Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:48

Дин

Теңирчилер менен исламчылар ийге келди

Диний касташууну козутту деп айыпталып жаткан “Тай тебиш” мушташ өнөрүнүн түптөөчүсү, өзүн теңирчи санаган Кубанычбек Тезекбаевге козголгон кылмыш ишин кыскартуу сунушталууда.

Өзүн теңирчи деп эсептеген Кубанычбек Тезекбаев санаалаштары менен сыйынуу жөрөлгөсүндө.
Текст көлөмү - +
Мамлекеттик айыптоочу Биринчи май райондук сотуна берген бул сунушун диний кастыкты ырбатпоо аракети менен негиздеди. Мусулмандарга акаарат келтирип жатат деген кайрылуу каттын негизинде УКМК Тезекбаевге каршы кылмыш ишин козгоп, сотко өткөргөн. Бул ишти бүгүн Биринчи май райондук соту карап бүттү жана өкүм эртең чыгарыларын маалымдады. 


Тараптар мунаса тапты


Ишти карап жаткан мамлекеттик айыптоочу Кудайберди Чаргынов Кубанычбек Тезекбаевдин диний кастыкты козутууга болгон аракети толугу менен далилденгенин билдирүүдө. Бирок мамлекеттик айыптоочу диний кастыкты ырбатпоо максатында Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 65-беренесине ылайык, иш өз маанисин жоготконуна байланыштуу кылмыш ишин кыскартып салууну сунуштады.
 Ажылардын арасында да кыргыздын каада-салтын сыйлагандар бар. Алардын кадыр-баркына шек келтирген жокмун деп ойлойм.  Кубанычбек Тезекбаев

Айыптоочунун мындай чечимге келишине Кубанычбек Тезекбаевди мусулмандарга акаарат келтирди деген билдирүү менен УКМКга кайрылган “Апрель баатырлары” коомдук уюмунун төрагасы Турусбек Сагынтаевдин Тезекбаевге эч дооматы жоктугун билдириши да себеп болгон.
 
Турусбек Сагынтаев болсо Кубанычбек Тезекбаевдин радиого берген интервьюсунда айрым диний касташууну күчөтө турган элементтер бар экенин байкап, УКМКга кат жолдогонун тастыктоодо. Бирок ал иштин мынчалык ырбап кетээрин күтпөгөнүн белгилейт:
 
- Мен УКМКга радио-телекөрсөтүүлөрдө диний темаларда сүйлөгөн адамдардын элдин азыркы акыбалын эске алгыла же аларды тартипке саласынарбы деп эле кат жолдоп, сунушумду айткам. Анан ал ушунчалык дүргүп кетээрин күткөн эмесмин. Бул жөн гана элди дүргүткөн окуя болуп калды.
 
“Тай тебиш” мушташ өнөрүнүн түптөөчүсү Кубанычбек Тезекбаев УКМКнын ага койгон айыбына макул эместигин билдирүүдө. Ошентсе да, исламды туура алгандарга багытталган сын-пикирлер чыныгы мусулмандардын кадыр-баркына шек келтиргени үчүн кечирим суроого даяр: 

​​- Ажылардын арасында кыргыздын каада-салтын сыйлагандар бар. Алардын кадыр-баркына шек келтирген жокмун деп ойлойм. Менин айткандарым динди туура эмес түшүнгөндөргө багытталган болчу.

Буга чейин журт ичинде бул окуя кыргыз салттарын жана улуттук дөөлөттөрүн туу туткандар менен ислам динин кармангандарын тиреши катары бааланып жаткан эле. Себеби, акыркы учурда Кыргызстанда ислам динин тутунгандар менен теңирчилик идеясына берилгендер арасында ажырым көзгө ачык урунуп, Кубанычбек Тезекбаевге кылмыш иши ачылган соң да бир катар кайым айтышуулар болуп өткөн.
 

Маани бербей турган маселеби?

