Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Никени биринчи мамлекет кыйыш керекпи же молдобу?


Бишкектин Бакыт үйүндөгү никеге катталуу аземинен.10.10.2010.
Бишкектин Бакыт үйүндөгү никеге катталуу аземинен.10.10.2010.

Айрым депутаттар мамлекеттик нике күбөлүгү жок түгөйлөргө нике кыйган молдолорго миң сом айып пул төлөөнү сунуш кылууда.

“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар” мыйзамына ушундай өзгөртүү киргизүү демилгесин ушул жумада Жогорку Кеңештин Адам укуктары, бирдей мүмкүнчүлүктөр жана коомдук биригүүлөр комитети колдоду. Эми бул долбоорду Жогорку Кеңеш жактырса үй-бүлө катары мамлекеттин каттоосуна туруп, үйлөнгөндөгү тууралуу күбөлүгүн (ЗАГС) албаган жаштардын никесин кыйган молдолор миң сом айып пул төлөйт.

Мамлекеттик никенин пайдасы


Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, “Ар-Намыс” фракциясынын
депутаты Айнура Алтыбаева мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу үй-бүлөлүк институтту бекемдейбиз деп ишендирүүдө.

- Ажырашып кеткенден кийин сотто эч кандай документи же кагазы болбосо балдар баарынан куру калат. Алиментке, же үйгө, же жер тилкесине болгон укугу жок болот.

Асел Кылычбаева жолдошу менен сегиз жыл түтүн булаткандан кийин оту күйүшпөй ажырашып кетиптир. Мамлекеттик каттоодон алынган нике күбөлүгү болгондуктан, сотто ажырашуу учурунда өз укуктарын мыйзам чегинде коргоп калган экен.

- Сотто отурганда менден баланын жашай турган жери, алимент төлөө
сыяктуу нерселерди сурады да. Мыйзамдуу мамлекеттик никеде тургандан кийин баары тең бөлүнөт. Ар кимдин өзүнүн үлүшү бар. Баланын да өз үлүшү бар.


Асел Кылычбаева ошондой эле жакында дагы бир тааныштары жолдошу менен ажырашып, мамлекеттик никеси болбогондуктан, өз укуктарын талаша албай калганын айта кетти.

- Мамлекеттик нике биринчи кезекте аялдар үчүн жакшы. Союз кезинде айтчу эмес беле “мыйзам дайым аялдар тарабында” деп. Бул кийин бала менен калып калганда укугу бузулбаш үчүн ойлонуп табылган нерсе да. Жарандык никеде канча баласы болсо да ажырашкан кезде укугун талаша албай калып жатышпайбы. Жакында эле таанышым эки баласы менен ажырашып кетти. “Ана алабыз, мына алабыз” деп, нике күбөлүк алышпай, жарандык никеде жашап жүрө беришкен да. Азыр эч нерсе кыла албайт. Эч кандай мыйзам анын укугун коргоп бере албайт.

Укугу бузулган аялдар арбын

Сезим кризистик борборунун кеңешчиси Фарида Райымкулова да мамлекеттик никеге турбай жашап жүргөндөрдүн көбүнүн укуктары бузулуп кайрылышаарын айтып берди.

- Көптөрү телефон чала алышпайт. Бизге кайрыла албайт. Ошол эле кезде
кайрылгандарынын саны да кыйла көп. Силер да анда-санда уксаңар уктуңар, укпасаңар жок, билбешиңер мүмкүн. Бул түпкү менталитеттен болуп жатпайбы. Кыргыздар “ай, мейли, боло берет” деп жүрө беришет го.


Ошол эле кезде Райымкулова мыйзамчылардын мамлекеттик нике күбөлүгү жокторго молдолордун нике кыюусуна тыюу салуусу адам укугун бузгандык болот деп эсептейт. "Азыр өлкөдө паспорту жок адамдар көп, алар мамлекеттик никени ала алышпайт. Андайлар турмуш курууну кааласа, имамдар нике кыюудан баш тартышы мүмкүн", - дейт Райымкулова.

“Нике - адал менен арамдын чек арасы”

Эгер жаңы баш кошкон жаштар нике кыйып бер деп келсе, баш тартуу моралдык да, диний жактан да туура эмес боло турганын Чүй облусунун казысынын орун басары Асан Саипов мындайча далилдейт:

- Нике бул адал менен арамды ажыратып туруучу чек ара. Эки жаша келечекке максат коюп, келечекте жакшы үй-бүлө бололу, балдарыбыз жакшы, тарбиялуу болсун деп үйлөнүп жатат да.


Саипов үй-бүлө ажырашып калса, исламда эркектин мойнуна мамлекеттик мыйзамдарда көрсөтүлгөндөй эле чоң милдеттер жүктөлөрүн белгиледи:

- Эркек үй-бүлөсүн багып, кийин да балдары чоңойгончо карап турууга, ошондой эле аялынын үлүшүн берип турууга милдеттүү болот.

Диний ишмерлер мусулманча нике кыюу турмуш куруп жаткан үй-бүлөнүн ынтымагын бекемдерин гана айтышууда. Ошондой эле мамлекеттик никеге туруп, үй-бүлөгө жоопкер мамиле жасоону ислам дини колдойт дешет алар.

Ал эми жарандык никеде жашап, көңүлдөрү төп келишпей калса, бир-эки жылдан кийин ажырашып кетүүнү ислам дини чечкиндүү четке кагат.

Жогорудагы Асел Кылычбаева жолдошу менен ажырашып кеткенден кийин коомдогу үй-бүлөлүк маселелерге байкоо салууну адат кылыптыр. “Бул бир чети зарылчылык, бир чети турмуш” дейт ал. Анын жеке байкоосунда расмий никелешпей баш кошуп жашоо көрүнүшү азыр Кыргызстанда күч алган.

- Мунун баары батыштан келген нерселер да. Алар бирин-бири сынап көрөлү дейт да. Алар окушат, даярданышат. Бирок бирин-бирин сынап жаткан учурда балалуу болушпайт. Анткени экөөсү тең жоопкерчилик жок экендигин түшүнүшөт. А биздикилер жарандык никеде жашап жатып балалуу болуп калып жатышпайбы.

Акыркы кездери Кыргызстанда расмий нике кагазын албай туруп, баш кошкондор жана ажырашкандардын саны арбын болуп жаткандыгын адистер белгилеп келишет. Бул бир чети экономикалык оор абалга байланыштуу болсо, бир чети глобалдашуунун таасири катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG