Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Курман айт саясатка айланганда...


Бишкек. Эски аянттагы намаз. 24-сентябрь, 2015-жыл
Бишкек. Эски аянттагы намаз. 24-сентябрь, 2015-жыл

Быйылкы Курман айт майрамы парламенттик шайлоонун үгүт кампаниясына туш келгендиктен кайрымдуулук, шарият жана саясат аралашып калды.

Айт намазын окууга келгендерге кайрылган муфтий Максат ажы Токтомушев көпчүлүктүн арасында туура эмес динди үгүттөп жүргөндөр бар экенин эске салып, Кыргызстандын багыты салттуу ислам экенин эскертип өттү.

Ал эми Асылбек Жээнбековго азыркы парламенттин спикери катары сөз берилгени менен ал КСДП партиясынан шайлоого баратканы белгилүү. Он миңдеген адамдардын алдында сүйлөгөн Жээнбеков, өз сөзүндө КСДП партиясынын азыркы парламент алдындагы тезистерине окшош учурларды белгиледи. Негизинен азыр өлкөдө түзүлгөн стабилдүүлүк жана бакубат жашоого токтолду.

- Акыркы учурда коррупция кыскарды, уурулук азайды, казынанын кирешелери көбөйүп жатат. Ошонун эсебинен мектептерди, ооруканаларды, маданият үйлөрүн, бала бакчаларды куруп жатабыз. Башка өлкөлөргө көз каранды болбой өз алдыбызча жүрө турган жолдордун каттамын жасадык.

Бишкектеги намазга Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, шаар мэри Кубанычбек Кулматов жана бир катар бийлик жетекчилер катышты.
Бишкектеги намазга Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, шаар мэри Кубанычбек Кулматов жана бир катар бийлик жетекчилер катышты.

Быйылкы Курман айт парламенттик шайлоого карата үгүт жүрүп жаткан учурга дал келгендиктен, кайрымдуулук иштерине саясий партиялар да активдүү катышып, жер-жерлерде партиянын атынан бекер эт жана азык-түлүк таратууга киришкени маалым болду.

Мисалы, Кара-Жыгач конушунун тургуну Бактыгүл Арыкова бир партиядан азык-түлүгү менен баштык алса, экинчиси жайыл дасторконго чакыруу жибергенин айтууда.

- Мен жумуштан келсем, көчө башчыбыз баштык алып келип, бир партиядан деп берип кетти. Ичинде май, ун, эт бар экен. Эмнеге десем, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратып жүрүптүр. Кечинде болсо дагы бир партия сый тамакка кафеге чакырган экен, бирок балдарым менен бара албайм го.

Муфтият бүгүнкү кайрымдуулукка саясий партиялардын аралашуусун жактыра бербейт. Бишкек шаарынын казысынын жардамчысы Мухаммад ажы Анаркулов “Азаттыкка” бул тууралуу мындай деди:

- Биз саясатка тиешебиз жок мекемебиз. Бизге партиялар келсе, алардын этин алып кайрымдуулукка таратып беребиз, бирок партиянын атын айтпайбыз. Бизге колунда жоктор кайрылат, биз алардын даректерин билебиз, ошондуктан бизге көп кайрылып, эт, азык-түлүгүн таратууга жардам сурашат.

Маалым болгондой, партиянын атынан азык-түлүк таратуу добуш сатып алууга барабар болгону менен, динде каралган кайрымдуулукту жөнгө салган атайын деле норма жоктугунан, ага тыюу салуу мүмкүн эмес. Бирок буга чейинки жылдары айт майрамында кайрымдуулук менен иши жок партиялар, эми гана муктаж болгондорго жардам берүүгө киришкенинен улам быйылкы айт майрамы да саясатташканы байкалат.

XS
SM
MD
LG