  Жөн эле болбогон маселени күчөтүп, ырбатып жатат. Мунун артында кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн.Кален Сыдыкова

Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Чубак ажы Жалиловдун айтымында, мусулмандар мамлекеттик айыптоочунун ишти ырбатпай, ишти кыскартуу жүйөөсүн колдошот:
 
​​- Бул жерде кеп “Тай тебиште” же исламда эмес, бул жерде маселе кыргыздарды бөлүп-жарууда болуп жатат. Кандайдыр бир сырткы күчтөр астында намаз окуган кыргыздар менен улуттук каада-салттарды бийик койгон кыргыздарды бөлүп-жарып, мусулманчылыкты “Манаска” каршы коюп, ошондон чыр чыгарууга аракет сыяктуу сезилип жатат. Бул маселеге маани бербешибиз керек. Ишти жаап, кайым айтышты кыскартуу демилгесин мен колдойм. Бүгүн бардык соттошууларды токтотууга буюруп, кечирим бердик.
 
Анткен менен Кубанычбек Тезекбаевдин бир катар тарапкерлери Тезекбаевге кылмыш ишин ачышы жөн жеринен эмес деп эсептешет.

Журналист Кален Сыдыкова бул кылмыш ишинин аркасында кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатышы мүмкүн деп жоромолдойт:
 
- Бүгүн сот отуруму болуп жатат. Бирок доону коюп, сот болсун деп арыз берген киши жок экен. Жөн эле болбогон маселени күчөтүп, ырбатып жатат. Мунун артында кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Эч ким арыз жазбаса деле экспертиза дайындап, ага бүтүм чыгаруу - бул адамдын укугун бузуу.
 
Диний касташууну козутту деген Кубанычбек Тезекбаевге байланыштуу сот чечими 1-февралда чыгаары күтүлүүдө.
 
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: bek каяктан: batken
11.02.2012 05:01
Rahmat Mogol tuugan,kadamyn bekem bolsun! Konuldogudoi,tenirchilerdi uktatpai turgandai jazypsyn.

кимден: Могол каяктан: Дагы эле ошол жерден
09.02.2012 11:36
Педагог, дагы бир соз. Сиз айткандай кыргыз калем кармаганды "западло" коруп, бут тарыхын Манаска жыйды дейли бирок эмне учун анда варианттар бири-биринен айырмаланат. А бул болсо жон эле ойдон чыгарылган чыгарма болуп калат го. Же тарыхты ойдон чыгарып жазып койсо деле боло береби? Анан нике тууралуу да жооп жазбаптырсыз, мен эми тенирчилер никесиз жашайт деп тушуно баштаймын, жада калса христиандар да никелешет. Манасты го мейли бирок Барсбек каган тенирчи болгонуна далил жазып койсонуз, жон эле кара соз менен эмес атайын булактарга шилтеме беруу менен (китептин аты, басмасы, чыккан жылы дегендей да). Анан да кайсы ишенимде болбо негизгиси адам бол дептирсиз. Андай болсо ишенимдин эмне кереги бар? Эмне учун силер адамдарга тенирчилигинерди тануулап жатасынар? Жон эле журо бербейсинерби элди дурботпой? Ансыз деле кыргызстандын эли жыргап аткан жери жок, турдуу секталардын айынан жабыркап турат. Кыргызды болуп жарганынарды койсонорчу. Педагог-тенирчи?

кимден: Могол каяктан: Тенирчилер жашаган жер
09.02.2012 11:22
Педагог. кжге. Азыр айтып жатышпайбы Манасты талдап окусан ичи бутундой ислам деп. Анан Манас исламдын дуйного таркашы менен пайда болгон т.а. ислам келгенден кийин Манас пайда болгон деген тушундурмолорду кечээ куну эле Манас жанырыгы твдан илимпоз агайлар айтышпадыбы. Анан да кээ бир манасчылардын варианттарында Манастын башка элдерди динге киргизгендиги жана дагы бир эпизодунда халифадан кат алгандыгы да баяндалат экен. Мындай маалыматтарга кандай карайсынар? Деги эле Манас эпосу канчанчы кылымда пайда болгон? Анан сиз айтып аткан идиянын богаваны кудай эмес эле бир статуя го, адам баласынын колунан эле жасалган жана озунуз озунуздун созунузго каршы чыгып кудай адамды жараткан деп жатасыз, ал эми индустар кудайын жаратып жатышпайбы? Ал статуяны бир тепсен да эч нерсе кыла албайт. Кызык суроолор бекен? Мен негизи реалистмин. Козум коргон бар нерсеге ишенемин. Эгер сиздин дининиз кучтуу болсо мени ишендире аласызбы ошол тенирчилигинерге? Силердин кудайынар кантип жашагыла деген? Мусулмандар менен христиандардын го китептери, закондору бар пайгамбарлары жеткирген, ал эми силердин пайгамбарынар ким? Кандайдыр бир далилинер барбы деги? Макул мен кыргызмын силердин дининерди кабыл алайын, бирок мага далилдегиле да! Силер айтып жатасынар кыргыз болгондон кийин ата-салтын колдоп Манаска ыктап тенирчи болуш керек деп, бирок буга бир киши ынанарлык далил болуусу керек да. Мына ушундай педа гог.
Пикирге жооп

кимден: Изилдоочу
10.02.2012 12:45
"Манас" эпосуна ислам тууралуу тушунуктор кийин эле кирген. Исламдын куч алышы менен. Болбосо анын чыкканы качан? "Манас" - бул идея. Анын качан жашаганы, каерде комулгону маанилуу эмес. Кыргыздын ага болгон мамилеси маанилуу. Ушул жагынан ал эпос денгээлинен ойдо турат. Манастын аты кыргыз учун ыйык. Ага кыргыздын мамилеси озгочо. Ошон учун ага озгочо мамиле кылыш керек. Канчалык тескери мамиле жасалган сайын улутчулдук сезимдерди кучотуп, элдин кыжырын келтиришет. Бирок аны Кудай денгээлине чыгарып жиберген да туура эмес. Айтмакчы кыргызда андай онокот мурун болгон эмес. Андай ооз коптургон мода кийин эле чыкты.

кимден: Могол каяктан: КЫРГЫЗСТАН КОРОЛДУГУ
07.02.2012 16:26
Улуу урматтуу Тенирчилер! Силердин да мусулмандардыкындай китебинер барбы? Силер да аларга окшоп таза жуунуп журосунорбу же шаман туугандарынардай трубка тиштеп, оттон секирип, тундукко чыгып кетесинерби? Силерде да мусулмандарга окшоп намазда окула турган суроолорунор барбы же кун чыгышты карап алып эле жин тийгендей тайрандап "тай тебишинерди" аткара берсенер эле жетиштуубу? Силерде аларга окшоп никеге турабы же он келди эле баса калып уйлоно беришеби? Эгер нике окулса эмне деп окуйсунар? Силердин Тениринердин Аллага кучу жетеби, эгер жетсе согуштуруп корбойсунорбу? Азыр бир эле кыргыз экиге болунуп бирин тенирчи экинчин мусулман болуп и так согушуп кетейин деп аз эле калды, ошондон коро кудайларынарды уруштурбайсынарбы, зачем кыргызды кырып андан коро кудайларынарды согуштуруп коюп сырттан байкап турсак кантет? Кимдин тенири женсе ошол чыныгы кудай болот, анан женилген тарап женген кудайдын динине кирет, кандай дейсинер ия Көк Тенирчилер?
Пикирге жооп

