Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

"Ата Мекенди" коргогон митинг


"Атамекенчилердин" митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

"Атамекенчилердин" митинги

"Ата Мекендин" тарапкерлери апрель окуясынан кийинки талоончулук боюнча комиссия корутундусуна нааразы.

13-февралда Жогорку Кеңеш “Ата Мекен” партиясынын айрым депутаттары апрель ыңкылабынан кийинки талап-тоноолорго тиешеси бар-жогун аныктап жаткан учурда партия тарапкерлери Ак үйдүн алдына митингге чыкты. Ар кайсы булактарда миңден үч миңге чейин киши чогулду деп болжолдонуп жаткан бул митинг “атамекенчилерди" депутаттык комиссиянын негизсиз каралаган корутундусу жокко чыгарылсын деген талапты коюп, президентти калыс сөз айтууга чакырды.

Чогулгандардын алдына чыккан депутаттарды баштап келген “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев апрель ыңкылабы коргоого муктаждыгын айтты.

Акциянын жүрүшүн милиция көзөмөлгө алып турду. Митинг учурунда Чүй көчөсүнүн Ак үйдүн алдын кесип өткөн бөлүгү жабылып калды. Мындан улам шаардык прокуратура акция жолдо жүрүүгө жана транспорттордун ырааттуу каттамына тоскоолдук жасады деп, Тынч жүрүштөр жана митингдер жөнүндөгү мыйзамдын 6-беренесине ылайык тишиелүү чара көрүүнү шаардык милицияга тапшырды.

Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы Таалайгүл Турапбаева “Азаттыкка” буларды айтат:

- Элге ыңгайсыздык жаралып, коомдук тартип бузулуп жатат. Унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук болду. Биз мыйзамга ылайык тартипке келтиргиле деп шаардык милицияга сунуш бердик.

Шаардык прокуратуранын бул тапшырмасынын негизинде азыр митингдин мыйзамдуу же мыйзамсыздыгын Ички иштер башкармалыгы териштирүүгө киришти.

Шаардык милициянын басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов митингчилер жолду тоспошу керек эле дейт:

- Биринчиден, алар жол тосконго акысы жок. Митинг өткөргөндөр башкаларга жолтоо болбошу керек. Бул боюнча административдик мыйзам бузуу каралып, биздин тиешелүү кызматкерлер иштеп жатат.

Буга чейин эле Бишкек мэриясы да нааразылык акциясы мыйзам бузуулар менен коштолуп жатат, шаардыктарга ыңгайсыздык түзүлдү деп билдирген болчу:

- Мурунку мыйзам боюнча митинг өткөргөндөр он күн мурун кат жөнөтүш керек эле, бирок азыр мындай болбой калган. Булар бизге билдирүү жиберген болчу. Бирок шаардыктарга ыңгайсыздык жаратпаш керек эле. Унаалар өтө албай турат. Балким тез жардам же өрт өчүрүү болуп калсачы - деди "Азаттыкка" Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева.

“Атамекенчилер” болсо өз кезегинде мындай дооматты төгүндөп, бардык аракеттер мыйзам чегинде болгондугун айтып жатышат. Нааразылык акциясын уюштурган активисттердин бири Тилек Жаныкеев жол тосууну мыйзам бузуу деп эсептебейт:

- Аягында эл абдан көбөйүп кетти. Депутаттар уксун деп анан жолго чыгып кетти окшойт. Менимче, бул мыйзам бузуу эмес.

Тынч жыйындар жана митингдер жөнүндөгү мыйзамдарда нааразылык акциялары жергиликтүү бийликке маалымдоо аркылуу эркин өткөрүлөрү жана ошол эле учурда башкаларга тоскоолдук кылууга болбой тургандыгы белгиленген.

"Ата Мекендин" депутаттарын талап-тоноочулук боюнча айыптоону токтотуу, апрель ыңкылабын коргоо талаптары коюлган митинг түшкү саат бирлерде аяктап, аянтка чогулгандар тарап кетти.

Бул күнү апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулук боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун караган Жогорку Кеңеш комиссиянын корутундусу жана бул жыйынтыкка макул болбой, өзүнчө пикир билдирген депутаттардын билдирүүлөрү кайра тергөөгө жөнөтүлсүн деп чечти.


Митингден сүрөт баян

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG