Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Каттооң болсо кишисиң, каттоосу жок кимсиң?


Миңдеген адамдар каттоосу жоктугунан медициналык жардам ала албай, балдарын мектепке бере албай келишет. Мамлекеттик каттоо институтун реформалоо керекпи?

Талкууга вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун директору Сейитбек Усманов катышты.

“Азаттык”: Сейитбек мырза, мамлекеттик каттоону жоюу реформасынын кереги барбы?

Сейитбек Усманов: Бул жерде себептер көп. Экономикалык, гуманитардык, саясий сыяктуу көйгөйлөрдү дал ушул каттоо чыгарып жатат. Мен Шамил Атахановдун бир апта мурда бул суроону жогорку деңгээлде талкуулап чыкканына чоң ыраазычылыгымды билдирем.

Шамил Атаханов: Биз укуктук мамлекетке айланып баратабыз. Ал эми парламенттик система мыйзамдардын жарышуусуна жана укуктук система курууга түрткү болот. Бул жалпы фраза жана жөн гана сөздөр эмес. Бул биздин жашообуздун негизи болуп калды.

“Азаттык”: Шамил мырза, сиз өзүңүз кайсы жерде каттоодо турасыз?

Шамил Атаханов: Мен Бишкек шаарында каттоодо турам.

“Азаттык”: Сиз же сиздин туугандарыңызда каттоого байланыштуу көйгөйлөр чыкты беле?
Көп бишкектиктер каттоону реформалоого каршы. Эгерде бул популярдуу эмес реформа болсо, анда саясатчыларга мунун эмне кереги бар?

Шамил Атаханов: Менде мындай көйгөйлөр болгон эмес. Бирок мен мындай көйгөйлөр республикада абдан чоң масштабда болуп жатканын билем. Мисалы, каттоосу жок камактан жаза өтөп чыккандардын саны азыркы күндө республика боюнча 5000ге жетет. Алар ар бир кадамында көптөгөн көйгөйлөрдү башынан өткөрүп жүрө беришет.

Башка мамлекеттен келгендер да ушундай эле көйгөйлөргө кабылат. Жалпысынан алганда каттоо жаран укуктарына чек коёт. Бирок бул институттан аз убакыт ичинде арылуу өтө эле кыйын болуп калат. Анткени бул мурас, аскер өтөө жана ар кандай келишимдерди каттоо тууралуу укуктук мамилелер менен байланыштуу. Башкача айтканда бул институт бардык аспект боюнча терең сиңип бүткөн. Айтсак, эл пенсия жана социалдык төлөмдөрдү каттоо аркылуу гана ала алат.

Кыскасы биз каттоого тиешелүү болгон социалдык, экономикалык маселелерге кабылабыз. Башка жагынан алып карасак, каттоодон арылуу бул Кыргызстанда эркин жумуш кылуу, кыймылдап жүрүү сыяктуу жаран укуктарын тереңдетүү болуп эсептелет. Мына ошондуктан реформа жүргүзүү зарыл.

“Азаттык”: Сейитбек мырза, Шамил мырза айткандай баарын дароо баштоого болбойт экен. Ал эми силердин пландарыңар кандай?

Сейитбек Усманов: Азыр баштай берсе боло турган бир канча реформа бар. Айта кетсек, мамлекеттик каттоо кызматы 20 жыл ичинде бирдиктүү маалымат базасын түзбөптүр. Бул оор маселе, бирок бул маселеге карап эле отура бербестен башка реформаларды
баштай берсе болот.
Каттоо жаран укуктарына чек коёт. Бирок бул институттан аз убакыт ичинде арылуу өтө эле кыйын болуп калат.

Биздин өз ой-пикирлерибиз, сунуштарыбыз бар. Бишкекте жашаган адамга унаасын Таласка барып каттатуунун эмне кереги бар? Мындай мисалдар толуп жатат. Бул реформаларды ишке ашыра баштаса болот да, кандай ойлойсуз?

Шамил Атаханов: Болот, бирок баарын комплекстүү түрдө кылуу керек.

Сейитбек Усманов: Бирок баштаса болот. Бизде өкмөттүн мыйзам долбоору бар. Мен жөнөкөйлөрүнөн баштоону сунуш кылып жатам. Күтүүнүн кажети жок. Бардык жактан реформалоо керек.

Шамил Атаханов: Силер айткан жарандарды каттоону ишке ашыруу үчүн жарандарга төрөлгөндө эле идентификациялык номер берүү керек жана алардын жарандык абалы жөнүндө маалымат жалпы банкка берилип, ал жерден катталуусу керек.

“Азаттык”: Шамил мырза, сиз көйгөй бар болгонун айттыңыз. Ал эми реформаны качан баштайын деп жатасыңар?

Шамил Атаханов: Эң маанилүүсү биз суроону коюп, анын маңызын билип алдык. Башкача айтканда анын укуктук абалын, айрыкча, анын Кыргыз Республикасындагы уюштуруу абалын аныктадык.

“Азаттык”: Бизде көптөгөн талкуулар, чогулуштар өткөнүнө карабастан мунун баары жөн гана сөз болуп келет.

Шамил Атаханов: Жок, каттоону жоюу оңой жумуш катары көрүнөт. Ал эми анда көптөгөн мыйзам актылары жана Кыргызстандын элинин өмүрү байланган.
Каттоосу жок камактан жаза өтөп чыккандардын саны азыркы күндө республика боюнча 5000ге жетет. Алар ар бир кадамында көптөгөн көйгөйлөрдү башынан өткөрүп жүрө беришет.

Бул маселе менен бетме-бет тирешкенге чейин андан көп кабарым жок болчу. Бүгүнкү күндө бул суроону абдан көп көтөрүп жаткан “Адилет” мыйзам клиникасы ГРСтин келишим мамилесине кирди. Бул ушул системада реформалоо кылуунун абдан чоң элементи болуп эсептелет. Ал эми ГРС каржылоого муктаж болуп жатат.

Эгерде биз бул маселени бүгүнкү күндө маанилүү деп таап, бюджеттен реформалоого керектүү каражаттарды тапсак, анда долбоордун башталышы бар деп эсептей берсек болот. ГРСте ушул долбоорду жасаган абдан кыйын жаштар иштешет. Эгерде бул проект бир жыл ичинде ишке ашырылса, анда системаны жоюуга өтөбүз.

“Азаттык”: Сейитбек мырза, реформаны баштоо үчүн сиздердин институт кандай кадамдарды жасоодо? Силер ушул убакытка чейин вице-премьер-министрге же тиешелүү органдарга кайрылдыңыздар беле?

Сейитбек Усманов: Биз медия кампания өткөрүп жатабыз. Биз бул жөнүндө гезиттерде жана сыналгыда чагылдырып туруусун каалайбыз. Мисалга алсак, өткөн аптада сыналгы аркылуу 5 талкуу берилди, 10го жакын гезитке чыкты.
Мамлекеттик каттоо кызматы 20 жыл ичинде бирдиктүү маалымат базасын түзбөптүр. Бул оор маселе.

Көйгөйлөрдүн бири – көп бишкектиктер каттоону реформалоого каршы. Эгерде бул популярдуу эмес реформа болсо, анда саясатчыларга мунун эмне кереги бар? Ошондуктан биз бул реформанын популярдуу болушун каалайбыз. Бул калк арасында белгилүү боло баштады.

Бирок биз мунун бишкектиктер арасында жана интернетте да белгилүү болушун каалайбыз. Болбосо кээ бирлери эгерде бул каттоону жоюп сала турган болсок анда башаламандык болот деп коркушат. Менимче буга эч кандай негиз жок. Ошондуктан биздин реформада медиа кампания маанилүү ролду ойноп жатат.

Шамил Атаханов: Силер кыргызстандыктардын аябай маанилүү суроосун талкууга алып чыгыпсыңар. Мисалы, мен кечээ кандай болгонун билбесем, бүгүн силердин жардамыңар менен баарын биле баштадым.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG