Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Чарбактыктар “Шер” калышын каалайт


Чарбактын коопсуздугу «Шердин» көзөмөлүндө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00

Баткендин Чарбак айылынын эли январдагы чатактан бери коопсуздугун карап турган аскерлерди чек ара такталмайынча кармай турууну суранууда.

Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш Баткендин Чарбак, Согмент айылдарында 6-январдагы жаңжалдан бери коопсуздукту дагы деле ички аскерлердин атайын даярдыктагы “Шер” тобу көзөмөлдөп турат. Бул айылдардын калкы чек арачылардан тышкары ички коопсузудкту көзөмөлдөп турган милициянын ички аскерлерин чек ара такталып, жазгы талаа иштери аяктаганга чейин кала беришин каалашууда.

“Шер” менен шерденген эл

Мурда атайын бөлүктө тийиштүү шартта жашап, иштеп келген ички аскерлердин бул тобу жыл башындагы чатакта Чарбакка келгени талаа шартында күн кечирүүдө.

Топтун башчысы Улан Назаров Чарбак айылына 7-январда келип жайгашып калган Батма эженин үйүндөгү шарт жакшы экенин, анын үстүнө аскерлерге шарттан мурда буйрук маанилүү экенин айтат:

- Ошол кыштын күнү биздин аскерлер келген. Бул жерде жеригиликтүү эл жакшы кабыл алып, үйлөрүнө жайгаштырышты. Тамакты болсо өзүбүз даярдап жейбиз. Айылдыктардын да мамилеси жакшы.

Ошентип ИИМдин атайын даярдыктагы “Шер” тобунун аскерлери Чарбак айылында жаңжал чыгаары менен алгачкылардан болуп келип, ички коопсуздукту колго алышкан. Өз демилгеси менен жоокерлерди үйүнө жайгашытырып, атайын бөлмө ажыратып берген Батма Орозова ушулар бар бала-чака кенен-кесири басып турабыз дейт:

- Биз үчүн аскерлердин бары жакшы. Чек ара жакын, балдарыбыз мектепке каттап турушат. Ушуларга ишенип, коопсуздугубуздан кам санабай турабыз. Мага булар түйшүк жараткан жок. Өз тамактарын өздөрү бышырып жешет. Айылдагы кээ бир жумуштарга да жардам берип турушат.

Аймакта абал жөнгөрүлгөндөй болгону менен Өзбекстандын Ушар айылы менен чектеш Согмент жана Чарбак айылдарында көчө бойлоп, куралчан атайын аскерлердин жүргөнүн учуратууга болот.

Атайын багыттагы “Шер” тобунун штаб башчысы Чыңгыз Назиров аймакта ар кандай чагымчыл аракеттер болуп кетпеси үчүн абалга тыкыр көз салып турушканын айтат:

- Биз келгенден бери бул жерде коомдук тартип бузулган жок. Жергиликтүү коомчулук арасындагы коопсуздукту карап турабыз. Эл да четте турбай, бизге колдон келгенинче жардам берип турушат.

Ички аскерлерге ишеним

Чарбактыктар бул аскерлердин эми убактысы бүтүптүр, кетишет экен деген сөздөргө кабатыр. Жазгы талаа жумуштары башталып, али чек ара тосмолонуп бүтпөгөнүнөн дагы деле кооптонуп турган айылдыктар алардын дагы бир аз тура туруусун өтүнүшүүдө.

Чарбактык Алимбек Мурзабеков жара бүтөлө электе бизди жалгыз калтырбай тура турушсун дейт:

- Жазгы талаа жумуштары башталды. Биздин кошуналар менен аралыгыбыз болсо 20 метр. Жер,суу же дагы бир нерсенин айынан талаш чыгып кетпейт деп ким айталат. Бизге ушул ички аскерлер азыр керек. Чек ара али тосулуп бүтө элек болсо...

Ушундай эле өтүнүч Согмент айылынын Күнгөй-Там деген бөлүгүндө да айтылууда.

- Мен ушул Күңгөй там айылындагы чек арада жашаган Акматали Нурбаев болом. Чек арабызды болсо короомдун бир эле дубалы бөлүп турат. Бул балдар кетип калса мен кантем. Ушуларга ишенип азыр ары бери кенен-кесири басып турам. Ошондуктан биздин аймактын коопсуздугу үчүн булардын салымы жакшы.

Ички аскерлер азырынча Согмент, Чарбак айылынан качан кетиришээри али чечиле элек. Жетекчиликке жеригиликтүү бийлик да дагы кайсыл бир убакка чейин аскерлерди бул аймакта калтырып туруусун өтүнүп кайрылган.

Чек арадагы жаңжалдан кийин чек аралаш айылдарга ички аскерлердин тартылышы менен коомдук тарипти бузган 15 киши кармалып, анын үчөө өзбекстандык жарандар болгону аныкталган. Алар административдик жазана менен бошотулду.

Сох анклавы менен чектеш Баткендин Чарбак айылында быйыл 6-январь күнү Өзбекстандын Ушар айылынын тургундары чек ара маселесинен улам жаңжал чыгарып, 30дай кишини барымтага алган. Бул окуядан кийин кыргыз өкмөтү аймактагы чек араларды бекемдөө, суу, жол, электр энергиясын кошуналардан көз карандысыз кылып берүү жана айылга зарыл делген социалдык объектилерди куруу үчүн өлкө бюджетинен 357 млн. сом каражат бөлгөн.

Чарбак айылынан сүрөт баян


XS
SM
MD
LG