Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Базар-Коргонду үчүнчү ирет сел каптады


Абдраимов айылын каптаган сел, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу, 12-май, 2012.
Абдраимов айылын каптаган сел, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу, 12-май, 2012.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы бир нече айыл-кыштактарды акыркы үч жуманын ичинде эле үч жолу сел басты.

12-майга караган түнү жүргөн суу ташкындан Ош-Бишкек жолунун боюнда турган Абдраимов айылынын тургундары үйлөрүнөн качып чыгып кутулушту. Алар азырынча коңшуларыныкында баш калкалоодо.

Биз аталган айылга барганда облустук өрт коопсуздугу кызматынын башчысы Таалайбек Кудайбердиев жоокерлери менен өрт өчүрүүчү автоунаалардын түтүктөрү аркылуу короолоруна сел кирген үйлөрдөн сууларды сордуртуп тазалап жаткан экен. Анын айтымында,12-майга караган түнү жүргөн селде райондун Кеңеш айыл өкмөтүндө жашаган тургундар үйлөрүнөн керектүү буюмдарын алып чыгууга да үлгүрбөгөн:

- Базар-Коргон районунда биздин өрт коопсуздугу башкармасынын үч машинасы иштеп жатат. Бизден башка Жалал-Абад менен Оштон келген куткаруучулар, ӨКМдин кызматкерлери бар. Бул үйлөргө сел кирип, айрым үйлөрдүн дубалдары урап калган.

Ош-Бишкек жолунун боюндагы Абдраимов айылынын жашоочулары кыян келгенде үйлөрүнөн араң качып чыгууга үлгүргөн. Розухан Асранкулова суу ташкын кайдан келгенин билген эмес. Сел анын короосундагы чарбалык курулуштарды, ашканасын кулатып, жер семирткичин агызган. Биз барганда ал тамак-ашы, жууркан-төшөгү калган үйүнө кире албай, кошуналары менен жол боюнда жүрүптүр:

-Түнкү саат он экилерде үйүбүзгө суу кирип кетти. Саат бир-экилерде бизди трактор менен алып чыгып коюшту. Тамак-ашыбыз эске келген жок. Азыр кошунаныкында үй-бүлөбүз менен жашап атабыз. Бизди ошолор багып атышат.

Үйү жараксыз болгон Абдрахман Асранкулов кайда жашаарын билбей турат. Анын балдары үй ичин суудан тазалоодо:

-Түнү менен туугандардыкында болдук. Эртең менен келип тазалап атабыз. Үйдө жашоого болбойт.

Турак-жайын каптаган сууну кечкен Маманазар Розматов суу сордуруучу машинанын кезегин күтүүдө:

- Бала-чакабыз менен аман-эсен кутулуп чыктык селден. Жакшы кошуналарыбыз бар, ошолордукунда турабыз.

Якубжан Мырзараимов да үй-бүлөсү менен чогуу үстүндөгү кийимдери менен үйүнөн качып чыгууга үлгүргөн экен:

- Азыр үйдө эч ким калган жок. Сел баспаган жерге чыгарып койдук аларды. Сел эккен эгинди да калтырган жок. Гүлдөгөн бадыраң, сабиз, пияз, мына көрүп турасыз, ылайдын алдында калып кетти. Суу үйлөрдүн ичине дейре кирип кетти. Андан акканы акты, акпаганы калды. Эски тамдардын дубалдары кулап түштү жамгыр катуу жааганынан. Үйгө кире элекпиз. Коркуп атабыз, суу тийген дубалдар басып калбасын деп...

Баатыр эне Шайлоо Токторбаева тогуз небересин селден окчун жайга алып өткөн:

- Бала-чакабыз менен качып чыгып, көрүнгөндүкүндө жаттык түндө. Бу өкмөт болсо эч кимди карабай койду го...

Айыл тургуну Али Абдрашев мындан ары үйлөрдү суу ташкын каптабоосу үчүн сел жүрүүчү каналдарды куруу абзелдигин эскертет:

- Адамдар үйлөргө кирген ылай, сууларды тазалап атышат. Айылдын адамдары өзүбүз аракет кылып, ар кимиси колунан келген жардамдарды берип атышат, кимиси трактору, кимиси тележкасы менен дегендей. Он беш күндөн бери ушундай оор акыбал болуп атат да Кеңеш айыл өкмөтүндө. Кызыл-Октябрь, Коткор, Шыдыр, Аук, Кызыл, Таштак деген айылдарды ушуну менен төрт жолу сел басты. Биздин айылга быйыл селдин биринчи жолу келиши.

Базар-Коргондун Акман,Кеңеш, Бешик-Жон айыл өкмөттөрүндөгү ондогон айыл-кыштактарды сел ушуну менен үчүнчү ирет каптады. Район акиминин орун басары Каныбек Тилекеев бул жолу Абдраимов айылынан болжолдуу түрдө 300дөй турак-жай жабыркаганын айтууда. Учурда райондогу сел тазалоо иштерине чукул кырдаал министрлигинин куткаруучулары, техникалары, жүздөн ашык жоокери, райондук уюмдардын кызматкерлери тартылды.

Өтө муктаж кары-картан адамдарга 54 чатыр бөлүндү. Жергиликтүү комиссия 26-30-апрель жана 7-8-май күндөрү болгон суу ташкында 85 үй жашоого жараксыз болуп, 352 үйдүн ичине суу киргенин, 1954 короо жайды сел каптап, район 41 миллион сом зыян тартканын эсептеп чыккан:

- Көпчүлүк адамдар канал-арыктар тазаланбай калган деген ой-пикирлерди айтып жүрүшөт да. Бул да кандайдыр бир деңгээлде туура болушу мүмкүн. Бирок бизде сел каналдары болгон эмес. Сугат каналдары сел каналдарынын жүгүн кошумча аткарып калган. Сугат каналынан беш чарчы метр суу ага турган болсо, нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан жыйырма-отуз чарчы метр сел агып келип, ал каналга батпай, ашып кеткендигинен суу ташкын болуп атат. Келечекте ошо селди кармоочу дамбаларды куруу керек. Же болбосо, селди чоң сай-каналдарга өткөрүп ийе турган селараларды куруу керек чоң каражатка. Ошондо келечекте элди сактоо үчүн мамлекет тарабынан чоң көңүл бурулган болот деп эсептейм. 12-майга өткөн түнкү жамгырда мурда сел каптаган 1954 үй дагы кошо жабыркады. Ага кошумча ушул Абдраимов айылынан эки жүз элүү-үч жүз үйдү суу басты да. Сел жүргөндө Ош-Бишкек жолу убактылуу жабык турду, - дейт район акиминин орун басары.

Ал райондук мекемелердин кызматкерлери бир күндүк иш акыларын селден жабыркагандарга берүүнү чечкендигин да билдирди. Базар-Коргондун Кеңеш жана Акман айыл өкмөттөрүнүн аймагында суу ташкындан коргоо штабы уюштурулган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG