Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Бакир уулу: Акыретти ойлоп жатам


Исламга каршы видеодон чыккан нааразылыкка үн кошкондордун дагы бир тобу келерки аптада ушундай эле акция даярдап жатат. Уюштуруучу депутат Турсунбай Бакир уулу "Азаттыкка" тополоңду алдын алуу максатында акцияны шейшембиге пландап жаткандыгын билдирди.

"Ар-намыс" партиясынан шайланган депутат акциянын саясий өңүтү тууралуу да суроого жооп берди. Ал Кабулда набыт болгон Эсенбек Ниязалиев аттуу кыргыз жаранынын жакындарына көңүл айтып, ошол эле мезгилде ал Ооганстанга Алланын буйругу жана өз каалоосу менен баргандыгын эскертти. Ниязалиевдин сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлүүдө. Кыжаалат болгон таризде сүйлөгөн Бакир уулу сөзүн анти-исламдык тасманы көргөн-көрбөгөндүгү тууралуу суроого жооп берүүдөн баштады.

please wait

No media source currently available

0:00 0:07:02 0:00
Түз линк



Жаңыл Жусупжан: Сөз болуп жаткан фильмди сиз өзүңүз көрдүңүз беле?

Турсунбай Бакир уулу: Көрдүм, бул жерде отургандардын баары көрүштү.

Жаңыл Жусупжан: Кайсы тилде көрдүңүздөр?

Турсунбай Бакир уулу: Мен англис тилинде көрдүм, арабча түшүнгөндөр араб тилинде көрүштү. Сиз билесиз да, бизде Кыргызстан Мусулмандар союзу бар, ажылар бар.

Жаңыл Жусупжан: Фейсбуктан 25-oктябрда Америка элчилигинин алдында өтө турган акцияга элди чакырып жатыптырсыз. Фейсбукта ондой киши келебиз дешкен экен. Сиз канча киши болот деп жатасыз?

Турсунбай Бакир уулу: Биз бүгүн Бишкек мэриясына уюштуруучулардын атынан алты киши кол коюп, миңдей киши келет дедик. Биз атайын жума күнү эмес, шейшемби күнү уюштуруп атабыз, анткени жума күнү он миңдеген, жыйырма миң, элүү миңдей киши келип албасын, көзөмөлдөш кыйын болуп калышы мүмкүн.

Жаңыл Жусупжан: Бир миң кишини көзөмөлдөй аласыздарбы?

Турсунбай Бакир уулу: Көзөмөлдөй алабыз, митингге чыгаруучулардын жетекчилери азыр жанымда отурушат, кеңешип атабыз, ураандарды жазып атабыз.

Жаңыл Жусупжан: Митингдин максаты кандай? Кандай ураандарды көтөрүп чыгасыздар?

Турсунбай Бакир уулу: Биринчиден, ислам динин, Мухаммед пайгамбарды коргоо маанисинде ураандар болот. Экинчиден, америкалыктарды, Америка бийлигин ыйманга чакыруу, бул тасманы жаратуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, YouTube жана башка сайттарды жабуу боюнча талап.

Жаңыл Жусупжан: Ливияда мындай акцияларда америкалык элчини, дипломаттарды өлтүрүп салышты, ал америкалык жарандардын фильмге эч кандай тиешеси жок да, араб тилин жакшы билген, Америка менен...

Турсунбай Бакир уулу: Ошон үчүн биз тынчтык митингин өткөрөбүз, биз дипломаттарды, эч кимди өлтүрбөйбүз.

Жаңыл Жусупжан: Түшүнүктүү, бирок Ливиядагы окуяны айтып атам, Америка менен Ливияны достоштурайын деген жаш дипломатты өлтүрүшкөнү туура болгонбу?

Турсунбай Бакир уулу: Америка азыр себеп менен эмес, натыйжа менен күрөшүп атат. Эгерде Америка башында фильмди тыйып салганда, интернетке жайгаштырбаганда, ал америкалык жаш дипломат каза болбойт эле. Хиллари Клинтон жана башка саясатчылар айтып аткан сөз - бул кечиккен сөз, бул фильмди башында токтотуш керек эле. Америка дайыма өзү себеп берип коюп, анан кийин натыйжа(сы) менен күрөшөт. Биз да Америка дипломаты күнөөсү жок өтүп кеткенине кайгырабыз, бирок бул өлүмгө Америка күнөөлүү, себеп бербеш керек болчу.

Жаңыл Жусупжан: Kөчөдө бирөө оозуна келгенди оттоп койсо, ушунча чуру-чуу салган туурабы деп жатышат, сиздин пикириңиз кандай?

Турсунбай Бакир уулу: Көчөдө бирөө бирөөгө шек келтирсе, ал пайгамбар эмес, биздин ыйык милдетибиз Куранда жазылган. Эгерде биз өз пайгамбарыбызды коргой албасак, анда акыретте кантип жооп берип калабыз? Мухаммед пайгамбарды көчөдөгү адам менен салыштырбаш керек, эки адам өздөрү чечишип алышат. Бул жерде кеп биздин ыйык пайгамбарыбызды маскаралаганда болуп жатат. Биз мусулмандар акыретти ойлоп, жалпы чыгышыбыз керек, анткени бул жөнөкөй адам эмес.

Сиздин сурооңузду түшүнүп турам, сиз адамдан чочулап суроо берип жатасыз, бирок биз адамдан коркпошубуз керек, биз Алладан коркушубуз керек.

