Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Диний билим берүү: кооптондурган медреселер


Бишкектеги бир мечитте намаз окуп жаткан балдар, 2010-жылдын 25-июну.
Бишкектеги бир мечитте намаз окуп жаткан балдар, 2010-жылдын 25-июну.

Талдоочулар Кыргызстанда билим берүү талаптарына жооп бербеген медреселер коомчулукту чочулатып жатканын айтууда.

30-январда Бишкекте “Диний билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоорун диний уюмдар, окуу жайлар, мамлекеттик жетекчилер жана эксперттер талкууга алды.

Орто билимсиз кадам туура эмес

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, анда ал диний билим берген окуу жайларды жана медреселерди тиешелүү талаптарды аткарууга милдеттендирет. Бул - билим берген мекеменин талапка ылайык жабдылган имараты, жогорку даярдыктагы окутуучулары жана жалпы билим берүү боюнча стандарттары болушу керек дегенди билдирет. Мындан тышкары, диний окуу жайлар Билим берүү министрлигинен милдеттүү түрдө уруксат нааме алмакчы.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Камила Таалиева мыйзамдын зарылдыгын мындайча түшүндүрдү.

- Өлкөнүн ар бир жараны кур дегенде мектеп программасын өздөштүрүүгө тийиш. Мектеп программасын өздөштүрбөй, жалпы билим берүү сабагын жана тарбиясын албай туруп, мечит-медреселерге барып, ал жакта алган билиминен коомчулукка пайдасынан зыяны көп болгондор бар.

Мамлекеттик органдар Диний билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын зарылдыгын мамлекеттин коопсуздугу менен да байланыштырууда. Мыйзам долбоорунун автору Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Осмоналиевдин айтымында, аны иштеп чыгууга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия колдоо көрсөтүүдө.

Мыйзам катаал болбосо...

Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан диний конфессиялар негизинен диний билим берүүнү тескеген мыйзам долбооруна каршы эмес. Бирок ал мыйзам диний уюмдардын мүмкүнчүлүгүнө да карашы керек дешет.

Өлкө мусулмандарынын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев мыйзам талаптарын аткарууда мамлекеттен колдоо күтөт:

- Биз деле мусулмандар даярбыз жаңы талаптарга. Бирок маселе келип эле каражатка такалат. Окуу материалдары, кадрлар, тиешелүү стандарттарга жооп берүү - баары каражатка байланыштуу. КМДБнын алдындагы окуу жайлар мүмкүнчүлүгүнө жараша, өзүн-өзү каржылоо менен окуп жатышат. Муфтияттан бир аз жардам болот аларга. Эгерде мамлекет тарабынан жардам болуп, же бир фонд уюшулуп жардам берилсе, биз стандарттарга өтүүгө даярбыз. Биздин да бүтүрүүчүлөрүбүз мамлекет тааныган дипломдорду алса деген ниетибиз бар.

Жыйында талдоочулар тарабынан белгиленгендей, мамлекеттик органдарды көбүнчө эң төмөнкү билим берүү талабына жооп бербеген ислам жаатындагы медреселер чочулатып жаткандай.

Ал эми Бишкектеги протестанттык багыттагы биргелешкен Руханий семинариясы -коллежинин ректору Кайырбек Маныбаев мыйзам долбоору катаал болбошу керек деген ойдо:

- Жалпы бир жөнгө салыш үчүн бул сыяктуу мыйзам керек. Бирок бизде “саман учса, Самарканды өрт чалыптыр” дегендей болуп, таптакыр эле тыюу салып, кыса берген болбойт го дейм, эркиндик да болуш керек. Негизи диний окуу жай болобу же уюм болобу, мамлекетке каршы иш кылбаса, ал иштей бериш керек.

Жыйынга катышкан Кыргызстандагы проваслав чиркөөсүнүн лидерлери диний билим берүү боюнча Орусиянын мисалын баяндап берди. Ал эми ислам таануучулар ислам жаатындагы окуу жайлар үчүн Түркиянын тажрыйбасын ылайыктуу деп санашууда.

Кыргызстанда 90го жакын диний окуу жайлар бар. Анын 75и исламдык, ал эми 15 окуу жай христиандык багытта.
XS
SM
MD
LG