кимден: pedagog.kg
07.02.2012 20:47
урматтуу Могол! тенир ким да,кудай ким? Исламда айтылгандай кудайдын жуздогон аты бар. Болгону ар бир эл ар кандайча аташат. Кудай,тенир,аллах,бог,багаван(индия),год(анг.) ж.б. баары эле бир зат. Ааламды бир гана кудай жараткан,ал талашсыз. Ал эми шамандарды жин шайтанга тенеп оттон-суудан секирген мааниде жазыпсын. бул туура эмес. ар бир нерсени терен тушунуп анан маани беруу керек. Шамандардын оз дуйно таанымы,озунун улуулугу бар. Сен сураган шамандын жазылган зан закондору исламдын келиши менен тебеленип жок болуп кеткен. Анан кыргыз эли кочмон эл болгондуктан кагаз,калем кармап отурбастан баардык дуйно таанымын, жашоонун закондорун акыл эске сактаган дуйнодогу элдердин алдынкысы(буга "Манас" эпосу кубо). кудай ар бир нерсени жон эле себепсиз жарата бербейт. Аз биз соз кылып жаткан Тенирчилик дегенибиз да жон жерден пайда болду же адашкан ишеним десениз анда бутун тарыхты жана ата-бабалардын басып откон жолун,озгочо Манасты,Барсбекти,Асан Кайгыны,улуу Токтогулду (Сатылганов эмес),Кет Буканы ж.б. улуу урпактарыбызды чанганыбыз. Аларды жин шайтанга тенегенибиз. менин айтайын дегеним кайсы ишенимде болбо,эн башкысы адам болуу. Чынгыз атабыз айткандай "адамдын кыйыны кун сайын адам болуу" эн башкы нерсе.

кимден: эне каяктан: бишкек
07.02.2012 11:35
Урматтуу акыйнек айтышкан балдарым, мен силерге кайрылаар элем: талаштан мурда илимге, чындыкка таянсаңар деп. Анткени АЛЛАХ,ТЕҢИР - БИР ГАНА ЖАРАТУУЧУ. Ал эми жараткан кудай бирөө гана, ал ЖАЛГЫЗ! Болгону пенделери жин-шайтандан арылалбай түркүн ой-жорууларды ойлоп тапкандыгынан гана чыныгы илимди, ыйык КУРАНДЫ с.а.в МУХАМЕД ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА түшүргөн. Аны араб деп, исламды арабдардыкы гана деп түшүнгөнүбүз өзү чоң катачылык. Эгер ислам араптардыкы эле болсо, аларда адашкандар болбос эле го. Аларда деле шайтан жолунда адашкандар толтура болуп жатпайбы! Аллах жараткан бүтүн адамзаттын дини. Анын ичинде мусулман кыргыздар да барбыз. Ал эми улуу Манас биздин улуттук сыймыгыбыз албетте. Ошондуктан улуттук байлыктарыбызды бийик тутуу менен мусулман экенибизге, с.а.в. Мухамед пайгамбарыбыздын үмөтү экенибизге шүгүрчүлүк кылалы. Себеби сүйүктүү пайгамбарыбыз Аллах-Таала менен мусулман үмөттөрүнүн ортосунда элчи. Эч нерсе колубуздан келбей (акыретте) турган кезде, пайгамбарыбыздын үмөттүболгон чексиз бактылуулугубузду сезебиз. Аллах-Таала адашкан бир туугандарыбызгы ыйман берип, туура жолго түшүүнү насип этсин!...
Пикирге жооп

кимден: Бакы каяктан: Кыргызстан
08.02.2012 17:36
Кыргыздар биз мусулманбыз,динибиз Ислам дини.Бирок тээ илгертен келе жаткан кыргыздын ырым-жырымдарын ,каада-салттарын жоготуп, исламдаштырып жибергенге болбойт.

кимден: муслим каяктан: ислам
06.02.2012 21:03
Эй элди тозок жары таман жетелеваткан Тезекбай Аллахге кайт ислам диниге кайт болбосом ахиретда Аллахдин алдида малдан чикан тезекден жудаб каласын шайкаларинг менен бул адамга эргешбагила бундайлар жонунда ийык Куранда айтилинган элди тозока баштавчи каззобдар деб айтилинган...эргешбагила энг кечирилбас куно...мен билгенимче кыргыз тилинда жаздим тушунарсиздар...

кимден: муслим каяктан: ислам
06.02.2012 19:35
Менин паспортумда узбек деб жазылган бирок мен...Ибрахим(с.а.в.)дин улутуданмин эй тенирчилик деб озундун акылынга ишениб суйлаваткан эл...кайткила жараткан Аллахды алдына кайткиле ийман келтириб Исламды кармагыла болбосом жер жутат...кошумча сиздерды ичинерде мушрикдар отоо коп экен буни алдыни алыш керек...сиздерды ошол болбогон идеялогиенер башынарди жейт...Аллахдан башкасини уулу дейиш тозокдан озуна жай алды дегени...Ийман тилайм..колумдан келгенча кыргыз тилинда жаздим айибка санабагила..

кимден: st
06.02.2012 10:02
Алла Тааланын алдында кунокор болбойлу урматтуу мусулман бир тууганым. Алла баарын кечирүүчү улуу Зат!
Пикирге жооп

кимден: Кыке каяктан: Нарын
06.02.2012 15:00
Теңирим эң улуу экенин айтып кетем! Биринчи Теңирбиз ислам дининен абдан улуу! Кыргыздын 4000 миң жылкы тарыхынан мурда Теңир улуу болгон , эми ислам кантип улуу болмок эле тарых менен салыштырса кечеги пайда болгон динда! Теңирибиз эң улуу Теңмоден кечирим сурагыла алдагы жалган сөзүңөрдөн! Теңирдин касиети күчтү жана чексиз!
Пикирге жооп

кимден: bek каяктан: batken
07.02.2012 05:27
Naryndyk Kyke. Emnelerdi tantyrap jazyp atasyn..!? Islam dini oshol Uluu Tenirimdiki bolup atpaiby..!? Tenir degen Jalgyz jaratuuchu Kudaida.Anyn uluulugu jer asman jarala elekten tartyp, tuboluko kala beret. Tenirdin uluulugunda echkimdin shegi jana tashay jok,bolgonu oshol Uluu jaratuuchunun korsotkon jolunda bolup atat keptin baary. Seler Islam dininen bashtartsanar, anda kaisy dindi karmanasynar...!? Ata bababyzdyn saltynby,jook, el degen din bolo albait. Din bolush uchun jiberilgen paigambar bolushkerek. Muhammed paigambarga ishenbesener,Manas atabyzdy anyn oorduna komokchusunarby..?Esinerge kelgile,aldegen bolgonu kyrgyzdyn baatyry gana. Islam dinine ten keleerlik din,jashoo erejesin korsotup oshonun tegereginde tartyshsanar bolo kolunardan kelse.Jok andai taza uluu din taba albaisynar. Kelip ele Tenirdep takalasynar. Al degen bizdinda jalpy adamzattyn Teniri jana Kudaiy. Tenir,Kudai,Allah,Bog, kaisy tilde aitpagyn,jalgyz jaratuuchunu bildirse anda baary bir maani tushunuktu beret. Oilongula tuugandar!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.02.2012 13:25
Ислам менен Тенирчиликтин айырмасын так тушундуруп бере турган азамат бар бекен?
Пикирге жооп

кимден: Асан каяктан: Көк тиреген Теңир-Тоо
06.02.2012 16:54
кимден: Аксакал дегенге (06.02.2012 12:13)

"Асан сен кыргыз болуп, орусча куранды жазганың бул шылдыңдаганыңбы ыя?"

кыргыз тилин мен шылдыңдап атамбы? Көзүңдү ачып төрт тарабыңды карачы? Мен эле шылдыңдап атыпмынбы?


"Же орусча жазганды билем билимим бар деп мактанганыңбы ыя?"

Мактана турган болсом мактанам деп жазмакмын. Мактанам деп жазганымды көрдүңбү ыя?


"Акылдуу сөздөрдү жазганда өз сөзүң менен жазып жүр, орус сөздөрдү көчүрбой!"

Демек сен "Курандагы аяаттарды" акылдуу сөздөр катары кабыл алдың. Теңирчиликте ошол сыяктуу акылдуу сөздөр барбы?


"Билимиң абдан тайкы экен!"

Бака жыланды карап ийри деп коёт имиш деген макалга өтө дал келди го...


"Кыргыз десе кыргыз эмес, орус десе орус эмес, эми араб десе араб эмес болупсуң!"

Кыргыз туура жолдо жүрсө болбойбу? Бирок туура жолдомун. адашкандардын арасында эмесмин (Жараткан бизди адашкандардын арасында болуудан сактасын) .

