Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:46

Эркиндик

Абактардагы ачкачылык уланууда

Бүгүн бир катар аймактарда камактагылардын жакындары да абактардагы соңку абалга кооптонуп, нааразылык акциясына чыкты.

Жүктөө

26-мартта Бишкектеги Жаза өтөө кызматына караштуу №1 тергөө абагында камакта отургандарын 50-60 чакты жакындары нааразылык акциясын уюштурду.

Текст көлөмү - +
Жаза өтөө кызматы түрмөлөрдөгү жагдайды тынч жол менен жөнгөрүү үчүн аракеттер жасалып жатканын билдирүүдө.

26-мартта Бишкектеги Мамлекеттик жаза өтөө кызматына караштуу №1 тергөө абагында камакта отургандарын 50-60ка жакын жакындары нааразылык акциясын уюштурду. Алар камакта отурган жакындары тамак-аш менен толук камсыз болбой жатканын жана кармоочу жай начар абалда экендигин айтышууда. Мындан тышкары, алар камактагыларга зордук-зомбулук көрсөтпөөгө чакырууда.

№1 тергөө абагында жаткан иниси үчүн чоочулап, абакка келген Анаш Тойгожоева мындай пикири менен бөлүштү:

- Азыр бизге бул жердеги абактын жетекчиси чыкты. Биз шарттар менен таанышып чыктык. Ал жетекчи уруп-согуу жок деди. Ага кепилдик берейин деди. Анан биз ал жерден чыксак эле, бизге чалып жатышат. Уруп жатат, эмне деп сүйлөштүңөр эле дешип.

Ново-Покровкадагы №3 түрмөдө жаткандардын элүү чамалуу жакындары да акыркы жагдайлардан улам түрмөнүн айланасында чогулушту. «Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай, алар өтүп жаткан ачкачылык акциясына байланыштуу абактагы жакындарына карата күч колдонулушу мүмкүн деп кооптонууда.

Жаза өтөө кызматынын жетекчи орун басары Калыбек Качкыналиевдин «Азаттыкка» билдиришинче,  №1 жана №8 колонияда жаткандардын жакындары да ушундай эле талаптарын билдиришкен. Анын айтымында, учурда абактардагы абалды жайгаруу үчүн аракеттер жасалууда. Абактагыларга күч колдонулган жок, тамак-аш өз маалында берилүүдө. Камактагылардын ичинде тамак ичкендери да, андан баш тарткандары да болууда:

- Абактагылардын жакындары койгон кээ бир талаптары жөндүү. Аларды биз аткарышыбыз керек. Кээ бирлери жөнсүз эле. Жөндүү делгендери, маселен, биздин арабызда пара алды деген кызматкерлер болуп жатпайбы. Буга байланыштуу беш-алты кызматкерге иш козголду. Мен айтып жатам, эгер маалымат болсо билдиргиле деп.

Кыргызстандагы бир катар түрмө жана убактылуу кармоо жайларындагы ачкачылык акцияларынын экинчи күнү уланууда. «Азаттыкка» Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайында жаткан, өзүн «Аксакал» деп тааныштырган адам байланышка чыгып, айрым талаптары менен бөлүштү:

- Милиция органдары жөнү жок, адамдарды урбай, мыйзамдын жолунда кылмышкер болсо, аны кармаш керек. Күнөөлөр толук далилденсин. Сот органдары туура чечим чыгарып берсин.

Абактагыларды айрымдары түрмөлөрдө шарттардын жакшырын да талап кылышууда. Деген менен Мамлекеттик жаза өтөө кызматы абактагы соңку жагдайларды кылмыш дүйнөсүнүн айрым төбөлдөрүнүн аракети катары сыпатташууда. Буга өлкөдө уюшма кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш себеп болгону айтылууда.

Абактардагы ачкачылык иш-чаралары 26-мартта башталган эле. Жаза өтөө кызматы кечээ онго чукул түрмөдө жана алты тергөө абагында ачкачылык башталганын кабарлаган. Абакта отургандардын баары жапырт эмес, айрымдары гана бири-бирине тилектештигин билдирип ачкачылык кармап жатканы, бул аракеттерди жөнгөрүү үчүн штаб түзүлгөнү белгиленген. Расмий маалыматка ылайык, кыргыз түрмөлөрүндө 10 миңге жакын адам кармалып турат.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мусулман каяктан: Бишкек
27.03.2011 15:57
Урматтуу мусулман бир туугандар,качан биз Кудайдын эрежеси менен жашамай сайын,адилеттик болбойт
Пикирге жооп

кимден: Гордый кыргыз каяктан: Кыргызстан
27.03.2011 21:37
Аны учун биздин баардык жетекчилер Аравияга сыйынууга барып келгенге туура келет, беш маал намаз окушу керек, а баарынын мойнунда куноосу турса Ыйык жерди баскандан коркушат да!

