Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Мэрдин ишин Шаардык кеңеш жактырбады


Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов.
Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаардык кеңеши мэр Кубанычбек Кулматовду тазалык маселеси, жашылдандырып-көрктөндүрүү иштери боюнча сынга алды.

Шаардык кеңештин 14-октябрда, жайкы тыныгуудан кийин өткөн алгачкы сессиясында “Тазалыктын” иши канааттандырарлык эмес деп бааланды.

Байкоочулардын баамында, мэр депутаттар менен тил табыша албай жатат. Айрыкча шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов менен тирешип жатканы айтылууда.

Шаардык кеңеш “Тазалык”, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына байланышкан маселелерди дээрлик бир күн бою талкуулады. Депутаттар аталган ишкана шаарды тазалап үлгүрбөй жатканын, өзү опол тоодой карызга батканын, жетекчисине туура эмес кадр тандалганын белгилешти. Банкрот деп жарыялоо керектигин билдиргендер болду.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Алмаз Кененбаевдин пикиринде, мэр бул жаатта алдына коюлган тапшырмаларды аткарган жок:

- “Тазалык” муниципалдык ишканасы боюнча маселени биз июнь айында да койгонбуз. Ошол жерде кайсы иштер жасалышы керектигин да көрсөткөнбүз. Акыр-чикирди убагында тазалабай жайды-жайлата шаар тургундарын нааразы кылышты. Мына жайкы тыныгуудан кийинки биринчи сессиябызда кайра ушул маселени көтөргөнгө аргасыз болуп жатабыз.

Оппозициядагы “Республика” фракциясы өз жыйынында шаарды тазалоо иштери боюнча Кубанычбек Кулматовдун ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Фракция лидери Мирлан Жээнчороевдин баамында, Кулматов өзүн чарбакөй адис катары көрсөтө алган жок:

- Биз сын эле айтпастан сунуш дагы берип жатабыз. Тилекке каршы, берилген сунуштардын кээ бирлери ошол бойдон калды. Мына-ана деп отуруп 9 ай өттү. Айрым маселелер эмдигиче чечилбей жатат. Шаардын чарбалык иштеринде өзүн адис катары көрсөтө албай жатат. Мыйзамда мэрге ишеним көрсөтпөө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгер кайчы пикир андан да күчөп баратса, шаардык кеңештин депутаттары бир ойго келсек, ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланабыз.

Мэр Кубанычбек Кулматов "Тазалык" жана "Жашылдандыруу" ишканалары боюнча өз жүйөсүн келтирип, сын-дооматты болушунча четке кагып жатты. Талапты чоң койгон депутаттардын өзүн күнөөлөгөнгө да үлгүрдү:

- Силер жайкы тыныгууга кеткенден бери, ошол июндан бери эмне өзгөрдү? Силер эмне “Тазалыкты” каржылап койдуңарбы? Эмне жаңы техника сатып бердиңерби? Эки айда эмнени күттүңөр эле? Эки айда эмне болушу керек эле? Сыйкырланып кетиши керек беле? Таштандыларды колубуздан келишинче тазалап жатабыз.

Байкоочулардын баамында, мэр айрыкча Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов менен тирешип келет. Май айында Шаардык кеңештин жыйынында Аманкулов мэрге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрөрүн эскерткен болчу. 14-октябрдагы жыйында Аманкулов мэрдин ишине эң төмөн деген баа берди:

- Мэриянын санитардык тазалоо, таштандылардан арылтуу иштерине, каржылык-чарбалык жумуштарына эки деген баа берем. Таптакыр канааттандырбайт.

Шаардык кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Союзбек Салиев тазалык боюнча маселелер көп дегени менен депутаттар менен мэрдин ортосундан тиреш күчөдү деген сөздү жокко чыгарууда:

- Бишкек шаардык кеңеши башынан эле конструктивдүү позицияда келатат. Башка жергиликтүү кеңештерге салыштырмалуу биз саясий маданиятты да калыптандыралы, мэр менен тил табышып алдыга жылуу деген гана маселе менен алектенели деген максатты койгонбуз. Бул жерде саясий, же дагы башка өңүтү жок. Биз буга чейин шайлоочулар менен жолугуп келдик. Ошол жерде “жолду оңдогонго акча жок десеңер түшүнөбүз, бирок таштандыны тазалаганга кантип алыңар жетпесин”, деп ачык эле айтып, бизди абдан уяткарышты. Ошондуктан биз элдин талабын шаар жетекчилигине жеткирип жатабыз. Бул демократиянын, парламентаризмдин жакшы жышаанасы.

Шаардык кеңеш эмки сессияга 26-октябрда чогулат. Анда мэр Кулматов чууга калган “Тазалык” муниципалдык мекемесин жоюу, анын ордуна шаардагы төрт райондо бирден ишкана ачуу, тазалоо иштерин ар бир акимге тапшыруу, таштандылар боюнча маселени жөнгө салуу тууралуу өз сунушу менен келгени жатат.

Кубанычбек Кулматов мэр болуп ушул жылдын башында, 15-январда шайланган. Анын Бишкекти өнүктүрүү программасы 6 айдан кийин гана кабыл алынган. Программа талкууланып жатканда да ишине байланыштуу Кулматовго бир топ доомат айтылган эле.

XS
SM
MD
LG