Пикирге жооп

кимден: Асан каяктан: Көк тиреген Теңир-Тоо
06.02.2012 03:07
Ислам дини Ааламды жоктон бар кылган, адамды бир тамчы суудан жараткан, асмандагы жана жердеги баардык нерсенин ээси, Мээримдүү, Кудуреттүү, Боорукер, Баардыгын билүүчү, Баардыгын көрүүчү Аллах тарабынан кабыл алынган дин. Мунун далили да Курандагы төмөндөгү аят:

Всевышний Аллах также сказал: «Сегодня Я завершил для вас вашу религию и довел до конца Мою милость к вам, и одобрил для вас Ислам в качестве религии» (аль-Маида 5: 3).

Куран тууралуу Аллах төмөндөгүчө айтат:

«Скажи: «Если бы люди и джинны объединились для того, чтобы сочинить нечто, подобное этому Корану, это не удалось бы им, даже если бы они стали помогать друг другу» (Коран 17:88).


Аллах Куран аркылуу адам затынын кандай жаралганын билдирет:

"O люди! Если вы в сомнении о воскрешении, то ведь Мы создали вас из праха, потом из капли, потом из сгустка крови, потом из куска мяса, сформированного или бесформенного, чтобы разъяснить вам (это)" (Священный Коран, 22:5).

"Мы уже создали человека из эссенции глины, потом поместили Мы его каплей в надежном месте, потом создали из капли сгусток крови и создали из сгустка крови кусок мяса, создали из этого куска кости и облекли кости мясом, потом Мы вырастили его в другом творении, - благословен же Аллах, лучший из творцов!" (Священный Коран, 23:12-14).

"...Он творит вас в утробах ваших матерей, одним творением после другого в трех мраках..." (Священный Коран, 39:6).


Аллах Куран аркылуу Ааламдын жана жердин кандай жаралганын билдирет:

Священный Коран подробно рассказывает о сотворении мира и всего живого на земле: "Разве не видели те, которые не веровали, что небеса и земля были соединены, а Мы их разделили и сделали из воды всякую вещь живую. Неужели они не уверуют?" (Священный Коран, 21:30).

"И небо Мы воздвигли руками, и ведь Мы - расширители" (Священный Коран, 51:47).

"Аллах - Тот, кто воздвиг небеса без опор, которые бы вы видели..." (Священный Коран, 13:2).

"...и земле Он придал форму яйца, вывел из нее ее воду и пастбище, и горы - Он утвердил их" (Священный Коран, 79:30-32).





Теңирчиликте ааламдын, жердин жана адамдын кандайча жаратылгандыгы тууралуу маалымат бере алабы деп кызыгып сурап көр... Алар эмне дейт экен?


Пикирге жооп

кимден: Случайный свидетель
06.02.2012 12:40
Асан Теңир Тоо жазганда өз ойуңду терең түшүндүрсөңүз,башка жерден ой албай өз көз карашыңузды атсаңыз жакшы болмок.Жадыбалды жатагандай дежур сөздөр тажатып окугуң келбейт экен, баланча жерде түкүнчө жазылган дегенди бардыгы билета.Сиздин сөздөрдөн Көк Асман Көк Бурут Батырдын сөзү жеңиштү болуп атат.Азаматар бар бекен өз ойу, билими, акылы менен татыктуу Көк Асман Батыргы жооп берип же болбосо кошулуп сөз менен татыктуу жазалабы?!
Пикирге жооп

кимден: Аксакал
06.02.2012 12:13
Асан сен кыргыз болуп, орусча куранды жазганың бул шылдыңдаганыңбы ыя? Же орусча жазганды билем билимим бар деп мактанганыңбы ыя? Акылдуу сөздөрдү жазганда өз сөзүң менен жазып жүр, орус сөздөрдү көчүрбой! Билимиң абдан тайкы экен! Кыргыз десе кыргыз эмес орус десе орус эмес эми араб десе араб эмес болупсуң!
Пикирге жооп

кимден: КОК АСМАН КОК БУРУТ БАТЫР каяктан: КОКО ТЕНИРДИН АСМАНЫ
05.02.2012 17:46
Кыскача айтып берейин ислам менен ТЕҢИРдин айырмасын: Ислам дини адамдарды кул катары карайт ошондуктан Алланын кулдары деп көп айтат ал эми ТЕҢИРчиликте эч качан кыргыздарды кыргыздар кул деп айтканга болбойт жана Теңирдин кулу дер айтылбайт! Анткени илгертен бери Теңир Кыргыз элинин коргочусу күч менен дем берген чөң касиети бар Кудайыбыз Кыргыз төрөлгөндө Теңирирлү болуп төрөлөт!
Чынында арабтар бизди согуш менен жеңбей аң сезимди акыл эстибизди бурмалап бизди кул кылганы аракет жасап атат азыркы заманда.Өзүңөр ойлосоңор исламда баардыгы арабча биз дининий бир байкуш кулубуз исламга бомж-буз биздин селсаятай көрөт ошону үчүн кулдардай мамилеси бар!
Кудай Теңирибизде биз кул эмеспиз кул деп айтканда болбойт Теңирим теңдикти сүйүптүр дейт биз өз тилибизде сүйлөп өз каада салтарыбызды жашырбай ачык кыргыздын ырым жырымдарын кийим кийип башын көтөрүп эркин болот! Керек болсо исламда кулдар кожойун көргөндө жерге жыгылып бүжүрөп жатат ал эми Кудай Теңиримдин алдында жерге эңкейбейт жана тоңкойбойт жерге бүжүрөп жатпайт туруп турат аяк бут ооруса отуруп турат анан тилегин колдосун айтат. Ислам дини КУЛДАРДЫН дини!!!!!! Кудай ТЕҢИРИМ адамдардын дини!!!!!!! Эки башка айырмасы бар!
Илгери СССР убагында орус тили маx чекитке жеткен кыргыз тилин басмырлап басынтынчу анан азыр мin тоголонуп түштү. Эми кыргыз тили ТЕҢИРИМдей башын ойдө көтөрдү! Азыр ислам дини маx чекитке жетти эми мin кетет ал эми Кыргыздын кудай Теңирибиз элибизде улуттук аң сезими өсүп сөзсүз Теңирибиз колдойт жана өйдө көтөрүлөт! Кыргызымдын салтын, Кыргызымдын тилин, Кыргызымдын Тарыхы, Кыргыз Дастандары,Манаста атабыз, Умай энебиз, Кыргыз Куттубуз , жараткан Теңирибиз ! Ушуну эң ЫЙЫК деп айтат асылдарыбыз өсөт! Башка диндерден булактай тазаа көк асмандай ачык Кудай Теңирибиз колдосун!!!!!!
Пикирге жооп

кимден: bek каяктан: batken
07.02.2012 16:14
Sairagul eje -Tenirchi je Islamchy ekeninizdi bildirbepsiz,men oiloim siz chynygy kyrgyz musulman okshoisuz. Kyrgyzdyn diniy yrym jyrymdary dein degem,moinuma alam katamdy. Birok men, Kok asman kok burut baatyrdyn,Islam menen Tenirdin aiyrmasyn shaitandyn oiu menen jazgandygyna karata jazgam.Andyktan, temanyn mazmuunun oku- degen syiaktuu sozdorunuzdun oordu jokko. Anan sottoshuunun negizi bar uchun chuu bolup atyshatta.Sizdida murdagy soiku,alkash, narkoman dese un chykai kalatbeleniz?
Пикирге жооп

кимден: Тенирчилердин душманы каяктан: Бишкек
07.02.2012 12:52
Эй, Кок Асман кок бурут, Сен Тенирчи болсон, жана жаныны кабыл алгын келбесе тоого чык дагы отту тегеренип, сууга, кунго сыйына бер. Эмне элди бузуп жатасын? Тенирчилик деген шаманизм. Ал динди тааныбай, каяка сыйынаарын билбей жургон адашкандардын тиленуусу, сыйынуусу болгон. Исламды кулдун дини депсин. Сен анык жин-шайтандын кулу болуп калыпсын. Бир нерсе болсо эле Манасты, кыргыздын урп-адаттарына жамына калат экенсинер. Тенирчилер силер жалпы кыргыздын атынан суйлоп жинге тийип, кыжырды кайнатпагыла.
Кыргыздар -деп жалпы жонунан айтпагыла. Кыргыздардын 99% мусулман эл. Токтоткула ушунчанарда кыргызды ириткенди. Манас - кыргыздын баатыры. Аны эч ким танбайт. Бирок, Манас да мусулман болгон. Манаска жамынып аны да аралаштырбагыла.
Пикирге жооп

кимден: муслим каяктан: ислам
06.02.2012 19:54
Эй сен Аллахди бизге берген Ислам динини жамандама...сен айтибсын бизди тенирчылыкда кул болуш западло депсин...сенге мен 5000долар берсем сен срази озунду ихтиярин менен айтасин и мени кайда коруб калсенг жерге жатиб салам бересин...Исламди Аллах сенден алиб койгон корунат...Исламди тиштабачи..
Пикирге жооп

кимден: Сайрагул
06.02.2012 12:26
Bek Batken : Айии сен акылдуу турбасыңбы абдан гений турбайсыңбы тимеле професор экенсиң.Ээээй Bek Batken биринчи акылсыз жана билимсиз сөздөрүңдү калп айтарда мурун форумдагы теманын мазмунун окуусаң болооо молдоке? Эээй кыргыздын салты исламдан алынса анда эмне Тай тебиш деген салтыбыз ал дагы исламдыкы беле? Анда эмнеге Тай тебиш деп молдолор ызычуу салып сотошконго чейин шермеңде болуп чуу блока атат!
Пикирге жооп

кимден: bek каяктан: batken
06.02.2012 00:55
Aiabai akylduu ekensiz,baaryn bilet turbaispy...Shaitandyn akyly menen jazgansyzgo deim...?! Bul duino ,arky duino degen tushunuk barby selerde ozu, je bugunku kundogu Hristian je Evrereilerdin dinderinenda tomonku dengeelge tushup,KAAPYRDYN KAAPYRY bolup kalganstnarby? Tenirge Jaratuuchuga Kudaiga kul bolbogondo sen kimsin ozu,je Kudaisynby? Sen kaisy paigambarga ishenesin, Muhammed paigambarybyzga ishenbesen,Isa paigambarga ishenip Hristian bol je Musa Paigambarga ishenip Evrei bol....Bolboso oz jolunda Kaapyr bolup jurober.Kyrgyzdyn kaada salt,yrym jyrymynyn baary ele Islamdan alyngan,bolgonu kemchilik, katachylyktary bar... Kyrgyzstanda din keniri jaiylyp,jashtar ozgocho katuu Islamga berilgendikten,Shaitany kuchtuu eki juzduu munaafyktar jaiynda turalbai,Tenir,Manas dagy bashka degen nerselerdi chumkonup alyp,Islamga karshy turushuuda.

кимден: era
04.02.2012 16:17
Кыргыз элим бир бирибиз менен акия айтышпай ынтымактуу бололучу. Бул жерде ооба Манас эпосу менен кыргыз эли сыймыктанабыз окуйбуз бирок Манастын арбагына сыйынуу деген бул туура эмес. Манас бул баатыр болгон. Биз Манаска сыйынбайбыз сыйлайбыз. Тенирчилер азыр Манас эпосуна жамынып алып ар кандай пикир келишпестиктерди пайда кылып жатат... ойлонолу. Биз кыргызбыз биз мусулманбыз.
Пикирге жооп

кимден: pedagog.kg
07.02.2012 20:16
урматтуу Тенирчинин душманы! мен айтарым Манас эч качан мусулман болгон эмес. аны филологдор жакшы билет. аны Манасчылар кийинки доордо эле намазга жыгып койгон Манасты. бул деген коомдун онугушу менен тушундурулот. Тарыхка таянсак Манас ислам дини орногончо эле жашап откон.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине