Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Кара-Суудагы шайлоодо ок атылды


Кара-Суудагы чыр чыккан №5266 шайлоо участогу. 18-август, 2013-жыл
Кара-Суудагы чыр чыккан №5266 шайлоо участогу. 18-август, 2013-жыл

Шаардык кеңешке шайлоо учурунда эки партия өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан чырдан ок атылып, үч адам жабыркады.

Социал-демократтар менен "Өнүгүү" партиясынын ортосунда орун алган чатак добуш берүүдөгү мыйзам бузуудан келип чыккандыгы кабарланууда. Бийликтер болсо аймакта кырдаал тынч экенин айтууда.

Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө жайгашкан №5266 участкасында орун алган ок атышуу шайлоо учурундагы мыйзам бузуудан улам чыккандыгын күбөлөр тастыкташат. Бейөкмөт уюмдан бул жерде байкоочу болуп турган Бектур Эркинаалы уулу окуя мындайча башталды дейт:

- Шайлоо башталганда эле КСДПнын балдары шайлоону каалагандай нукта алып кетүүгө аракет кылып атышты. Шайлоо коммиссиясы, байкоочулар, ошол жердеги милиция алар үчүн "эч ким" болуп калды. Алар каалаган нерсесин кылып атканы үчүн “Өнүгүү” партиясынын балдары алар менен чатакташа кетти. Эки партиянын балдары алгач кыжыңдашып атып, кийин мушташып кетишти. Аягында ок атууга чейин барышты. Бир тарабы бир баланы бычактап салды. Мен байкоочу катары булардын баарын өз көзүм менен көрүп турдум.

Учурда чатактан 3 адам жабыркаганы айтылууда. Бирок алардын экөө гана ооруканага келип түшкөн. Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Каныбек Муратов буларды айтты:

- Бизге эки адам келип түштү. Мунарбек Райымбеков 1988-жылы туулган. Ал бөйрөгүнө 2-3 жолу бычак жеген. Ага операция жасалып, учурда реанимацияда. Азыр өзүнө келип калды, акыбалы келгендегиге караганда жакшы десем болот. Андан кийин Исламбек Каримов аттуу бала 1983-жылы туулган. Ал "колума ок тийди" деп айтыптыр. Оң жак колунан жаракат алган экен, аны биздин дарыгерлер дарылап, жараатын таңып берген. Жатыш керек эле, бирок ал суранып үйүнө барып келейин деп кеткен. Эми келсе жаткырабыз.

Маалыматтар боюнча, Мунар Райымбеков Социал-демократтар партиясынын, Исламбек Каримов “Мекен Ынтымагы” партиясынын мүчөсү. Ал эми көкүрөгүнө ок жеди делген Нурмухаммед аттуу адам (азырынча фамилиясы тактала элек) “Өнүгүү” партиясынын өкүлү. Нурмухаммеддин абалы боюнча азырынча маалыматтар тактала элек. Күбөлөр белгилегендей, окту КСДП партиясынын өкүлү чыгарган.

Окуяны ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов да тастыктап, иш иликтенип жатканын кабарлады:

- Бул окуя орун алганы чын. КСДПнын өкүлдөрү менен “Өнүгүү” партиясынын балдары урушуп, бири бычак жеп, бири ок жеди делип атат. Калган нерселери такталып атат, окуя дагы териштирилет.

“Өнүгүү” партиясынын аймактагы өкүлү Тыныч Мамаев бул чырда партиянын кишиси КСДПнын өкүлүн бычактады деген маалыматты четке какты.

Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бул окуя азырынча териштирилип жатканын, кийинчерээк маалымат таратылаарын "Азаттыкка" билдирди.

Кара-Суу шаары боюнча жалпы 9 миңдей шайлоочу бар. Ага жалпысы 6 шайлоо участкасы уюшулган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча калктын 72% шайлоого катышты деп айтылууда.

Район акиминин биринчи орун басары Мурадыл Тешебаев буларды билдирди:

- Бул окуя боюнча биз учурунда дароо эле чара көрдүк. Участкалык комиссиянын жетекчиси бизге телефон чалып, окуяны айтты эле, биз дароо жетип бардык. Ал жерде болгону КСДП партиясынын өкүлү менен “Өнүгүү” партиясынын өкүлү талашып-тартышып кетишкен. Окуяны күч органдары иликтеп, териштирип атышат. Негизи шайлоо тынч өттү. Катышуу дагы 72,5% болду. Азырынча эсептөөлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыкканда анан кайсы партия утуп чыкканы белгилүү болот. Жалпы кырдаал шаарда да, райондо да тынч.

31 депутаттык орун үчүн шайлоого 7 партия ат салышты. Алар ошол эле “Кыргыз-Ата”, “Замандаш”, “Бир бол”, “Ата-Мекен”, “Мекен ынтымагы”, “Өнүгүү” жана Кыргызстан Социал Демократтар партиялары. Булардан жалпысы болуп 325 адам талапкер болгон. Шайлоодо ат салышкан “Кыргыз-Ата” партиясынын лидери Төлөгөн Келдибаев шайлоо толтура мыйзам бузуу менен өткөнүн айтууда:

- Шайлоо 100% мыйзам бузуу, мамлекеттик ресурс, бандиттик добуш берүү менен өттү. Карап көрсөңөр шайлоочулар эмес, бүт эле бандиттер добуш берип, бардык участкаларды ээлеп алышкан. Милиция, прокуратуранын колунан эч нерсе келбей атат. Башкалардын ордуна кирип деле добуш берип аткан, келбеген кишинин ордуна деле добуш берип аткан жан. Алдын ала белгиленген бюллетендер тутамдалып ташталды. Бул жерде райондун акими, облустун губернатору, алардын орун басарлары бүт эле шайлоо күнү КСДП партиясына чуркап жүрүштү. Шайлоого катышкан партиялардан КСДП партиясынан башка бир дагы партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт деп ойлойм.

Кара-Суу шаардык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Буга чейин бул аймакта белгиленген мөөнөттө шаар башчысы шайланбай калып, мындан улам шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңеш таратылып, кайра шайлоо жарыяланган.

Бир жыл мурун эле шайланган Кара-Суу шаардык кеңеши калаа башчысын дайындай албагандыктан бир ай мурдараак президенттин жарлыгы менен таркап кеткен болчу. Анда КСДП партиясы 21 депутат менен көпчүлүктү түзгөн эле.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттык мөөнөтү 4 жыл.

Кара-Суу шаары - Ош облусундагы эң чоң райондордун бири, Кара-Суу районунун борбору. Шаар Борбор Азиядагы эң чоң соода борборлорунун бири саналган ири базары менен белгилүү.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG