Зулхижжа айы көрүнөрү менен Курман айттын датасы анык болот. Азырынча, 23 же 24-сентябрды болжолдоп турабыз.

XS
SM
MD
LG