Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

ЖК: "Жахабанын күбөлөрү" аскерден бошотулат


Жогорку Кеңеш диний ишенимдери курал кармоого тыюу салган жарандарды мамлекетке акча төлөөнү милдеттендирген мыйзам кабыл алды.

Депутат Майрамкүл Тиленчиеванын демилгеси менен Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативалык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизди. Ага ылайык эми аскерде кызмат өтөөгө, курал кармоого диний ишеними жол бербеген жарандар акчасын төлөп, альтернативдүү кызмат өтөшү керек. Айрыкча бул мыйзам "Жахабанын күбөлөрүнө" таандык.

- Бизде ар кандай дин агымдары бар. Ошол диндерди туткан аскер курагындагы балдар курал кармабоого ант беришет экен. Ушундан улам алар аскерде кызмат өтөөдөн баш тартууда. Эгер армияга баргысы келбесе, анда альтернативдик кызмат өтөп, акчасын төгүш керек. Ал акчаны Коргоо министрлигинин муктаждыгына которолу деп атабыз. Бирок өкмөт акчасын гана албастан, аларды каттоого да алат.

Парламент кабыл алган мыйзамга президент кол койсо, диний ишеними жол бербеген жарандар эми аскер кызматы үчүн 18 миң сомдон 25 миң сомго чейин төлөөгө милдеттүү болот. Депутаттын эсеби боюнча Кыргызстанда мындай жарандардын саны 190дон ашат. "Алардан жылына түшкөн 1 миллион сомдон ашык каражат үчүн атайын эсеп ачып, аны социалдык объекттерге жумшаса да болот" дейт депутат.

Протестанттардын өкүлү Александр Шмелов мындай өзгөрүүнүн киргизилишин колдойт. Ал дин эрежесине ылайык, аскерий кызматынан да баш тарткан.

- Кандай гана курал болбосун, аны колубузга алууга болбойт. Аскерге барган адам болсо мекенди коргоого ант берет эмеспи. Бул нерсе биздин динибизге карама-каршы келүүдө. Мен деле аскердик даярдыктан өткөн кишимин. Бирок кийин бул агымга өткөнүмө байланыштуу кызматымды да таштап, Кудай деп калдым.

Кой-Таштагы аскердик бөлүк
Кой-Таштагы аскердик бөлүк

Анткен менен мыйзамды колдобогондордун катары деле аз эмес. Алардын бири, депутат Курманбек Осмонов ар бир эркек динине, улутуна карабай аскерий кызмат өтөш керек деп эсептейт:

- Көп мыйзам каралып атып, кечээ бул кенен талкууланбай калды деп ойлойм. Жеке менин пикиримде, эркектердин армияда кызмат өтөөсү ыйык милдети болуп эсептелет. Ошол эле маалда түшкөн акча деле максаттуу пайдаланат деп айтыш кыйын. Конституцияда динине, же улутуна карап кызмат өтөөдөн баш тартууга болбойт деп жазылган.

Аскерий эксперт Токтогул Какчекеевдин баамында, мекенди коргоодон баш тарткандардан мамлекеттин акча талап кылганы туура эмес:

- Баптист, жахаба жана башка дин агымдарын кармангандардан аскерге барбаганы үчүн акча талап кылууга болбойт. Эртең Кыргызстандын башына мүшкүл иш түшкөндө алар Кудайга сыйынып, башка аскерлер кырылып жатса отура беришеби? Андан көрө курал кармабаса да, жыгач кармап, жарандык милдетин өтөш керектигин эскертип, ушундай жолдорду караштыруу зарыл болчу.

Ошентип, айрым адистер мамлекет эр жеткен балдарды аскерде кызмат өтөөгө кызыктыруу аракеттерин көрүшү керек дешет.

Аскерде кызмат өтөөнү каалабагандардын далайы жана алардын ата-энелери ынандырарлык ар кандай себептерди таап, кызмат өтөөдөн баш тартып келатканы маалым.

29-июнда парламент кабыл алган мыйзамга президент кол койгондон кийин күчүнө кириши керек. Былтыр бул мыйзам долбоорун чийки экенин айтылып, парламенттен өтпөй калган.

XS
SM
MD
LG