кимден: Акчал
27.03.2011 13:26
Кыргызстандын келечегини күндөн күнгө туман каптап бара жатат.Минте берсек кайсы туңгуюкка барабыз кудай билет,мыйзамды сыйлай турган,мыйзам чегинде жашай турган кишилер күндөн күнгө азайып жатат.Мыйзамды жазып жаткан депутаттарыбыз баш болуп "понятие" менен жашап калышты."Фабула" газетасына А.Сулайманов деген депутат мактанып интеррвью бериптир,мен эч кимге баш бербеймин,коркпоймун "40 чоро " сыяктуу жигиттерим бар деп,депутаттар минтип жүргөн соң калганын айтпай эле коёлу.Президент,өкмөттүн кээ бир атка минерлерибизге тиши өтпөгөнүн көрүп эле жүрөбүз,качан мыйзам жогору жактагылар мыйзам чегинде иштей баштаса,ылдый жактагылар да мыйзам чегине кирет.Азыр кыргызстан 20 жыл мурунку Тажикстандын абалында турат,ОТО башкарып тургандай(полевой командирлер башкарып тургандай).
Абактагылардын тууган- уруктарынын пикетке чыгышы келжиректик,абак эмне аларга курорт-санаториябы?

кимден: Эрулан каяктан: Кыргызстан
27.03.2011 11:45
Урматтуу окурмандар,олум жазасы кылмыш кодексинде корсотулгондой колдонулат.Ал турмонун баарына эмес,ото коркунучтуу кылмышкерлерге колдонулат,м: Камчы Колбаев, Анапияев Алманбет ж.б.у.с.

кимден: Адам каяктан: Баткен
27.03.2011 10:33
Эми киши олтургон, ууру кылгандарга мамлекет Хаяттан жай алып берсин анда. кечке жеп-ичтирип, пастелин утуру алмаштырып, интернет орнотуп, стрип клуб ачып берсин анда. мамлекет азыр ооруканага пастел таап бере албай жатканда. аларды тоолуу аймакка алып келип канал каздырыш керек, трактор сатып албай жол салдырыш керек алага

кимден: Amina каяктан: evropa
27.03.2011 02:23
Эрулан-siz janiliwip jatasiz al jerde kunoolu adamdar jana kunoosuz adamdar bar,ozubuz ki4inekei kalk bolsok bizge olum jazasinin emne keregi bar.Al jerde jalan karapaim adamdar kop4ulugu,bailar bolso ak4anin ku4u menen 4igip ketiwet,bizde korupsia degen jakwi onukkon.Amerikaga takir tenebe4i kenedei KIRGIZSTAnibizdi.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.03.2011 02:03
Аксакал эгер сен жакшы жашагын келсе ты новерно ошибся дверю курорт тебе надо или хочешь тебе как курорте кормили.

кимден: АДИЛЕТ каяктан: Москва
27.03.2011 01:51
Бизде демократия чересчур коп болуп кеткен жокпу ууруну колдоп ачкачылык жарыялап .Жалал-Абада ОПГны колдоп пикетке чыгып кайсыл мамлекетте бар ушундай айткылачы ЭХ КЫРГЫЗЫМ КЫРГЫЗЫМ

кимден: АДИЛЕТ каяктан: МОСКВА
27.03.2011 01:39
Айнанайын кыргыз калкым эжемин 15 жылга камалган иниси кыргызстанды коргоп же жакшылыктан отурган жокта вор должен сидеть тюрме биздин кембагал мамлекетибиз мынча начар адамды бага албайт атыш керек буларды прилюдно АЛА-ТОО аянтында.

кимден: Amina каяктан: evropa
27.03.2011 00:02
Ailanain Kyrgyz elim bizdin okmot emne kilip jatat,mektebibizde reket4ilik koboiso,jokerleribizdi olturup jatiwsa emi turmodogu adamdardi da jon koiboi kinagani tuura emes da,adilettikti kantkende tababiz bizge kim jardam beret,kimge kairilabiz,kandai kun turat aldibizda.Bala bakiranin kele4egi emne bolot,je temselep olkobuzdon 4igip ketebizbi.Kamalip jatkan baikuwtardi urup sababai ele koiuwpaibi,ansiz dele ozdoru aran jurgondo.

кимден: Эрулан
26.03.2011 23:53
Кылмышкерлерге олум, Элге тынчтык! Андай болбосо Кыргызстанда эч качан тартип, тынчтык, туруктуулук,биримдик болбойт. Олум жазасын кайра иштетуу керек. Америка бизден алып салып озу Саддам Хусейнди телеге корсотуп туруп асып салды.Миндеген адамдарды жашыруун турмолордо мыкаачылык менен олтуруудо.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине