Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Бишкекте АКШ жараны төрт жылга соттолду


Мекрей Брендон Корнелиус тергөөдө сурак берүүдө
Мекрей Брендон Корнелиус тергөөдө сурак берүүдө

Бишкектин Свердлов райондук соту бейбаштыкка шектелген АКШ жараны, “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун кызматкери, 29 жаштагы Мекрей Брендон Корнелиусту 4 жылга эркинен ажыратты.

Бир эмес үч кылмыш

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдиргендей, АКШ жараны Брендон Корнелиус ушул жылдын 9-мартында таңкы саат 5 чамасында мас абалында 22 жаштагы Жамиля аттуу кызга сексуалдык кызмат көрсөтүүнү сунуштап, талап кылган. Жамиля таксиге чейин чогуу отуруп алган бейтааныш мырзаны түз эле милиция имаратына алып келген. "Бирок ал жерде АКШ жараны милицияга каршылык көрсөтүп, эмеректерди сындырган",- дейт Токтошева:

- Корнелиуска милиция кызматкерлери келип автоунаадан тушүүсүн суранганда ал бир милицияны уруп, дагы биринин погонун жулуп алган. Аны милициянын бөлмөсүнө алып киришкенде иш үстөлүн сындырып, бейбаштык кылган.


Жогорку Соттун маалымат катчысы билдиргендей, Брендон Корнелиуска “Бейбаштык”, “Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү”, “Мүлктү зыянга учуратуу” сыяктуу Кылмыш-жаза кодексинин 3 беренеси боюнча иш козголуп, ал 9-март күнү эле Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок Корнелиус жабыркаган милициялардын чыгымдарын жана сынган эмеректи толук калыбына келтирип, кечирим сурагандан кийин жаза жеңилдеген экен:

- Милициялардын бардык чыгымдары төлөнүп, алар эч кандай дообуз жок деген кат беришти. Ошон үчүн аны бейбаштык беренеси үчүн гана 4 жылга күчөтүлгөн режимде түзөтүү колониясына эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Бирок АКШ жаранын милицияга тапшырган кыз эч кандай арыз жазган эмес. Ал эми Корнелиус өзү мас абалында болгонун, айрым бейбаштыктарга жол бергенин сотто мойнуна алган. Бул окуя тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кандайдыр бир билдирүү тарата элек, 2-июнда АКШнын Транзиттик борборунун командачысы Жон Миллард журналисттерге сүйлөп жатып бул окуяга алар баа бере албай турганын айткан:

- Жеке адамга байланышкан маселе тууралуу мен пикир айта албайм. Бул боюнча биздин коомчулук менен байланыш бөлүмү жооп берет.

Мыйзам боюнча эгерде айыпталуучу соттун чечимине макул болбосо 10 күндүн ичинде Шаардык сотко доо арыз менен кайрылышы керек. Корнелиустун абактагы бир күнү эки күн деп саналганы үчүн анын жаза өтөө мөөнөтү дагы 1 жыл сегиз айга созулат.

Бул окуя АКШнын Транзиттик борбору коштошуу иш-чараларын өткөрүп, “Манас” аба майданына жалпы баасы 30 млн. доллар турган имарат жана техникаларды кыргыз тарапка расмий өткөрүп берген учурга туш келди.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG