Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Рахматулла ажы кысымга кабылганын айтып чыкты


Муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев Курман айт намазында. Бишкек, 26-октябрь, 2012.
Муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев Курман айт намазында. Бишкек, 26-октябрь, 2012.

Муфтийдин милдетин аткаруучу бийликтеги айрым адамдар жана УКМК тарабынан кысымга тушукканын айтып, президентке кайрылды.

Муфтий шайлоого бир күн калганда УКМК мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловго жана азыркы муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиевге иш козголгонун жарыялады. Чубак ажы бул иш ажылыктан түшкөн каражаттын салыгына байланыштуу экенин айтып, анда дин башкармалыгынын эч кандай айыбы жоктугун белгиледи. Рахматулла ажы Эгембердиев болсо муну бийликтин 15-декабрга белгиленген мусулмандардын курултайына коопсуздук комитети аркылуу кийлигишүү катары баалады. Ал 14-декабрда өлкө башчысына жана коомчулукка видео кайрылуу жасап, муфтий шайлоого башка тараптардан кийлигишүү болбой, калыстык болушун суранды.

“Кыңырылган” кылмыш иш

Кыргызстандын дин башкармалыгынын мурдагы жана учурдагы жетекчилигине карата кылмыш иши 31-октябрда козголгон. Бирок бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы 14-декабрда гана билдирүү таратты.

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов жана азыркы муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматтулла ажы Эгембердиев мамлекетке сегиз миллион сом зыян келтирген деп айыпталууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурлан Токталиев бул тууралуу мына буларга токтолду:

- Экономикалык мүнөздөгү кылмыш иши диний башкармалыктын мурдагы жана азыркы жетекчилерине карата козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө Чубак ажы Жалиловго айып тагылып, андан шаардан эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынды.

Диний башкармалыктын жетекчилигине карата козголгон кылмыш иши Кыргызстандын муфтийи шайлана турган мусулмандардын курултайына басым жасоо катары кабыл алынууда.

"Үчилтиктин" аракетиби?

Муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев президенттик аппараттагы жана дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиядагы үч үлкөн аткаминер кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн ага каршы куугунтук уюштуруп жатат деп эсептейт:

- Азыр биздин курултайга келе жаткан делегаттарды УКМКнын кызматкерлери кысымга алып, Кимсанбай ажыны шайлайсыңар деп басым көрсөтүп жатат. Мындай басымдын дагы бир жолу катары эртең курултай болгону жатса, бүгүн бизге иш козгоп, ошондой жол менен бизге таасир этүүнү көздөшүүдө. Кечээ мени соттун санкциясы жок эле атайын кызматтын имаратына алып барышып, күч менен “шайлоого катышпайым” дедиртип кайрылуу жаздырышты. Мунун артында буга чейин мага телефон аркылуу коркутуп-үркүткөн президенттик аппараттын эки өкүлү: Фарид Ниязов, Орозбек Молдалиев жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев турат.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев Эгембердиевдин койгон дооматында негиз жок деп билдирди. Мына ушундай эле пикирин президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов да белгиледи.

Орозбек Молдалиевдин айтымында, Эгембердиев муфтий шайлоонун алдында кайсы бир саясий күчтөрдүн тилине кирип, атайын президенттик аппаратты жаманатты кылып жатышы мүмкүн:

- Булардын үстүнөн мурда эле арыз түшкөн. Кылмыш иши эч кандай куугунтук эмей эле ошону текшерүүнүн жыйынтыгы. Мен он күн мурун Рахматтулла ажыга жолугуп, шайлоону жакшы өткөрүп алгыла деп каалоому айткамын. Мен эмнеге муфтияттын ишине кийлигишмек элем. Ал мени айыптап, негизсиз доомат койуп жаткандыктан, менин кийлигишип жатканымы далилдеп берсин деген негизде мен аны сотко берем.

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов козголгон кылмыш иши ажылыктан түшкөн каражаттан салык алууга байланыштуу талаштуу маселе экенин айтты. Чубак ажы Жалилов аны кызматтан мажбурлап кетирүүдө да бийлик мына ошол ишти ага каршы басым көсөтүүнүн куралы катары колдонгонун белгиледи:

- Бул иш өзү мурда эле бар болчу. Бул жанагы ажалыктан түшкөн каражаттан салык төлөбөйсүңөр деген мааниде бизге койулган дооматтын негизинде козголгон. Биз 20 жылдан бери төлөнбөгөн салык үчүн кандайча айыптуу болушубуз керек. Мени муфтийликтен кетирүүдө да мына ушундай ыкма менен басым жасашкан. Мени муфтийликке талапкерлигин коёт деп коркуп, ошол ишти кайра көтөрүп жатышкан го. Андан коркпой эле коюшса болмок. Себеби мен талапкердигими көрсөтөлү дегендерге баш тартып койгом.

Эртең, 15-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын курултайында жаңы муфтийди шайлоо маселеси каралат. Ага негизги талапкерлер катары муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматтулла ажы Эгембердиев менен буга чейин эки жолу муфтийлик кызматты аркалаган Кимсанбай ажы Абдрахмановдун ысымы аталууда.
XS
SM
MD
LG