Жаңыл Жусупжан: Дүйнөдө мусулмандар көп эле, бирок басымдуу көпчүлүгү мындай чагымчыл фильмге жооп бербестен, чуу салбастан эле унчукпай тынч калышты.

Турсунбай Бакир уулу: Жакшы хадис бар, “эгерде жаман нерсени көрсөң колуң менен токтотконго аракет кыл. Эгерде колуң менен токтото албасаң, анда тилиң менен токтот. Тилиң менен да токтото албасаң, анда жүрөгүң менен ошол нерсени жаман көр” деген бар. Биз жылуу үйдө отуруп алып, жүрөгүбүз менен жаман көрсөк болот, бирок акырет күн келгенде эмне деп жооп беребиз? Ошондуктан биз азыр колубуздан келишинче чыгып, каршы пикирибизди айталы, тилибиз менен да, колубуз менен да кылалы деп атабыз.

Жаңыл Жусупжан: Куранда “жакшы менен шайтан тең эмес, шайтанга андан өйдөрөөк турган аракет менен жооп бер” деп да айтылган эмеспи?

Турсунбай Бакир уулу: Туура, бирок сурооңуздун биздин өткөрүп аткан митингибизге кандай байланышы бар?

Жаңыл Жусупжан: Менин максатым сизди нааразы кылыш эмес, угармандарды кызыктырган суроолорго сизден жооп алайын деген максат. Ошондуктан суроого жооп берип койсоңуз.

Турсунбай Бакир уулу: Мен мусулмандын ыйык парзын айтып кеттим. Эгерде бул митингди өткөрүүдөн корккондор болсо, Facebook, Twitter, Мой Мир, Одноклассники деген социалдык тармактарда кээ бир адамдардан каршы пикирлерди угуп атам.

Мен аларга айттым, “силерди эч ким мажбурлаган жок”, анткени акырет күнү ар бир адам өзү үчүн жооп берет, митингге өздөрү чыкпай, башкаларды чыкпагыла дегендер да өздөрү жооп берет.

Мен жалгыз өзүм эмес, жанымдагы бүт коомдук уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн коомдору менен кеңешип ушундай чечимге келдик. Кээ бир түшүнбөгөн адамдар жактан жаманатты болуп атабыз, ошого карабастан Алланын ыраазычылыгы үчүн чыккан атабыз. Ошондуктан “шайтандын аракетинен алыс бол” деген сөз, тескерисинче, ислам динин коргой албаган, Мухаммед пайгамбарды маскаралап атса да, өзүнүн үнүн кошо албагандарга тиешелүү, анткени ал шайтандын сөзүнө кирип алып, Алладан эмес, адамдан коркуп атат. Биз болсо бир гана Алладан коркобуз.

Ошондуктан азыр уюштуруучулардын баары жанымда отурушат, биз баарыбыз кепилдик беребиз. Эч кандай чыр-чатак чыкпайт, эч ким Америка элчилигин талкалабайт, эч ким Американын базасы "Гансиге" (“Ганси” - "Манастагы" АКШнын транзиттик борборунун мурдагы аталышы - ЖЖ) барбайт, бир да адам өлбөйт. Кудай буйруса тартиптүү өткөрөбүз, биз өз пикирибизди айтып алабыз, Америка элчисине атайын кат даярдап атабыз, ошону беребиз, тарап кетебиз, биздики - тынчтык митинг.

Жаңыл Жусупжан: Турсунбай мырза, Мухаммед пайгамбар коргоого муктажбы?

Турсунбай Бакир уулу: Бүгүнкү күнү биздин өзүбүздүн милдетибиз ыйык пайгамбарыбызды коргоо. Экинчиден, биз акырет күндү ойлоп туруп, шек келтирген кинону жокко чыгаралы деп атабыз, анткени эртеңки күнү ислам менен христиан дининин ортосунда дүйнөлүк согуш чыгып кетсе, ким жооп берет, мага кычык суроо берип аткандарбы, же болбосо башка бирөө жооп береби, анткени биз коркуп, согуш болтурбаганга аракет кылып атабыз.

Жаңыл Жусупжан: Кечиресиз, сиз менин суроомо жооп берген жоксуз. Мухаммед пайгамбар коргоого муктажбы?

Турсунбай Бакир уулу: Анын аты биз үчүн идеал, ал дүйнөдө эң идеалдуу адам, ошондуктан биздин милдетибиз Мухаммед пайгамбарды коргоо, биздин артыбызда мусулмандар турат, алар бизди колдоп атат.

Жаңыл Жусупжан: Сиз АКШнын Кыргызстандагы аскер базасын чыгарыш керек деп келатасыз, бул дин саясий максатта колдонулуп жатат деп айткандар болушу мүмкүн. Бул суроого эмне деп жооп берер элеңиз?

Турсунбай Бакир уулу: Эмне деп айтса мага баары бир, мен акыретте өзүм үчүн жооп берем.

Жаңыл Жусупжан: Бул тасманын айынан Ооганстанда бир кыргыз бөөдө өлүм болду, артында үч баласы калыптыр, сиздин Фейсбуктан ага көңүл айтканды окуй алган жокмун, сиз бул адамдын жакындарына эмне дейсиз?

Турсунбай Бакир уулу: Мен аларга көңүл айтам. Бул Алланын буйругу, биз пендебиз, эч нерсе кылалбайбыз. Ооганстанда ал Алланын буйругу менен же өз каалоосу менен болуп калды. Туугандарына көңүл айтам, жаткан жери жайлуу болсун, Кудай рахматын алсын, ал кокустан болуп калды ал жакта.

Жаңыл Жусупжан: Турсунбай мырза, сизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG